ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 89
Орозбеков айыл аймагынын жергиликтүү салыктар үчүн коэффициентин бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2022-жылдын 18-январында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 412-беренесинин 2-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кенеши токтом кылат:
1. Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондундагы жерлердин салыктары топурактын бонитетинин баллын эске алуу менен төмөнкү тарифтер бекитилсин:
1 га жер аянтына: сугат айдоо 156 (жүз элүү алты) сом, ижара акысы 2500 ( эки миң беш жүз) сом; кайрак айдоо 41(кырк бир) сом, ижара акысы 2000 (эки миң) сом; бак 150 (жүз элүү сом) сом,ижара акысы 2167 (эки миң бир жүз алтымыш жети) сом; чөп чабынды 25 (жыйырма беш) сом,ижара акысы 1000( бир миң ) сом.
.
2. Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн алынуучу салыктарга 1,2 коэффициент бекитилсин.
3. Өздөштүрүлуп, убактылуу пайдаланууга жана жеке менчикке которулган айыл чарба багытында жер салыгына гектарына 1200 (бир миң эки жүз) сом бекитилсин.
4. Калктуу конуштардагы жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторунан тышкары, ашыкча жер участогунун салыгы келишимдин негизинде ижара акысы гектарына 2000 (эки миң) сомдон төлөнсүн.
5 .Таштандыларды чыгаруу салыгы 50 (элүү) сомго калтырылсын.
6 .Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн жана көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |