Редакцияот 01.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 01-февралы № 92

 

Мамлекеттик ипотекалык компанияга көп кабаттуу турак жай куруу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнундө

Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин Орозбеков айыл аймагында туруктуу жашаган 3000 ден ашык жарандарды турак жай менен камсыздоо максатында, ипотекалык компаниялар аркылуу турак жай куруу учун жайыт жер аянтын трансформациялоо боюнча билдирүүсун угуп, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы №75” КР “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын бекитүү жөнундөгү” токтомун ишке ашыруу максатында, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө айылынын күнгөй тарабындагы Асанбай жайлоосунун астынан, жайыт жеринин эсебинде турган 100 гектар жер аянтын турак жай куруу үчүн калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Орозбеков айылынын Зар участкасына жайкана куруу үчүн Пешкаут жайлоосунун астынан 5 га жайыт жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.

 

3. Орозбеков айыл өкмөтүнө жер аянттарын трансформациялоо боюнча тийешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы жана мамлекеттик ипотекалык компаниялар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруу жагы милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Орозбеков айылдык

кеңешинин төрагасы:

О.Ибрагимов