Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-октябры № 671
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясын ишке ашыруу максатында, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлери:
- төмөнкүдөй мазмундагы 26-глава менен толукталсын:
"26-глава.
Пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жаатындагы ишкердик иштин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери
95. Ушул критерийлерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) көзөмөлдөө жана контролдоо субъекттери - пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар: фумигациялык, аэрозолдук, авиациялык жана жердеги ыкмалар менен өндүрүү, сатуу, сактоо, ташуу, колдонуу, ошондой эле пестициддерди жана агрохимикаттарды зыянсыздандыруу жана утилдештирүү;
2) пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жаатындагы тобокелдик - пестициддерди жана агрохимикаттарды пайдалануу менен иш-чараларды жүзөгө ашырууда анын кесепеттеринин оордук даражасын эске алуу менен адамдын жана жаныбарлардын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө жана өсүмдүктөргө зыян келтирүү ыктымалдыгы.
96. Милдеттүү талаптарды сактабоонун мүмкүн болуучу терс кесепеттеринин келип чыгуу ыктымалдыгын жана оордугун эске алуу менен пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо объекттери жогорку, орточо жана анча чоң эмес тобокелдик категорияларына киргизилүүгө тийиш.
97. Көзөмөлдөө жана контролдоо субъекттерин тобокелдик даражалары боюнча киргизүү объективдүү критерийлердин негизинде - баштапкы бөлүштүрүүдө жана субъективдүү критерийлерде - андан кийинки бөлүштүрүүдө жүзөгө ашырылат.
98. Баштапкы бөлүштүрүүдө көзөмөлдөө жана контролдоо субъекттери тобокелдиктин 3 даражасына бөлүнөт:
1) жогорку даражадагы тобокелдик тобуна төмөнкүлөрдү жүргүзүүчү көзөмөлдөө субъекттери кирет:
- пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүү боюнча иш;
- пестициддерди фумигациялык жана аэрозолдук ыкмалар менен колдонуу боюнча иш;
- санитардык-коргоо зонасынын тышкы чек арасы сууну коргоо зоналарына, балык чарбалык маанидеги суу объекттерине, калктуу конуштарга, ичүүчү суу менен жабдуу булактарын санитардык коргоо зоналарына, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына чектеш аймактарда жайгашкан объекттерде пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу боюнча иш;
2) орточо даражадагы тобокелдик тобуна төмөнкүлөрдү жүргүзүүчү көзөмөлдөө жана контролдоо субъекттери кирет:
- пестициддерди жана агрохимикаттарды авиациялык жана жердеги ыкмалар менен колдонуу боюнча иш;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сатуу боюнча иш;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сактоо боюнча иш;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды ташуу боюнча иш;
3) анча чоң эмес даражадагы тобокелдик тобуна тыюу салынган жана жараксыз пестициддерди жана агрохимикаттарды жана алардын идиштерин зыянсыздандыруу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу көзөмөлдөө жана контролдоо субъекттери кирет.
99. Башында объективдүү критерийлер боюнча жогорку жана орточо тобокелдик даражасына киргизилген көзөмөлдөө жана контролдоо субъекттери тобокелдиктин төмөн турган тобуна которулууга тийиш эмес.
100. Көзөмөлдөө жана контролдоо субъекттерин андан кийинки бөлүштүрүү орун алган тартип бузууларды эске алып, төмөнкүдөй баллдарды ыйгаруу менен жүзөгө ашырылат:
1) пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- химиялык өнөр жайда өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу (анын ичинде технологиялык регламенттер, ишканадагы авариялык шарттарды жоюу планы, өндүрүштүк контролдоо планы ж.б.) - 10 балл;
- химиялык өнөр жайда өрткө каршы коопсуздук талаптарын бузуу (анын ичинде жарылуучу блоктордун коркунучун азайтуу боюнча чаралар, технологиялык системанын ичинде гана эмес, бүткүл өндүрүштө жарылууларды, детонацияларды болтурбоо боюнча чаралар) - 10 балл;
- система бузулган учурда тышкы чөйрөгө коркунучтуу, уулуу жана радиоактивдүү чыгаруулардын алдын алуу эрежелерин жана ченемдерин бузуу - 10 балл;
- химиялык өнөр жайда коопсуздук техникасын сактабагандыгы (анын ичинде желдетүүнүн, жарыктандыруунун, пандустардын, атайын төш белгилеринин, пиктограммалардын, коопсуздук чараларын көрсөтүү менен эскертүүчү белгилердин ж.б. болушу) - 10 балл;
2) пестициддерди фумигациялык жана аэрозолдук ыкмалар менен колдонуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- колдонулган пестицидге ылайык коопсуздук техникасы жана эмгек гигиенасы боюнча талаптарды сактабагандыгы - 10 балл;
- жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болгон жана атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксаты бар атайын отряддардын коопсуздук чараларын сактабагандыгы - 10 балл;
- адамдар туруктуу жашаган турак жана өндүрүштүк жайлардан, темир жол жана автомобиль магистралдарынан талап кылынган аралыкта жайгашкан объекттерге газация жүргүзүү боюнча талаптарды жана чараларды сактабагандыгы - 10 балл;
- абанын тиешелүү температурасында (имараттын сыртында жана ичинде) жана абанын кыймылынын ылдамдыгында объекттерди фумигациялоодо талаптарды жана чараларды сактабагандыгы - 10 балл;
- объекттерди дегазациялоо боюнча талаптарды жана чараларды сактабагандыгы - 10 балл;
3) санитардык-коргоо зонасынын тышкы чек арасы сууну коргоо зоналарына, балык чарбалык маанидеги суу объекттерине, калктуу конуштарга, ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын санитардык коргоо зоналарына, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына чектеш аймактарда жайгашкан объекттерде пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу боюнча иш:
- пестициддер жана агрохимикаттар менен иштөө чөйрөсүндө иштеген чарбакер субъекттердин шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын күтүүгө, суу объекттерине, ичүүчү сууга жана ичүүчү суу менен камсыздоого, атмосфералык абага, кыртышка, турак жайларга, өндүрүштүк, коомдук жайларды эксплуатациялоого, санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактабагандыгы - 10 балл;
- пестициддер жана агрохимикаттар колдонулган күнгө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен пландалган иштер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу иштетилүүгө тийиш аймактар менен чек арада жашаган калкка кабарлоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү - 10 балл;
- пестицидди колдонуу боюнча регламентте көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда аарылардын учуп кетүүсүн болтурбоо зарылдыгы жөнүндө бал челектердин ээлерин маалымдоо боюнча чараларды көрбөгөндүгү - 5 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу регламентинде аныкталган жана адамдын ден соолугу жана анын жашоо чөйрөсү үчүн алардын коопсуздугун камсыз кылуучу мөөнөт аяктагандан кийин алынууга тийиш болгон коопсуздуктун эскертүүчү белгилерин орнотуу чараларын көрбөгөндүгү - 5 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды жерде иштетүүдө калктуу конуштардан, ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынан, калк эс алуучу жайлардан шамалдын чыгышын эсепке алып, тиешелүү аралыкты (300 метрден кем эмес) сактабагандыгы - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды авиациялык иштетүүдө калктуу конуштардан, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынан, мамлекеттик коруктардын, жаратылыш (улуттук) парктарынын, заказниктердин аймактарынан, мал короолорунан, канаттуулар фермаларынан, балык чарба көлмөлөрүнөн (2 км кем эмес); бал челектер туруктуу жайгашкан жерлерден (5 км кем эмес); айыл чарба иштерин аткаруучу жерлерден (2 км кем эмес) аралыкты сактабагындыгы - 10 балл;
4) пестициддерди жана агрохимикаттарды авиациялык жана жердеги ыкмалар менен (фумигациялык жана аэрозолдук ыкмаларды кошпогондо) колдонуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- химиялык иштетүүнүн коопсуздугун жана сапатын камсыздоочу пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу үчүн менчик же ижара укугунда атайын техниканын жана жабдуулардын жоктугу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуунун катталган регламенттерине (сарптоо ченемине, иштетүүнүн ыкмасына жана эселүүлүгүнө, чектөөлөргө) ылайык эмес колдонуу - 10 балл;
- жер үстүндөгү аппаратураны колдонууда шамалдын ылдамдыгы 3 м/с ашпаган жана авиацияны колдонууда 2 м/с ашпаган учурда таң эрте жана кечинде пестициддерди өсүмдүктөргө чачуу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу боюнча иштерди жүргүзүүдө жеке коргонуу каражаттарынын жоктугу - 10 балл;
5) пестициддерди жана агрохимикаттарды сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- айыл, токой жана коммуналдык чарбаларда колдонуу үчүн пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүчү ишкананын (же анын расмий өкүлүнүн) кампасынан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген талаптарга жооп берген пестициддерди жана агрохимикаттарды сактоо жана берүү үчүн атайын арналбаган кампадан сатууну ишке ашыруу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сактоо боюнча кампага менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн же кампага ижара келишиминин жоктугу - 10 балл;
- пестицидди (пестициддерди) жана агрохимикатты (агрохимикаттарды) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жоктугу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүшчүнүн идишинде коопсуз пайдалануу чаралары жөнүндө, анын ичинде пестициддерди жана агрохимикаттарды зыянсыздандыруу жөнүндө маалыматтар жана алардын идиштери жөнүндө тиешелүү маалымат болбогондо керектөөчүлөргө пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүчүнүн идишинде берүү - 10 балл;
- мөөнөтү өтүп кеткен пестициддерди жана агрохимикаттарды берүү - 10 балл;
- сатылуучу пестициддердин жана агрохимикаттардын идишинин бүтүн эместиги, пестициддердин жана агрохимикаттардын идишинин бүтүндүгү бузулган учурда аларды кайра таңгактоо боюнча чараларды көрбөгөндүгү - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сатуу менен байланышкан иштерде жеке коргонуу каражаттарынын жоктугу - 10 балл;
- тиешелүү (агрономиялык) билими бар квалификациялуу адистин жоктугу - 10 балл;
- бакчалардагы жана огороддордогу зыяндуу организмдерге каршы күрөшүү үчүн, ошондой эле үй кемирүүчүлөрүнө каршы күрөшүү үчүн арналган пестициддерди жана агрохимикаттарды адистештирилген азык-түлүк эмес чекене соода дүкөндөрү аркылуу эмес, жеке көмөкчү чарбалардын шартында сатууга - 10 балл;
- сатууга келип түшкөн пестициддерди жана агрохимикаттарды эсепке алуу боюнча көктөлгөн жана номерленген китептин жоктугу - 5 балл;
6) пестициддерди жана агрохимикаттарды сактоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сактоо үчүн атайын кампа жайларынын же аларды ижарага берүү келишиминин жоктугу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сактоо үчүн кампа жайына санитардык-эпидемиологиялык корутундунун жоктугу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды идиштин этикеткасында каралган талаптарды, конкреттүү пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу боюнча сунуштарды колдонбостон сактоо - 10 балл;
- өзүнүн физикалык-химиялык касиеттери (учуусу, кычкылдануусу), өрт жана жарылуу коркунучу, реакциялык активдүүлүгү, сактоонун температуралык режимдери боюнча шайкеш келбеген пестициддерди жана агрохимикаттарды бирге сактоо - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды тамак-аш азыктары, тоют, ичүүчү суу менен бирге сактоого жол берүү - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды кампада жапырт сактоого жол берүү - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды имараттын дубалдарына чейинки ортосундагы аралыгы бир жарым метрден кем болбоого тийиш болгон поддондорду жана стеллаждарды колдонбостон сактоо - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды мүшөктөрдө, пластик канистрлерде, металл барабандарда, сыйымдуулугу беш литрден ашпаган челектерде, картон жана полимер кутуларда, флягаларда сактоодо штабелдин бийиктигине үч ярустан жогору уруксат берүү - 10 балл;
- сакталган пестициддердин жана агрохимикаттардын идиштеринин этикеткаларында көрсөтүлгөн дезактивациялоочу каражаттардын керектүү санынын жоктугу - 10 балл;
- сакталуучу пестициддердин жана агрохимикаттардын санынын кампа жайынын сыйымдуулугуна шайкеш эместиги - 10 балл;
- текчелерде пестициддер менен агрохимикаттарды жарактуулук мөөнөтү жана сактоого кирүү мөөнөтү боюнча классификациялоонун жоктугу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сактоо менен байланышкан иштерде жеке коргонуу каражаттарынын жоктугу - 10 балл;
- кампада тартуучу жана соруучу желдетүүнүн жоктугу - 10 балл;
- кампаларда жүктөө-түшүрүү иштерин механизациялоонун (штабелдердин, монорельстердин, кран-балкалардын, электрокарлардын, автомобиль жүктөгүчтөрүнүн, арабалардын жана автокарлардын) жоктугу - 5 балл;
- сактоого келип түшкөн пестициддерди жана агрохимикаттарды эсепке алуу боюнча көктөлгөн жана номерленген китебинин жоктугу - 5 балл;
7) пестициддерди жана агрохимикаттарды ташуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- пестициддерди жана агрохимикаттарды ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражатынын же пестициддерди жана агрохимикаттарды менчик же ижара укугунда колдонуу үчүн атайын техниканын жана жабдуулардын жоктугу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды ташууну өндүрүүчүнүн жылчыксыз эмес идишинде жүргүзгөндүгү - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды атайын жабдылбаган жана тиешелүү маркалоосу жок транспорт каражаттарында транспорттун ар кандай түрлөрүндө колдонулган кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин талаптарына ылайык келбегенде, анын ичинде ташууда кооптуулук жөнүндө маалымат системасынын авариялык карточкасы ("Абайлагыла - пестициддер") болбогондо - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды, дарыланган үрөндөрдү жана тамак-аш азыктарын, тоютту, ичүүчү сууну бирге ташуу үчүн транспорт каражаттарын пайдалануу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды ташуу үчүн, тамак-аш азыктарын, тоютту, ичүүчү сууну андан ары ташуу үчүн мурда пайдаланылган транспорт каражаттарын пайдалануу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды ташуу үчүн мурда пайдаланылган транспорт каражатын андан ары азык-түлүк эмес жүктөрдү ташуу үчүн алдын ала тазалабагандыгы жана зыянсыздандырбагандыгы - 10 балл;
- өзүнүн физикалык-химиялык касиеттери (учуусу, кычкылдануусу), өрт жана жарылуу коркунучу боюнча шайкеш келбеген пестициддерди жана агрохимикаттарды биргелешип ташуу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды ташууда транспорт каражатында бөтөн адамдардын болушу - 10 балл;
- бышык, пестициддерди өткөрбөөчү материалдардан жасалган тыгыз таңгакталган, дарыланган үрөндөрдү ташууда "дарыланган" деген так маркалоосу бар атайын идиштин жоктугу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды ташуу үчүн арналган транспорт каражатында нейтралдаштыруу каражаттарынын, өрт өчүргүчтөрдүн, кумдун запасынын, ошондой эле айдоочунун жана коштоп жүрүүчү персоналдын жеке коргонуу каражаттарынын жоктугу - 10 балл;
- ташылуучу пестициддердин жана агрохимикаттардын идиштеринин этикеткаларында жана коштоочу документтеринде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык ташуу аяктагандан жана пестициддер менен агрохимикаттардан бошотулгандан кийин транспорт каражатын алдын ала тазалоону жана зыянсыздандырууну ишке ашырбагандыгы - 5 балл;
- ташылуучу пестициддерди жана агрохимикаттарды эсепке алуу боюнча көктөлгөн жана номерленген китептин жоктугу - 5 балл;
8) пестициддерди жана агрохимикаттарды жана алардын идиштерин зыянсыздандыруу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- тыюу салынган жана жараксыз пестициддер менен агрохимикаттарды көмүү үчүн атайын сактоочу жайлардын (уу көмүүчү жайдын) жана алардын идиштеринин жоктугу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды берүүчүлөр (өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, сатуучулар) иштеп чыккан жана берген жарактуу эмес пестициддерди жана агрохимикаттарды зыянсыздандыруу методдорунун жана технологияларынын жоктугу - 10 балл;
- ар кандай коркунучтагы тыюу салынган жана жарактуу эмес пестициддерди жана агрохимикаттарды атайын сактоочу бункерлерде (уу көмүүчү жайларда) бөлбөй көмүү - 10 балл;
- I коркунучтуулук классындагы тыюу салынган жана жарактуу эмес пестициддерди жана агрохимикаттарды темир-бетон бункерлерде эмес, капталдарынын калыңдыгы 10 мм кем эмес, толтурулганга чейин жана андан кийин жылчыксыздыгын эки жолу контролдоо менен толтурулган контейнердин массасы 2 тоннадан ашкан жылчыксыз эмес атайын металл контейнерлерде көмүү - 10 балл;
- контейнерде тыюу салынган жана жарактуу эмес пестициддин жана агрохимикаттын аталышын өчпөс боёк менен көрсөтүп, контейнерге тыюу салынган же жараксыз пестициддин бирден ашык түрүн же бирден ашык химиялык топтун өкүлүн жайгаштыруу - 10 балл;
- чыпкалоо коэффициенти секундасына 10-8 сантиметрден ашкан (мындан ары - см/сек) кыртышта сууда эрибей турган I коркунучтуулук классындагы жана сууда эрий турган II жана III коркунучтуулук классындагы тыюу салынган жана жарактуу эмес пестициддерди 1 метрден аз катмардын түбү жана жантайыңкы жерлери боюнча көмүү - 10 балл;
- сууда эрибей турган тыюу салынган жана жарактуу эмес пестициддердин II жана III коркунучтуулук классындагы суу өткөрүүчү кыртышы бар котловандарда көмүү, аларда чыпкалоо коэффициенти 10-7 см/сек ашкан жана катмарынын жантаймасы 1 метрден аз катмардагы бырышкан чоподон жасалган экран каралган - 10 балл;
- калыңдыгы 0,5 метрден кем эмес тыгыздалган катмар менен түбү жана капталдары жылууланган, 10-5 см/сек ашкан өткөргүч кыртышы бар котловандарда тыюу салынган жана жарактуу эмес, IV коркунучтуулук классындагы пестициддерди көмүү - 10 балл;
- экинчи коркунучтуулук классындагы пестициддерди полимердик материалдардан жасалган көп катмарлуу идишке атайын кошумчасы жок таңгактоо (пестициддин өзгөчөлүгүнө жараша) - 10 балл;
- ченемдик документтердин талаптарына жооп бербеген идишке салынган таңгагынын бүтүндүгү бузулган пестициддерди кайра таңгактоо - 10 балл;
- пестициддердин кагаз же жыгач идиштерин өрттөө жолу менен жок кылуу үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган жерлерде күйүп жаткан кошулмалардын уулуу эмес (кооптуу эмес) заттарга чейин ажырашын камсыз кылуучу жогорку температурадагы орнотмолордун жоктугу - 10 балл;
- пестициддердин жана агрохимикаттардын идиштерин өрттөөдө газ түрүндөгү булгоочу заттардын жана күлдүн чыгуусуна үзгүлтүксүз контролдун жана мониторингдин жоктугу - 10 балл;
- утилдештирүүнүн же жок кылуунун алдында конкреттүү пестициддерди зыянсыздандыруу (утилдештирүү, жок кылуу) боюнча сунуштарда баяндалган талаптарга ылайык келбегенде металл идишти жана полимердик материалдардан жасалган пестициддердин атайын идишин зыянсыздандыруу - 10 балл;
- атайын сактоочу жайлардын (уу көмүүчү жайлардын) айланасында химиялык коркунучтун эскертүүчү белгилери бар тосмолордун жоктугу - 10 балл;
- инвентаризациялоо субъекттеринин тыюу салынган жана жарактуу эмес пестициддерди жана алардын идиштерин көмүүнү жүргүзбөгөндүгү - 10 балл;
- тыюу салынган, жарактуу эмес пестициддерди жана агрохимикаттарды жана алардын идиштерин зыянсыздандырылганга чейин убактылуу сактоо үчүн кампанын жоктугу - 10 балл;
- тыюу салынган, жарактуу эмес пестициддерди жана агрохимикаттарды жана алардын идиштерин так маркалоосу бар бүтүн идиште сактоо шарттарын сактабагандыгы - 10 балл;
- тыюу салынган, жарактуу эмес пестициддерди жана агрохимикаттарды жана алардын идиштерин жүктөө, түшүрүү үчүн механизациялоо каражаттарынын жоктугу - 10 балл;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды зыянсыздандырууга катышкан кызматкерлердин жеке коргонуу каражаттарынын жоктугу - 10 балл;
- зыянсыздандырылууга (утилдештирүүгө, жок кылууга) тийиш болгон пестициддерди борборлоштуруп сактоо үчүн тиешелүү шарттары бар кампаларга бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол берүү - 5 балл;
- андан ары пайдаланууга жарактуу эмес пестициддерди зыянсыздандыруу (утилдештирүү, жок кылуу) актысынын жоктугу, анда уюмдун аталышы, зыянсыздандырылган пестициддин аталышы, анын саны, зыянсыздандыруу орду жана ыкмасы, ишти аткарууга жооптуу адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт - 5 балл;
- субъектте тыюу салынган, көмүүгө алып келинген жарактуу эмес пестициддерди жана агрохимикаттарды жана алардын идишин эсепке алуу боюнча көктөлгөн жана номерленген китептин жоктугу - 5 балл.
101. Тобокелдиктин бир деңгээлиндеги көзөмөлдөө жана контролдоо субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнү пландоонун артыкчылыгын аныктоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүү боюнча ушул иштин түрүн мурда лицензиясыз жүргүзгөн субъекттер;
- I жана II коркунучтуулук классындагы пестициддерди чыгаруучу субъекттер;
- чоң өндүрүштүк кубаттуулугу бар субъекттер;
- өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик зыяндуу организмдерге каршы колдонуу үчүн пестициддерди жана агрохимикаттарды чыгаруучу субъекттер;
- мурунку текшерүү процессинде укук бузуулар аныкталган субъекттер;
2) пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- пестициддерди жана агрохимикаттарды фумигациялык жана аэрозолдук методдор менен колдонуу боюнча ушул иштин түрүн мурда лицензиясыз жүргүзгөн субъекттер;
- I жана II коркунучтуулук классындагы пестициддерди колдонуучу субъекттер;
- өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик зыяндуу организмдерге каршы пестициддерди колдонуучу субъекттер;
- мурунку текшерүү процессинде укук бузуулар аныкталган субъекттер;
3) пестициддерди жана агрохимикаттарды сактоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- пестициддерди сактоо үчүн атайын кампа жайларына мурда санитардык-эпидемиологиялык корутунду бербеген субъекттер;
- I жана II коркунучтуулук классындагы пестициддерди сактоочу субъекттер;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды көбүрөөк сактаган субъекттер;
- өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик зыяндуу организмдерге каршы пестициддерди сактоочу субъекттер;
- мурунку текшерүү процессинде укук бузуулар аныкталган субъекттер;
4) пестициддерди жана агрохимикаттарды ташуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- пестициддерди жана агрохимикаттарды ушул иштин түрүнө мурда лицензиясыз ташуу боюнча иш жүргүзгөн субъекттер;
- I жана II коркунучтуулук классындагы пестициддерди ташуучу субъекттер;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды көбүрөөк көлөмдө ташууну ишке ашыруучу субъекттер;
- өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик зыяндуу организмдерге каршы пестициддерди ташууну ишке ашыруучу субъекттер;
- мурунку текшерүү процессинде укук бузуулар аныкталган субъекттер;
5) пестициддерди жана агрохимикаттарды сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сатуу боюнча иштин ушул түрүнө мурда лицензиясы жок иш жүргүзгөн субъекттер;
- I жана II коркунучтуулук классындагы пестициддерди сатуу боюнча иш жүргүзгөн субъекттер;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды көбүрөөк көлөмдө сатууну ишке ашыруучу субъекттер;
- мурунку текшерүү процессинде укук бузуулар аныкталган субъекттер;
6) тыюу салынган жана жараксыз пестициддерди жана алардын идиштерин зыянсыздандырууну жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн:
- тыюу салынган жана жарактуу эмес пестициддерди көмүү үчүн чоң идиштери бар субъекттер;
- контролдоо объекттери калктуу конуштардын жанында жайгашкан субъекттер;
- иштин ушул түрүн жүзөгө ашырууда мурда эреже бузуулар аныкталган субъекттер.
102. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тобокелдик даражасы тобокелдик факторунун даражасына ылайык келген баллды суммалоо жолу менен аныкталат. Баллдын санына жараша текшерүү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү аныкталат.
Календардык жылда экиден ашык даттануу болгон учурда даттанууларда көрсөтүлгөн тартип бузуу фактылары ырасталган шартта, субъект жогорку тобокелдик даражасына которулат.
Эгерде текшерүүлөрдүн натыйжасында аныкталган бузуулар четтетилбесе, субъект кыйла жогорку тобокелдик даражасына которулат.
Тобокелдик критерийлери боюнча балл жалпы суммалык жыйынтыкты аныктоо үчүн суммаланат, алардын натыйжалары тобокелдиктин тиешелүү даражалары боюнча текшерилүүчү субъекттерди бөлүштүрүү үчүн төмөнкүдөй тартипте пайдаланылат:
1) жогорку тобокелдик тобуна текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 71 жана андан ашык балл топтогон текшерилүүчү субъекттер кирет;
2) орточо тобокелдик тобуна текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 41ден 70ке чейинки балл топтогон текшерилүүчү субъекттер кирет;
3) анча чоң эмес тобокелдик тобуна текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1ден 40ка чейинки балл топтогон текшерилүүчү субъекттер кирет.
103. Ишкердик субъектинин ишинин таржымалын чагылдыруучу баллдын саны белгилүү бир мезгил ичинде текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган Кыргыз Республикасынын пестициддерди жана агрохимикаттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын ишкердик субъекти аткарбаган учурлардын санына да жараша болот.
Субъекттин таржымалы | Балл |
Акыркы 3 жылда аныкталган учурлар | 20 |
Акыркы 5 жылда аныкталган учурлар | 30 |
Акыркы 7 жылда аныкталган учурлар | 50 |
Эскертүү: убакыттын ар бир мезгили үчүн белгиленген балл ушул критерийлердин 102-пунктуна ылайык ишкердик иштин тобокелдик даражасын аныктоонун жүрүшүндө белгиленген баллдын суммасына кошулат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |