Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 20-октябры № 291
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктта "22-декабрына" деген сөздөр "25-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |