Редакцияот 28.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Чолпон-Ата шаардык кеңеши

 

XXXI кенештин чакырылышыXX сессиясы

 

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын октябрь айынын 14  №31-20/1

 

 

 

Чолпон-Ата шаарынын борбордук Совет көчөсүнүн түндүк жана түштүк тарабында жайгашкан көрүстөндөргө жашыл бак-дарактарды

отургузуу боюнча

 

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 3-октябрындагы  №01-8/2515 негизинде, «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамынын,  Чолпон-Ата шаарынын тургундары менен болгон коомдук угуунун 2025-жылдын 2-октябрындагы протоколуна, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтиятынын катына, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы мекемесинин 2025-жылдын 9-октябрындагы №142-4/2025 корутундусуна, Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2025-жылдын 2-октябрындагы №01-4-658 катына, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди  пайдалануу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

 

  1. Чолпон-Ата шаарынын борбордук Совет көчөсүнүн түндүк жана түштүк тарабында жайгашкан көрүстөндөрдүн (№2-03-05-0006-2017, №2-03-05-0006-1935) ордуна жашыл бак-дарактарды отургузууга макулдук берилсин.

 

  1. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

  

 Төрага                                                                         Э.М.Молдобеков