Редакцияот 17.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 2025-жылдын 17-октябры № 223

 

Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясы ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялоо жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Эл аралык эмгек бюросунун башкы директоруна депонирлесин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 25-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган