Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 690 токтомуна) |
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын укуктук статусун, максаттарын, милдеттерин, ишинин уюштуруучулук негиздерин, башкаруу, каржылоо, кайра уюштуруу жана жоюу тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасында балдарга кошумча билим берүү системасындагы билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин жөнгө салат.
2. Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасында балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин регламенттеген билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) балдарга кошумча билим берүү - эркин тандоого негизделген жана жалпы билим берүү уюмдарында окуудан бош убагында балдардын кызыкчылыктарын, рухий керектөөлөрүн жана кесибин аныктоо муктаждыктарын кыйла толук канааттандырууга багытталган формалдуу эмес билим берүүнүн түрү;
2) балдар үчүн кошумча билим берүү программалары - балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу ар кандай багыттагы (маданий-эстетикалык, табигый-илимий, туристтик-аймак таануу, экологиялык-натуралисттик, техникалык, спорттук жана башка) билим берүү программалары;
3) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму - балдардын кызыкчылыктарын, чыгармачылык жөндөмдөрүн, шыктарын өнүктүрүүгө жана социалдаштырууга багытталган кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмунун тиби;
4) билим алуучунун туруктуу курамы - окуу жылына балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмуна кирген, ошол уюмда билим алуучулардын негизги контингентин түзгөн адамдар;
5) билим алуучулардын убактылуу курамы - убактылуу, кыска мөөнөттүү же эпизоддук негизде билим берүү процессине катышкан адамдар;
6) билим берүү процессин уюштуруунун формалары - ийримдер, секциялар, клубдар, студиялар, устаканалар, машыгуулар, чыгармачыл бирикмелер, курстар жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында каралган башка формалар;
7) ийрим - чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн балдарды кызыкчылыктар боюнча бириктирген жамаат;
8) чакан топтор - бул кызыкчылыктар боюнча уюштурулган жана катышуучулардын аз саны менен айырмаланган (5-6 бала) балдардын тобу;
9) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарына бирикмелерди комплекттөө - балдардын жашын, даярдык деңгээлин, кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн, ошондой эле балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда балдар бирикмелерин түзүү процесси;
10) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмундагы балдар бирикмеси - кызыкчылыктар, кошумча билим берүү программасынын багыты же жаш курагы боюнча бириккен, ийрим, секция, студия, клуб, устакана же билим берүү процессин башка уюштуруу формасында кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн билим алуучулардын түзүмдүк тобу;
11) ыйгарым укуктуу орган - мектепке чейинки билим берүү, башталгыч, негизги, орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4. Балдарга кошумча билим берүү маданий-эстетикалык, табигый-илимий, туристтик-аймак таануу, экологиялык-натуралисттик, техникалык, спорттук жана башка багыттагы кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары (мектептен тышкаркы уюмдар, борборлор, комплекстер, базалар, клубдар, станциялар, мектеп окуучуларынын сарайлары ж.б.), ошондой эле ар кандай менчиктин формасындагы билим берүү уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Бул Жобо балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик/муниципалдык менчик формасындагы билим берүү уюмдары үчүн типтүү жана балдарга кошумча билим берүүнүн жеке менчик формасындагы билим берүү уюмдары үчүн үлгүлүү болуп саналат.
6. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарына, ушул Жобого жана ошол билим берүү уюмунун уставына ылайык жүзөгө ашырат.
2-глава. Укуктук статус
7. Кошумча билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана вариативдүүлүгүн камсыз кылуу, ар бир инсандын шыгына, жөндөмүнө жана ден соолугунун абалына ылайык окутуу жана тарбиялоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу билим берүү инфраструктурасын түзүү максатында, билим берүүнүн мазмунуна коюлган конкреттүү милдеттерге жана талаптарга, ошондой эле бюджеттик каржылоонун шарттарына жараша менчиктин ар кандай түрлөрүндө жана формаларында балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары түзүлүшү мүмкүн.
8. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму юридикалык жак болуп саналат, анын уставы, алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жана почталык дареги жазылган мөөрү, штампы жана бланктары жана ага бекитилип берилген мүлкү бар.
9. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму уюмдаштыруучунун же ал ыйгарым укук берген органдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды түзүүгө жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
10. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Типтүү уставдын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерин, иштин профилин, окутуу программасын жана ушул Жобону эске алуу менен өзүнүн уставын иштеп чыгат. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставын каттоо Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3-глава. Ишти уюштуруу
11. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун иши баланын инсандыгын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, анын өз тагдырын өзү аныктоого, жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууга, социалдык адаптациялоого, жарандык жоопкерчиликти жана жалпы маданиятты калыптандырууга, сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоого, ошондой эле бош убактысын маңыздуу уюштурууга багытталган.
12. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун иши баланын инсандыгын ар тараптан өнүктүрүүгө, анда турмуштук компетенцияларды жана социалдык маанилүү сапаттарды калыптандырууга багытталган төмөнкү принциптерге негизделет:
1) бардык жарандардын сапаттуу билим алуу укуктарынын теңдиги;
2) гуманизм жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыгы;
3) жарандуулук жана патриотизм;
4) үзгүлтүксүздүк жана системалуулук;
5) инсанга багытталган мамиле;
6) окутуунун формаларынын жана методдорунун ар түрдүүлүгү;
7) билим алуучулардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
8) окутуунун светтик мүнөзү;
9) жоопкерчилик жана натыйжалуулук.
13. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын, илимдин жана тажрыйбанын жетишкендиктеринин негизинде инсанды калыптандырууга, өнүктүрүүгө жана кесиптик калыптандырууга багытталган сапаттуу кошумча билим берүү;
2) инсандын чыгармачылык, рухий, физикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, алардын жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруу;
3) адеп-ахлактын жана сергек жашоо мүнөзүнүн бекем негиздерин калыптандыруу, индивидуалдуулукту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
4) жарандуулукка жана патриоттуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө, мамлекеттик символдорду жана мамлекеттик тилди урматтоого тарбиялоо;
5) активдүү жарандык позициясы бар инсанды тарбиялоо, инсандын өлкөнүн коомдук-саясий, экономикалык жана маданий турмушуна катышуу, өзүнүн укуктары менен милдеттерине аң-сезимдүү мамиле кылуу муктаждыктарын калыптандыруу;
6) балдарды экологиялык маданиятка тарбиялоо, аларды жаратылышты коргоо ишине тартуу;
7) коомдогу жашоого көнүү.
14. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алууда жынысы, улуту, тили, социалдык жана мүлктүк абалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү, дин тутуусу жана диний ынанымдары боюнча чектөөлөргө жол берилбейт. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму 3 жаштан 18 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Билим алуучуларды кабыл алуу балдардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арызы боюнча жүзөгө ашырылат.
15. Баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду спорттук, спорттук-техникалык, туристтик, хореографиялык топторго, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн кабыл алууда зарыл.
16. Жашы тең жана ар кандай курактагы балдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда кызыкчылыктары боюнча ийримге, лабораторияга, клубга, секцияга, студияга, ансамблге, театрга жана башка бирикмелерге (мындан ары - бирикмелер) биригишет.
17. Бирикмелерде кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда окуу-тарбия процессин уюштуруунун негизги формасы бир тематикалык багыт же комплекстүү, интеграцияланган программалар боюнча сабак болуп саналат. Кошумча билим берүүнүн билим берүү программасынын талаптарына жараша сабактар бүтүндөй окуу жылына, ошондой эле кыйла кыска мөөнөттөргө уюштурулат.
18. Бирикменин ишинин максаттары жана милдеттери, мазмуну балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун администрациясы тарабынан программаларды, окуу пландарын, иштин формаларын жана методдорун педагогикалык негизделген тандоо боюнча аныкталат.
19. Кызыкчылыктар боюнча бирикмелер билим алуучулардын туруктуу жана убактылуу курамы менен түзүлөт. Сабактар кошумча билим берүү программасына ылайык топтор боюнча, жекече же бирикменин бүткүл курамы боюнча өткөрүлөт.
20. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим берүү программалары күндүзгү жана аралыктан окутуу формасында өздөштүрүлөт (ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча).
21. Балдарга кошумча билим берүү уюму бүткүл календардык жыл ичинде, анын ичинде инклюзивдик билим берүү үчүн шарттарды түзүү менен билим алуучулар менен окуу-тарбия иштерин уюштурат. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда окуу жылы 1-сентябрда башталат.
Жайкы мезгилде бирикмелер билим алуучулардын туруктуу жана убактылуу курамы менен атайын расписание боюнча иштешет.
Жалпы билим берүү уюмдары үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу каникулдук мезгилде балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму профилдик лагерлерди, экологиялык мектептерди, туристтик шаарчаларды жана базаларды ачууга, өзүнүн базасында (шаар четиндеги же күндүзгү), ошондой эле балдардын жашаган жери боюнча балдардын туруктуу же убактылуу курамы менен ар кандай бирикмелерди түзүүгө укуктуу. Бирикмелердин иши концерттик сапарлар, жүрүштөр жана саякаттар, мелдештер, экспедициялар жана башка формаларда жүргүзүлөт.
22. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму билим алуучуларды кесиптик багыттоо максатында илимий, изилдөөчүлүк уюмдар менен биргелешип иш жүргүзөт жана өзүнүн жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык билим алуучулардын илимий бирикмелерин, эксперименталдык, илимий-изилдөө, чыгармачылык иштер үчүн лабораторияларды түзө алат.
23. Кызыкчылыктар боюнча бирикменин ишине балдар менен бирге алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун шарттары жана жетекчисинин макулдугу болгондо негизги курамга киргизбестен катыша алышат.
24. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму башка уюмдарда, ошондой эле балдардын жашаган жеринде балдар бирикмелерин түзө алат. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун жана башка уюмдардын ортосундагы мамилелер жарандык-укуктук келишим менен жөнгө салынат.
25. Бирикмени комплекттөө билим алуучулардын жаш курагына жараша балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун администрациясы тарабынан жүзөгө ашырылат жана 30дан кем эмес баланы түзөт. Бирикме топторго бөлүнөт, аларды комплекттөө Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
26. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү билим алуучулар менен сабактар жекече формада өткөрүлүшү мүмкүн. Сабактарды өткөрүү үчүн тиешелүү адистер тартылышы мүмкүн. Балдар менен сабак өтүүгө ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) катышуусуна жол берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн сабактардын узактыгы 30 мүнөттү түзөт.
27. Топтордун сандык курамы, иштөө регламенти (сабактардын узактыгы жана саны) программаларды, иштин мазмунунун өзгөчөлүгүн, билим алуучулардын жаш курагын, жол берилген жүктөмдү, психофизиологиялык, педагогикалык жана социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдерди эске алуу менен уюмдун уставында аныкталат.
Сабактардын расписаниеси балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун администрациясы тарабынан түзүлөт жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органы менен макулдашуу боюнча бекитилет.
28. Педагогдун макулдугу менен топтун ишине кызматкерлердин негизги курамына киргизбестен билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) тартылышы мүмкүн.
29. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда окутуу тили (тилдери) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык уюмдаштыруучу тарабынан аныкталат жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында көрсөтүлөт.
Билим берүү процессин уюштурууда балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда окутуу каражаты катары эки же андан көп тил колдонулушу мүмкүн.
30. Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарындагы багыттар боюнча ийрим иштеринин чектүү ставкаларынын саны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү чечими менен тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде аныкталат.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ийрим ишинин чектүү ставкасынан тышкары акы төлөнүүчү негизде кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансылык каражаттар болгон учурда балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарын тең каржылоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
31. Кошумча билим берүү кызматтары балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары менен билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде билим алуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен көрсөтүлөт.
32. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишин мамлекеттик контролдоону ыйгарым укуктуу орган жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары жүзөгө ашырат.
33. Өзгөчө абал режими, өзгөчө кырдаал учурунда же ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгондо, ошондой эле климаттык шарттар начарлаганда, карантиндик кырдаалдар болгондо балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окутууну жарым-жартылай же толук көлөмдө уюштура алат. Мында балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун педагогикалык жана башка кызматкерлеринин эмгек акысы толук көлөмдө төлөнөт.
34. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмундагы тартип билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын адамдык кадыр-баркын урматтоосунун негизинде колдоого алынат.
Билим алуучуларга карата физикалык, эмоционалдык жана психикалык зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт.
Билим алуучуларды коомдук-саясий жана диний партияларга жана уюмдарга, аскерлештирилген кошуундарга, ошондой эле ошол партиялардын жана уюмдардын ишине, үгүт өнөктүктөрүнө жана саясий акцияларга катышууга мажбурлап тартууга тыюу салынат.
4-глава. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун укуктары жана милдеттери
35. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарында тарбиялоо ишин жүзөгө ашыруу жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү учурунда анын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен билим алуучулардын адеп-ахлактык, дене-бой жана психологиялык ден соолугун, эмоционалдык бакубаттуулугун чыңдоо үчүн шарттарды камсыз кылууга;
2) билим алуучунун инсандыгын урматтоого, аны физикалык жана психологиялык зомбулуктун бардык формаларынан, кадыр-баркты басмырлоодон, ошондой эле эксплуатациялоонун жана ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттердин бардык формаларынан сактоого;
3) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтардан, үгүттөөдөн жана пропагандадан коргоону жүзөгө ашырууга;
4) билим алуучулардын арасында укук бузуулардын алдын алууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
5) жеке мүнөздөгү маалымат жаатындагы мыйзамдарга ылайык билим алуучунун инсандыгы жана ден соолугунун абалы, ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоону камсыз кылууга, буга мындай маалыматтарды берүү мыйзамдарда каралган же билим алуучунун өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон учурлар кирбейт;
6) билим алуучулардын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жөнүндө маалыматка ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жетүүсүн камсыз кылууга;
7) билим алуучулардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун билим берүү, тарбиялоо жана административдик ишин регламенттөөчү устав, ички тартип эрежелери жана башка документтер менен жеткиликтүү формада тааныштырууну камсыз кылууга;
8) билим берүү жана тарбиялоо процессине коюлуучу санитардык жана гигиеналык талаптарды, өрт жана башка коопсуздуктун милдеттүү ченемдерин жана эрежелерин сактоого.
36. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда жана анын аймагында, ошондой эле балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун чегинен тышкары жерде болгон учурда, эгерде мындай болуу балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун окуу, тарбиялоо жана башка иштерине ылайык жүзөгө ашырылса, билим алуучунун окуу, тарбиялоо жана башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мезгилиндеги өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
37. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму төмөнкүлөргө укуктуу:
1) педагогикалык максатка ылайыктуулук менен шартталган окутуу методдорун колдонууга;
2) билим алуучулардын окуу жүктөмүн толук көлөмдө аткарууну талап кылууга;
3) билим алуучулардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
4) ыйгарым укуктуу орган жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун тиешелүү локалдык актысы менен белгиленген учурларда жана тартипте окутуунун аралыктан билим берүү технологияларын колдонууга;
5) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык билим алуучуларга кошумча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
6) билим алуучу жана анын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан ички тартип эрежелерин, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин жана уставды сактоону талап кылууга.
38. Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик же муниципалдык менчик формасындагы билим берүү уюму республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн Тизмекке ылайык кошумча билим берүү программаларын ишке ашырат.
Жеке менчик формасындагы балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары кошумча билим берүү программаларын өз каражаттарынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырат.
Тизмектен тышкары кошумча билим берүү программалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте акы төлөнүүчү негизде балдарга кошумча билим берүү уюмдарына берилиши мүмкүн.
39. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүүгө укуктуу.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну жүзөгө ашыруу максатында коомдук фонддорду жана башка уюмдарды түзүүгө, түзүүгө катышууга укугу жок.
5-глава. Билим алуучулардын укуктары жана милдеттери
40. Билим алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн, анын ичинде акы төлөө негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
2) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун маалымат ресурстарын, китепкана, маданий-спорттук жана өндүрүштүк базасын колдонууга;
3) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун башкаруу ишине анын уставында белгиленген формада катышууга;
4) балдар уюмунун ишин уюштурууга жана ага катышууга;
5) адамдын кадыр-баркын урматтоого, өз көз карашын жана ишенимин эркин билдирүүгө;
6) коопсуз билим берүү чөйрөсүн, эксплуатациялоонун ар кандай формаларынан жана ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттерден, ошондой эле физикалык жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркты басмырлоодон коргоого;
7) ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн коргоого.
41. Билим алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставын сактоого жана аткарууга;
2) жалпы улуттук, адамзаттык баалуулуктарды, балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун башка билим алуучуларынын жана жумушчуларынын ар-намысын, кадыр-баркын урматтоого;
3) жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого;
4) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин, анын ичинде сырткы келбетин сактоого карата талаптарын аткарууга;
5) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун мүлкүнө аяр мамиле жасоого жана келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга.
6-глава. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун башкаруу
42. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун башкаруу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставына ылайык демократия, ачыктык жана айкындык, өз алдынчалуулук жана мамлекеттик-коомдук өнөктөштүк принциптеринде жүзөгө ашырылат.
43. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарында тең башкаруунун формалары жалпы чогулуш, педагогикалык кеңеш, көзөмөлчүлүк кеңеши, ата-энелер комитети, билим алуучулардын өз алдынча башкаруусу жана башка кеңештер болуп саналат.
Тең башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында аныкталат.
44. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти директор жүзөгө ашырат.
Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы билим берүү уюмунун директорун дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат. Конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жана талапкерлерге карата квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
45. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директору ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директору - билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ыйгарым укуктуу орган тиешелүү чечим менен билим берүүнү башкаруунун аймактык органына республикалык бюджеттен каржылануучу балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директорун кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп бере алат.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директорун которуу жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Педагогикалык жана башка кызматкерлерди кызмат ордуна дайындоону жана кызмат ордунан бошотууну Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директору жүзөгө ашырат.
46. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директору төмөнкүлөргө жеке жоопкерчилик тартат:
- кызматтык милдеттерине, эмгек келишимине жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставына ылайык балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишинин натыйжасы үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн), мамлекеттин жана коомдун алдында;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу жана бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен каржылануучу ийрим иштеринин чектүү ставкаларынын санын бекитүү үчүн.
47. Директор:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактайт жана аткарат;
2) педагогикалык кеңеш менен биргеликте балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана ишке ашырат;
3) административдик-аткаруу органдарында жана башка уюмдарда балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт жана өкүлчүлүк кылат;
4) билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык штаттык расписаниени иштеп чыгат жана бекитет;
5) педагогдор менен биргеликте жумушчу окуу планын иштеп чыгат жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органы же билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитет (республикалык бюджеттен каржыланган да);
6) билим берүү жана тарбиялоо процессин уюштуруунун колдонулуучу формаларынын, методдорунун жана каражаттарынын билим алуучулардын курактык психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, шыгына жана жөндөмдөрүнө, алардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо талаптарына шайкештиги, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
7) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле аларды аттестациялоону жүргүзөт;
8) балалыкты коргоо, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптарды контролдоону жүргүзөт жана сакталышын камсыз кылат;
9) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун финансылык-чарбалык ишин жетектейт жана контролдойт;
10) финансылык каражаттардын, гранттардын жана инвестициялардын, ата-энелердин ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, анын ичинде жайларды, жабдууларды жана шаймандарды жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга берүүдөгү кирешелердин, анын ичинде кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан түшкөн башка каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
11) жеке жана юридикалык жактарга жайларды, жабдууларды жана шаймандарды мыйзамсыз бергендиги үчүн, ошондой эле балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун мүлкүн ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды максаттуу пайдаланбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
12) материалдык-техникалык базанын эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылат жана жоопкерчилик тартат;
13) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарында коопсуздук техникасынын жана санитардык-гигиеналык режимдин талаптарынын сакталышы, билим алуучулардын жана кызматкерлердин эмгегин коргоо үчүн жоопкерчилик тартат;
14) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда өрткө каршы коопсуздук үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык окуу мезгилинде билим алуучулардын жана педагогдордун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген учурлардагы күнөөнүн даражасына жана оордугуна жараша тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат;
15) кызматтык милдеттерине, балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7-глава. Педагогикалык кызматкерлердин укуктары жана милдеттери
48. Педагогикалык ишке (негизги иштеген жерине) орто/жогорку кесиптик педагогикалык билими бар же орто/жогорку кесиптик билими бар, педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өткөн, билими тууралуу диплому жана тиешелүү педагогикалык квалификациясы менен ырасталган адамдар кабыл алынат.
Орто/жогорку кесиптик билими жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарында 5 жылга чейинки педагогикалык иш тажрыйбасы бар адамдар милдеттүү тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген көлөмдө кайра даярдоодон өтөт.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму тизмеги "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган башка адамдарды айкалыштырып иштөө боюнча педагогикалык ишке кабыл алууга укуктуу.
49. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда педагогикалык ишке соттуулугу же медициналык каршы көрсөтмөсү бар адамдарга жол берилбейт, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Педагогдордун эмгектик мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык келишим менен жөнгө салынат.
50. Педагог төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окутуу жана тарбиялоо методикасын, билим берүү программасын, окуу-методикалык комплексти, билим алуучулардын билимин баалоо методдорун өз алдынча тандоого жана пайдаланууга;
2) автордук билим берүү программасын, окуу китебин жана окуу-методикалык колдонмону түзүүгө жана пайдаланууга;
3) инновациялык методдорду жана технологияларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны окуу процессине киргизүүгө;
4) өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатууга, методикалык колдоо көрсөтүүгө жана насаатчылыкка;
5) билим алуучулардын жогорку билим алуу жана башка жетишкендиктери үчүн сыйлоого;
6) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө;
7) өзүнүн кадыр-баркын жана кесиптик ар-намысын коргоого;
8) кесиптик иш үчүн тиешелүү шарттарды талап кылууга;
9) уставында аныкталган тартипте балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун башкарууга катышууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген кошумча социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге.
51. Педагог төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
1) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда диний жана атеисттик пропаганда жүргүзүүгө;
2) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда саясий топторду, партияларды уюштурууга;
3) шовинисттик, улутчул, милитаристтик, сепаратисттик идеологияны жайылтууга;
4) билим алуучуларды иш таштоо кыймылдарына жана саясий акцияларга катышууга тартууга;
5) билим алуучуларга зомбулук көрсөтүүгө жана кандай болбосун формада басмырлоого.
52. Педагог төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) педагогикалык этиканын ченемдерин жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставын сактоого жана аткарууга;
2) ишке карата өз алдынчалыкты, чыгармачылык мамилени өнүктүрүүгө, билим алуучулардын жүрүм-турумунун жогорку адеп-ахлактык сапаттарын калыптандырууга;
3) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;
4) дайыма өзүнүн кесиптик деңгээлин өркүндөтүүгө жана квалификациясын жогорулатууга;
5) билим алуучуларга карата моралдык же физикалык күч колдонбоого.
53. Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставы менен педагогикалык кызматкерлердин кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
54. Педагог Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык айкалыштырып иштөөгө укуктуу.
Педагогдорду алардын макулдугусуз кесиптик милдеттерине ылайык келбеген жана эмгек келишиминде каралбаган иштерди аткарууга тартууга жол берилбейт. Педагогдун эмгек келишиминде каралбаган иштерди аткаруудан баш тартуусу, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленгенден башка учурлардан тышкары, аны кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз боло албайт.
55. Билим алуучулардын жогорку билим жана башка жетишкендиктери үчүн балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун педагогу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук сыйлыктарына, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана атайын белгилерге көрсөтүлөт.
56. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун кызматкерлеринин башка категорияларынын укуктары жана милдеттери тиешелүү типтүү квалификациялык мүнөздөмөлөр жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
57. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан тартылган каражаттардын эсебинен кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүгө укуктуу.
8-глава. Мүлкү жана материалдык-финансылык каражаттары
58. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставдык ишин камсыз кылуу максатында уюштуруучу же ал ыйгарым укук берген орган Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ага менчик укугунда таандык болгон же ал үчүнчү жактардан ижарага алган имаратты, курулманы, жабдууну жана башка мүлктү ыкчам башкаруу укугунда ага бекитип берет.
Жер тилкелери балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте ыкчам башкаруу укугунда берилет.
Жеке менчик формасындагы балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун мүлкүн пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укугу Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдары, ошондой эле балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмуна бекитилип берилген мүлк билим берүүдөн башка максаттарда алынып коюлбайт жана/же ээликтен ажыратылбайт.
59. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уюштуруучусу же ал ыйгарым укук берген орган имаратты эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун имаратын талаптагыдай техникалык, санитардык, өрткө каршы, экологиялык жана архитектуралык-эстетикалык абалда күтүүгө;
2) объектти эксплуатациялоонун бүткүл ченемдик мөөнөтүнүн ичинде долбоордук-сметалык жана техникалык документтерди, техникалык көзөмөлдөө журналдарын сактоого, анын ичинде эксплуатациялоодо оңдоо иштерин жүргүзүүгө;
3) эксплуатациялануучу имараттардын техникалык абалына беш жылда бир жолудан кем эмес экспертиза жүргүзүүгө;
4) эксплуатациялануучу объекттерди мезгил-мезгили менен оңдоону жүргүзүүгө, имараттарды эксплуатациялоону көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга.
60. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте жеке жана юридикалык жактарга кызматтарды көрсөтүү жаатындагы мыйзамдарга ылайык ар кандай иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн залдарды, жайларды, жабдууларды, инвентарларды келишимдик негизде берүүгө укуктуу.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун негизги фонддорун үчүнчү жактардын пайдасына ээликтен ажыратуу мүмкүн болгон кесепеттерге алып келген бүтүмдөрдү түзүүгө укуксуз.
61. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун мүлкүн жана финансылык ресурстарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын уюштуруучуларынын каражаттары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын салымдары;
3) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы иштен киреше алып келүүчү өздүк каражаттары;
4) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу салынган каражаттары, кайрымдуулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;
5) кредиттер жана гранттар;
6) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун өнүктүрүү үчүн каржылоонун кошумча булактары катары тартылуучу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ыктыярдуу каражаттары;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын алкагындагы келишимдик мамилелердин негизинде юридикалык жана жеке жактардын каражаттары;
8) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун окуу жана көмөкчү чарбаларынын эсебинен, анын ичинде ижара негизинде алынган каражаттар;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
62. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмуна жеке жана юридикалык жактар тарабынан ага тартуу, кайрымдуулук же мурас түрүндө берилген акча каражаттары, мүлк жана башка менчик объекттери, ошондой эле өзүнүн ишинен түшкөн кирешелер жана бул кирешелерге алынган мүлк менчик укугунда таандык болот.
63. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму анын тескөөсүндө турган акча каражаттарынын жана ага таандык менчиктин чегинде өз милдеттенмелери боюнча жооп берет. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда көрсөтүлгөн каражаттар жетишсиз болгон учурда анын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштуруучу тартат.
64. Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансылык каражаттар болгон учурда балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун кошо каржылоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
65. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун финансылык ишине мамлекеттик контролдоону ревизиялык органдар тиешелүү ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырат.
9-глава. Эл аралык кызматташтык
66. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму уставдык ишти камсыз кылуу үчүн чет өлкөлүк ишканалар (мекемелер, уюмдар) менен түздөн-түз байланыш түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын банк иши жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык жана кредиттик мекемелерде валюталык эсептерге ээ болууга укуктуу.
10-глава. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун жоюу жана кайра уюштуруу
67. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун кайра уюштуруу же жоюу эреже катары окуу жылынын аягында жүзөгө ашырылат.
68. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
|
| Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобого тиркеме |
Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн кошумча билим берүү программаларынын ТИЗМЕГИ
1. Көркөм-эстетикалык багыт: көркөм сүрөт искусствосу (сүрөт тартуу, чийме, графика, живопись), кум графикасы, станок графикасы, жыгачты күйгүзүп сүрөт тартуу, декоративдик сүрөт, декоративдик-колдонмо искусство (оригами, токуу, тигүү, сайма саюу, гүл идиш жасоо, канзаши, жумшак оюнчуктар, батик, ийлеп жасоо, шуру тизүү, скульптура), сувенирдик иш, элдик кол өнөрчүлүк (улуттук сайма саюу, тери менен иштөө, жаратылыш материалдарына петроглиф түшүрүү, терме, чий өрүү, курак техникасы, кийиз менен иштөө - сувенирдик буюмдарды жасоо, басуу, кийиздөө, курак, шырдактын, ала кийиздин макеттери, керамика, жыгач оюу, сөөк оюу, металл менен иштөө, улуттук баш кийим, улуттук кийим), эрте эстетикалык өнүктүрүү (ийлеп жасоо, аппликация, музыка).
2. Музыкалык-сахналык багыт: вокал, хореография (элдик бийлер, бал-спорттук бийлер, сюжеттик бийлер, заманбап-эстрадалык бийлер), цирк искусствосу, театр, сахнада сүйлөө, көркөм окуу, хор, элдик фольклор, комуз, гитара, фортепиано жана башка музыкалык аспаптар, музыкалык театр.
3. Табигый-илимий изилдөө багыты: экология-биологиялык изилдөө, био жана агро-технологиялар, экология, физика-географиялык изилдөө, метеорология, климатология, геология.
4. Туристтик-крайтаануу багыты: жаш эколог, жаш крайтаануучу-турист, адабий крайтаануучу, туристтик мелдештердин жаш калысы, спорттук багыт берүү, жаш геолог, жаш этнограф, музей таануу, альпинизм, жөө туризм, туризмдин кенже инструкторлору, жаш тоо туристтери, жаш жаратылыш таануучулар, "Туулган жер" программасына катышуу.
5. Экологиялык-натуралисттик багыт: гүл өстүрүү, өсүмдүк өстүрүү, дары чөптөрдү колдонуу, жаш ботаник, жаш эколог, фантазия (кургак өсүмдүктөн жасалгалар), флористика, икебана.
6. Техникалык багыт: робототехника, жеңил конструкторлор менен иштөө, макет жасоо, 3D-моделдөө, чийме жана долбоорлоо, программалоо жана маалыматтык технологиялар (Scratch, Java, С++, Python), мехатроника, электрондук изилдөөлөр, инженердик мектеп, инфогений, компьютердик сабаттуулук, ойлоп табуучу, учкучсуз аппараттар, автомоделдөө, авиамоделдөө, кемелерди моделдөө, ракета моделдөө, электроника жана радиотехника, технопарк, кванториум, ардуино, астрономия, графикалык дизайн, UX/UI-дизайн, тармактарды жана системаларды башкаруу, электр энергетика, виртуалдык жана толукталган реалдуулук, акылдуу үй, фото технологиялар, веб-иштеп чыгуулар жана дизайн, гейм-дизайн.
7. Спорттук багыт: таэквон-до, салттуу ушу, кендо, каратэ, айкидо, спорттун улуттук түрлөрү (тогуз коргоол, ордо, чүкө, күрөш, салбурун), шахмат, шашки, классикалык гимнастика, фитнес, армрестлинг, грепплинг, чоң теннис, стол тенниси.
8. Социалдык-педагогикалык багыт: лидерлер мектеби, ыктыярчылар мектеби, педотряд, моделдөө студиясы (костюмдарды иштеп чыгуу, дизайн, тигүү, дефиле, подиум этикасы), финансылык сабаттуулук, жаш стартапчылар, оратордук искусство, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн мектеп, кулинария, жол кыймылынын жаш инспектору, жаш өрт өчүрүүчү.
9. Интеллектуалдык-өнүктүрүү багыты: наристе курактагы балдарды өнүктүрүү, Манас таануу, зээндүү балдар үчүн мектеп, менталдык арифметика, чет тилдер.

(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)

40-1. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогикалык кызматкерлери балдарга Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган кошумча билим алуу укугун, билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)