Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябры № 643
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 16-1, 16-2-пункттар менен толукталсын:
"16-1. Камсыздандырылган турак жайга болгон менчик укугу камсыздандыруучудан башка жакка өткөн учурда турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) колдонулушу анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин автоматтык түрдө жаңы укук ээсинде сакталат.
16-2. Турак жайдын жаңы укук ээси өз каалоосу боюнча турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишимин башка камсыздандыруучу менен түзүүгө укуктуу.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |