Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-октябры № 682
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 327 “Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү алып келүү процессин жөнөкөйлөтүү жана бюрократиядан арылтуу максатында, “Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 327 “Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына үрөн алып келүүнүн тартибинде:
– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |