Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 20-октябры № 224
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
141-берененин 1-бөлүгүнүн 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коммерциялык эмес жана коомдук уюмдары, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери, I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын ата-энелери жана камкорчулары - сотко коюлуучу бардык доолор боюнча;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 17-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |