Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-сентябры № 593
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри:
- төмөнкүдөй мазмундагы 15, 16-пункттар менен толукталсын:
"
15 | Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашпаган коломдо көчүрмөлөө | ЮМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
16 | Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан коломдо көчүрмөлөө | ЮМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акы төлөнөт |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан көлөмдө көчүрмөлөө кызматы үчүн акы төлөөдөн жарандардын төмөнкү категориялары бошотулат:
1) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ленинград блокадачылары, концлагерлердин мурдагы туткундары; Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон катышуучулар жана адамдар;
3) аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; толук эмес үй-бүлөлөр; белгилүү жашаган жери жок адамдар.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан коломдо көчүрмөлөө кызматы үчүн акы төлөөдөн жарандардын төмөнкү категориялары бошотулат:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ленинград блокадачылары, концлагерлердин мурдагы туткундары; Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон катышуучулар жана адамдар;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; толук эмес үй-бүлөлөр; белгилүү жашаган жери жок адамдар.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
1) 1-глава ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) 4-главада:
- 43-пункттагы "ФМ" деген аббревиатура "МБК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 44-пункттагы "ММСЖСМ" деген аббревиатура "Спорт агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 54, 61-пункттардагы "БИМ" деген аббревиатура "Агартуумин" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 55-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
55 | Кыргыз Республикасында берилген орто жана/же жогорку кесиптик билим тууралуу документтин аныктыгы жөнүндө маалымкаттарды берүү | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акысыз |
";
- 56, 60-пункттардагы "БИМ" деген аббревиатура "ИЖБИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 57-59-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
57 | Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк окуу жайларда окуп жаткандыгын ырастоо тууралуу маалымкаттарды берүү | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акысыз |
58 | Чет өлкөлүк окуу жайларда окуп жаткан адамдардын билим деңгээлин жана мазмунун ырастоо тууралуу маалымкаттарды берүү | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акысыз |
59 | Тестирлөөнүн бардык түрлөрүнөн өтүүнүн жыйынтыгы боюнча сертификаттарды берүү | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
";
- 62, 63-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
62 | Билим берүү ишин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиялардын жана сертификаттардын дубликаттарын берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, Агартуумин | Акы төлөнөт |
63 | Ведомстволук сыйлыктарды мурда алган жеке адамдарга жоготкон ведомстволук сыйлыктарынын дубликаттарын берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, Агартуумин | Акысыз |
";
- 64-67-пункттардагы "УАК" деген аббревиатура "ИЖБИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 68-73-пункттардагы "ДИМК" деген аббревиатура "ДИЭМУА" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 74-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
74 | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү/келишимдери боюнча жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү документти тариздөө | Жер агенттиги | Жер агенттиги | Акы төлөнөт |
";
3) 5-главада:
- 1-пункттагы "ФМ" деген аббревиатура "МСК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 45, 46-пункттардагы "СӨМ" деген аббревиатура "СӨИТМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
63 | Тематикалык пландан тышкары окуу китептеринин, окуу-методикалык куралдардын жана дидактикалык материалдардын кол жазмаларын экспертизалоо | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
";
- 64-пункттагы "БИМ" деген аббревиатура "Агартуумин" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 66-пункттагы "Кыргызпатент" деген сөз "ИЖБИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 70-75-пункттардагы "Курулуш агенттиги" деген сөздөр "Курулуш министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 84, 85-пункттар менен толукталсын:
"
84 | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү/келишимдери боюнча жер тилкесин сүрөткө тартууну жүргүзүү | Жер агенттиги | Жер агенттиги | Акы төлөнөт |
85 | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү/келишимдери боюнча кыймылсыз мүлк бирдигине номер ыйгаруу (кыймылсыз мүлктү бириктирүүдө же бөлүүдө, кыймылсыз мүлктүн номерин тактоодо) | Жер агенттиги | Жер агенттиги | Акы төлөнөт |
";
4) 6-главада:
- 8-18-пункттардагы "ММСЖСМ" деген аббревиатура "ММЖСМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 19, 20-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
19 | Жалпы билим берүү уюмдары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлар үчүн тест тапшырмаларынын базасын даярдап берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, Агартуумин | Акы төлөнөт |
20 | Жеке жана юридикалык жактарга билим берүү жана илим системасы жөнүндө статистикалык, маалыматтык жана башка маалыматтарды берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, Агартуумин | Акысыз |
";
- 21-пункттагы "БИМ" деген аббревиатура "Агартуумин" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 29-32, 36-пункттардагы "СӨМ" деген аббревиатура "СӨИТМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 38-пункттагы "УАК" деген аббревиатура "ИЖБИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 40-46-пункттардагы "Кыргызпатент" деген сөз "ИЖБИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"
51 | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү/келишимдери боюнча мейкиндик, кадастрдык маалыматтарды жана "KyrPos" туруктуу GPS/GNSS станцияларынан маалыматтарды берүү | Жер агенттиги | Жер агенттиги | Акы төлөнөт |
";
5) 7-главада:
- 1-пункттагы "ММСЖСМ" деген аббревиатура "ММЖСМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 4, 5-пункттардагы "УАК" деген аббревиатура "ИЖБИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 6, 7-пункттардагы "Кыргызпатент" деген сөз "ИЖБИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9, 10-пункттар менен толукталсын:
"
9 | Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашпаган коломдо көчүрмөлөө | ЮМ | Мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук мекемелери | Акысыз |
10 | Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан коломдо көчүрмөлөө | ЮМ | Мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук мекемелери | Акы төлөнөт |
";
6) 8-главада:
- 5-пункттагы "ФМ" деген аббревиатура "МБК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 10-13-пункттардагы "СӨМ" деген аббревиатура "СӨИТМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
7) 10-главада:
- 7, 8-пункттардагы "ММСЖСМ" деген аббревиатура "Спорт агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттагы "ММСЖСМ" деген аббревиатура "ММЖСМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 12-пункттагы "ФМ" деген аббревиатура "МСК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 13, 14-пункттардагы "Кыргызпатент" деген сөз "ИЖБИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
8) кыскартуулардын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
"
| 1-глава. Билим берүүчү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр |
|
|
|
1 | Мектепке чейинки билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
2 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга мектепке чейинки билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
3 | Жетим балдарга жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдарга мектепке чейинки билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
4 | Балдарды мектепте окутууга мектепке чейинки даярдоо боюнча курстарды берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
5 | Мектепке чейинки курактагы балдарга белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде кошумча билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
6 | Мектепке чейинки курактагы балдарга квотадан тышкары жана/же мектепке чейинки билим берүү боюнча мамлекеттик стандартта белгиленгенден тышкары кошумча билим берүү | Агартуумин | Агартуумин, ЮМ, КР БП караштуу "Наристе" МБУ, КРПИБ | Акы төлөнөт |
7 | Башталгыч билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
8 | Жетим балдарга жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдарга жалпы башталгыч билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
9 | Акыл-эстин өнүгүүсү мандемдүү балдарга жалпы башталгыч билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
10 | Акыл-эстин өнүгүүсү мандемдүү балдарга жалпы башталгыч билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
11 | Психикалык жетилиши кечеңдеген балдарга жалпы башталгыч билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
12 | Дене-боюнун өсүшүндө мандеми бар (угуусу, сүйлөөсү, көрүүсү, таяныч-кыймыл аппараты бузулган) балдарга жалпы башталгыч билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
13 | Дене-боюнун өсүшүндө мандеми бар (угуусу, сүйлөөсү, көрүүсү, таяныч-кыймыл аппараты бузулган) балдарга жалпы башталгыч билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
14 | Экстернат формасында жалпы башталгыч билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
15 | Жалпы негизги билим берүү | Агартуумин | Агартуумин, Спорт агенттиги | Акысыз |
16 | Жетим балдарга жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдарга жалпы негизги билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
17 | Акыл-эстин өнүгүүсү мандемдүү балдарга жалпы негизги билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
18 | Акыл-эстин өнүгүүсү мандемдүү балдарга жалпы негизги билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
19 | Дене-боюнун өсүшүндө мандеми бар (угуусу, сүйлөөсү, көрүүсү, таяныч-кыймыл аппараты бузулган) балдарга жалпы негизги билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
20 | Дене-боюнун өсүшүндө мандеми бар (угуусу, сүйлөөсү, көрүүсү, таяныч-кыймыл аппараты бузулган) балдарга жалпы негизги билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
21 | Жүрүм-туруму оолукма балдарга жалпы негизги билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
22 | Экстернат формасында жалпы негизги билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
23 | Жалпы орто билим берүү | Агартуумин | Агартуумин, Спорт агенттиги | Акысыз |
24 | Жетим балдарга жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдарга жалпы орто билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
25 | Дене-боюнун өсүшүндө мандеми бар (угуусу, сүйлөөсү, көрүүсү, таяныч-кыймыл аппараты бузулган) балдарга жалпы орто билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
26 | Дене-боюнун өсүшүндө мандеми бар (угуусу, сүйлөөсү, көрүүсү, таяныч-кыймыл аппараты бузулган) балдарга жалпы орто билим берүү, тарбиялоо жана багуу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
27 | Экстернат формасында жалпы орто билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
28 | Мектеп курагындагы балдарга белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде кошумча билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
29 | Мектеп курагындагы балдарга квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары мектепте билим берүү боюнча мамлекеттик стандартта белгиленгенден тышкары кошумча билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акы төлөнөт |
30 | Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдарга белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде мектептен тышкары билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
31 | Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдарга белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары мектептен тышкары билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акы төлөнөт |
32 | Ден соолугу начар балдарды белгиленген окуу көлөмүнүн алкагында башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программалары боюнча үйдөн окутууну уюштуруу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
33 | Ден соолугу начар балдарды белгиленген окуу көлөмүнөн тышкары башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программалары боюнча үйдөн окутууну уюштуруу | Агартуумин | Агартуумин | Акы төлөнөт |
34 | Акыл-эстин өнүгүүсүндө оор мандеми же татаал мандеми бар (2 же андан ашык) балдарды үйдөн окутууну уюштуруу | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
35 | Узак мөөнөттүү дарылоого муктаж балдарга санаториялык типтеги ден соолукту чыңдоочу-билим берүү мекемелеринде жалпы башталгыч, жалпы негизги жана орто билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
36 | Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы билим берүү мекемелеринде жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү | Агартуумин | ЖАМК | Акысыз |
37 | Мектепте билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттан тышкары белгиленген окуу сааттарынын (мамлекеттик заказдын) чегинде профилдик билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
38 | Мектепте билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттан тышкары белгиленген окуу сааттарынан (мамлекеттик заказдан) тышкары профилдик билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акы төлөнөт |
39 | Жогорку окуу жайларында профилдик предметтерди тереңдетип окутуу менен жалпы орто билим берүү | Агартуумин | Агартуумин, ССМ, ЖАМА | Акы төлөнөт |
40 | Окутуунун кечки (сменалык) жана сырттан окуу формалары боюнча жалпы негизги жана орто билим берүү | Агартуумин | Агартуумин | Акысыз |
41 | Жалпы негизги билимдин базасында (окутуунун күндүзгү формасы) белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде кесиптик орто билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ | Акысыз |
42 | Жалпы негизги билимдин базасында (окутуунун күндүзгү формасы) белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары кесиптик орто билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ЖАМА, КРПМБА | Акы төлөнөт |
43 | Жалпы орто билимдин базасында (окутуунун күндүзгү формасы) белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде кесиптик орто билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ССМ, ММЖСМ, Спорт агенттиги, ЖАМА | Акысыз |
44 | Жалпы орто билимдин базасында (окутуунун күндүзгү формасы) белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары кесиптик орто билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ССМ, ММЖСМ, Спорт агенттиги, ЖАМА, КРПМБА | Акы төлөнөт |
45 | Жалпы орто билимдин базасында (окутуунун сырттан окуу формасы) кесиптик орто билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ССМ, ЖАМА | Акы төлөнөт |
46 | Жалпы орто билимдин базасында (окутуунун кечки формасы) кесиптик орто билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
47 | Бакалавр даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү, белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде окутуунун күндүзгү формасы | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ЖАМА, ТИМ Дипакадемиясы, КРПМБА | Акысыз |
48 | Бакалавр даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү, белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары окутуунун күндүзгү формасы | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ЖАМА, ТИМ Дипакадемиясы, КРПМБА, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
49 | Бакалавр даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү (окутуунун сырттан окуу формасы) | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ЖАМА, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
50 | Бакалавр даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү (кечки окуу формасы) | ИЖБИМ | ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
51 | Бакалавр даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү (аралыктан окуу формасы) | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ЖАМА, КРПМБА, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
52 | Бакалавр даярдоо программалары боюнча экстернат формасында кесиптик жогорку билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
53 | Адис даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү, белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде күндүзгү форма | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ССМ | Акысыз |
54 | Адис даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү, белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары күндүзгү форма | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ССМ, ЖАМА, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
55 | Адис даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү (сырттан окуу формасы) | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
56 | Адис даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү (кечки окуу формасы) | ИЖБИМ | ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
57 | Адис даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү (аралыктан окуу формасы) | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
58 | Адис даярдоо программалары боюнча экстернат формасында кесиптик жогорку билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
59 | Магистр даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү, белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде окутуунун күндүзгү формасы | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ТИМ Дипакадемиясы, КРПМБА | Акысыз |
60 | Магистр даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү, белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары окутуунун күндүзгү формасы | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ЖАМА, ТИМ Дипакадемиясы, КРПМБА, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
61 | Магистр даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү (сырттан окуу формасы) | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ЖАМА, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
62 | Магистр даярдоо программалары боюнча кесиптик жогорку билим берүү (аралыктан окуу формасы) | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ЖАМА, ТИМ Дипакадемиясы, КРПМБА, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
63 | Магистр даярдоо программалары боюнча экстернат формасында кесиптик жогорку билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
64 | Белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү (изденүүчүлүк, аспирантура, адъюнктура, докторантура) | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ССМ, УИА, ТИМ Дипакадемиясы | Акысыз |
65 | Белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү (изденүүчүлүк, аспирантура, адъюнктура, докторантура) | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ССМ, ЖАМА, УИА, ТИМ Дипакадемиясы, КРПМБА, ИИМ академиясы | Акы төлөнөт |
66 | Кошумча кесиптик билим берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, Агартуумин, ЭКМ, ФМ, ЖРЭТКМ, ЖМКМА, МБК Улутстатком, ТИМ Дипакадемиясы, ИИМ академиясы, ИИМ РОБ | Акы төлөнөт |
67 | Алган адистиктин базасында кошумча квалификация ыйгаруу менен жогорку билимге кошумча кесиптик кайра даярдоо | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ССМ, ТИМ Дипакадемиясы, КРПМБА, ИИМ Академиясы | Акы төлөнөт |
68 | Студенттердин кызыкчылыктарын жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган факультативдик жана башка сабактардын түрлөрүн өткөрүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, ТИМ Дипакадемиясы | Акы төлөнөт |
69 | Жогорку окуу жайына чейин даярдоо программаларын ишке ашыруу (абитуриенттер үчүн даярдоо курстары) | ИЖБИМ | ИЖБИМ, КРПМБА | Акы төлөнөт |
70 | Чет өлкөлүк жарандар үчүн кыргыз, орус тилдерин үйрөнүү курстары | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ, ТИМ Дипакадемиясы | Акы төлөнөт |
71 | Белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде 72 саат көлөмүндө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акысыз |
72 | Белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары 72 саат көлөмүндө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
73 | Кесиптик-техникалык билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
74 | Педагогикалык кошумча билим алууну каалаган, ошол адистик боюнча диплому жок педагогикалык кадрларды, адистерди кайра даярдоо | ИЖБИМ | ИЖБИМ | Акы ТӨЛӨНӨТ |
75 | Тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча аппеляция өткөрүү | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акысыз |
76 | Жалпы билим берүү уюмдары, кесиптик орто жана жогорку окуу жайлары үчүн тесттик тапшырмалардын варианттарынын түп нускаларын даярдоо | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акы төлөнөт |
77 | Тесттик тапшырмалардын жыйнактарын иштеп чыгуу жана даярдоо | Агартуумин | Агартуумин | Акы төлөнөт |
78 | Окуу китептерине, окуу-методикалык куралдарга, окуу-методикалык комплекстерге, окутуу программаларына, башка окуу басылмаларына жана документтерге билим берүү системасынын ыйгарым укуктуу органдарынын грифин ыйгаруу | ИЖБИМ | ИЖБИМ, Агартуумин | Акысыз |
79 | Билим берүү уюмдары (билим берүү системасынын уюмдары), интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ведомстволук мекемелер тарабынан залдарды жана жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарларды берүү | ИЖБИМ | ИЖБИМ, Агартуумин | Акы төлөнөт |
80 | Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге жарандарды республикалык бюджеттин эсебинен окутуу (бюджеттик окутуу) | Агартуумин | Агартуумин, ЭСКММ | Акысыз |
81 | Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге жарандарды ишканалардын жана окуучулардын жеке каражаттарынын эсебинен окутуу (контракттык окутуу) | Агартуумин | Агартуумин, ЭСКММ | Акы төлөнөт |
82 | Кесиптик окутууга, кайра окутууга, квалификациясын жогорулатууга жолдомолорду берүү | ЭСКММ | ЭСКММ | Акысыз |
83 | Декреттештирилген контингентти гигиеналык окутуу | ССМ | ССМ | Акысыз |
84 | Белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
85 | М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто мектеп-интернатынын окуучуларын багуу | ММЖСМ | ММЖСМ | Акысыз |
86 | Белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары хореографиялык башталгыч билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акы төлөнөт |
87 | Музыкалык башталгыч билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акысыз |
88 | Белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары музыкалык башталгыч билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акы төлөнөт |
89 | Көркөм сүрөт башталгыч билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акысыз |
90 | Белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары корком сүрөт башталгыч билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акы төлөнөт |
91 | Искусство жаатында башталгыч билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акысыз |
92 | Белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары искусство жаатында башталгыч билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акы төлөнөт |
93 | Күндүзгү окуу формасы боюнча белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде маданият жана искусство чөйрөсүндө кесиптик орто билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акысыз |
94 | Күндүзгү окуу формасы боюнча белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары маданият жана искусство чөйрөсүндө кесиптик орто билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акы төлөнөт |
95 | Белгиленген квотанын (мамлекеттик заказдын) чегинде маданият жана искусство чөйрөсүндө кесиптик жогорку билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акысыз |
96 | Белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары маданият жана искусство чөйрөсүндө кесиптик жогорку билим берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акы төлөнөт |
97 | Театр-оюн-зоок ишканаларынын искусство жаатында кошумча билим берүүсү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акысыз |
98 | Төмөнкүлөрдүн ишин уюштуруу: - ышкыбоз чыгармачыл жамааттардын; - ийримдердин; - студиялардын; - театр сүйүүчүлөр бирикмелеринин; - ар түрдүү багыттагы кызыкчылыктар боюнча клубдардын | ММЖСМ | ММЖСМ | Акысыз |
99 | Залдарды жана жайларды, ошондой эле маданият, искусство жана жаштар чөйрөсүндөгү мекемелердин жабдууларын, инвентарларын берүү | ММЖСМ | ММЖСМ | Акы төлөнөт |
100 | Балдарды жана жаштарды спорттун түрлөрү боюнча машыктыруу | Спорт агенттиги | Спорт агенттиги | Акысыз |
101 | Дене тарбия жана спорт боюнча секцияларда чоң кишилер үчүн сабактарды өткөрүү | Спорт агенттиги | Спорт агенттиги | Акы төлөнөт |
102 | Ден соолукту чыңдоо жана спорттук максаттарда сууда сүзүү боюнча бассейндердин кызматтарын көрсөтүү | Спорт агенттиги | Спорт агенттиги | Акы төлөнөт |
103 | Жарандык коргонуу жана тоо кырсыгынан куткаруу иши жаатында окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо | ӨКМ | ӨКМ | Акы төлөнөт |
104 | Суучул иши, сууга чөккөндөрдү куткаруу иши, дайвинг адистерин окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу | ӨКМ | ӨКМ | Акы төлөнөт |
105 | Өрт коопсуздугунун чаралары боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, жумушчуларды, кызматкерлерди, студенттерди, окуучуларды үйрөтүү | ӨКМ | ӨКМ | Акысыз |
106 | ӨЭУнун, мекемелердин, уюмдардын, коммерциялык түзүмдөрдүн адистерин жана жеке адамдарды жерине чыгуу менен өрт коопсуздугуна жана өрт-техникалык минимумга даярдоо жана кайра даярдоо | ӨКМ | ӨКМ | Акы төлөнөт |
107 | Мамлекеттик эмес (штаттан тышкаркы) авариялык-куткаруучу түзүлүштөрдүн куткаруучуларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу | ӨКМ | ӨКМ | Акы төлөнөт |
108 | Архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча сабактарды өтүү | СӨИТМ | СӨИТМ | Акы төлөнөт |
109 | Авиация персоналын баштапкы даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кошумча кесиптик билим берүү | ЖАМА | ЖАМА | Акы төлөнөт |
110 | Авиация персоналын даярдоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик, расмий, чет тилдерди, компьютердик техниканы үйрөтүү боюнча курстар | ЖАМА | ЖАМА | Акы төлөнөт |
111 | Залдарды жана жайларды, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин жабдууларын, инвентарларын берүү | Спорт агенттиги | Спорт агенттиги | Акы төлөнөт |
".
|
| 2-тиркеме |
"Кыскартуулардын тизмеси:
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
ИИМ академиясы | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Алиев Э.А. атындагы академиясы |
ЖАМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги |
ЖМКМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик |
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
ТКАККМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик |
Спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ТИМ Дипакадемиясы | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы |
КР БП караштуу "Наристе" МБУ | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу "Наристе" мектепке чейинки билим берүү уюму |
Кыргызтест | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
Агартуумин | - | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
Курулуш министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
СӨИТМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ДИЭМУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик |
МТСУК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ИИМ РОБ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
".