Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 458 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июлу № 443
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасын орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 74-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүдө 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн бекитилген макроэкономикалык параметрлерин негиз катары алсын.
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):
1) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзсүн жана ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин;
2) экономикалык өсүштүн темптеринин максаттуу көрсөткүчтөрүн камсыз кылуу үчүн тейлеген багыттары боюнча өндүрүштүн жана ресурстардын кошумча резервдерин табуу боюнча толук чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) квартал сайын Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын жалпыласын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен отчеттук мезгил үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндө маалымат берсин;
2) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий веб-сайтына жарыяласын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 344 “2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |