ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 98
Орозбеков айылынын Жошолу көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Орозбеков айылынын Жошолу көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу боюнча активист М.Полотовдун билдирүүсүн угуп, бул маселе Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралаганын эске алуу менен айыл аймактагы көчөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айылынын Жошолу көчөсүнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жыл башына калган бюджеттин калдыгынан суралган акчанын 50% сы болгон 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын ажыратып берүү жагы Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго милдеттендирилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө ажыратылган акча каражатын Жошолу көчөсүнүн инфраструктурасын жакшыртууга максаттуу пайдалануу жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |