Редакцияот 01.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 01-февралы № 95

 

Күлдү айылынын өнүктүрүү комитетинин төрайымы Н.Ысакованын кайрылуусу жөнүндө

Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Каримовдун “Күлдү айылынын өнүктүрүү комитетинин төрайымы Н.Ысакованын Кулдү айылына KOIСA уюму тарабынан курула турган ФАПтын курулушуна бюджеттен өкмөттүн салымы катары акча каражатын бөлүп берүү жөнундө“ кайрылуусу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жыл башына калган бюджеттин калдыгынан Күлдү айылына курула турган ФАПтын курулушуна өкмөттүн салымы катары

2. 1500 000 ( бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылып, акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

Орозбеков айылдык

кеңешинин төрагасы:

О.Ибрагимов