Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-октябры № 674
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 34-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.”.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |