Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 15-октябры № 218
2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарындагы калктуу конуштарда суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону жана алдын ала иштеп чыгууну каржылоо жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарындагы калктуу конуштарда суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону жана алдын ала иштеп чыгууну каржылоо жөнүндө гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 17-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |