ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 85
Орозбеков айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин айыл өкмөтүнүн 2022-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылыш абалы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин айыл өкмөтүнүн 2022-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнө (А.Алиевге) 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш-чараларын ишке ашырууда кошумча каржы булактарын табуу жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер, социалдык маселелер жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |