Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-ж. “3” октябры № 06 буйругуна тиркеме
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК
ЭРЕЖЕЛЕРИ КРАЭ-15
«Учууларды аэронавигациялык камсыздоо»
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КАТТОО БАРАГЫ
№ | Кабыл алынган датасы | Күчүнө кирген датасы | Өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор кабыл алынган акты | Өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор кабыл алынган акты | Бул экземплярга өзгөртүү жана/же толуктоолорду киргизген жактын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Бул нускага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген дата жөнүндөгү жазуулар жана бул нускага түзөтүү киргизген адамдын колу ушул Эрежелерди кармоочуга тиешелүү.
КЫСКАРТУУЛАР
АДП | Аэродромдук диспетчердик пункт |
КРАЭ | Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери |
ВОРЛ | Экинчи даражадагы байкоочу радиолокатор |
ЭЖАУ | Эл аралык жарандык авиация уюму |
КР ЖАО | Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы |
АКТ | Аба кыймылын тейлөө |
АКУ | Аба кыймылын уюштуруу |
ПОРЛ | Биринчи даражадагы байкоочу радиолокатор |
АМК | Аэронавигациялык маалымат кызматы |
УМБ | Учуу маалыматтык борбору |
ADIZ | Аба мейкиндигин коргоо идентификациялык зонасы |
ADS-B | Радио берүүчү автоматтык көз каранды байкоо |
ADS-С | Келишимдик автоматтык көз каранды байкоо |
AFS | Авиациялык туруктуу байланыш кызматы |
AFTN | Авиациялык туруктуу байланыш тармагы |
AIC | Аэронавигациялык маалыматтык айлампа (циркуляр) |
AIM | Аэронавигациялык маалыматты башкаруу |
AIP | Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагы |
AIRAC | Аэронавигациялык маалыматты жөнгө салуу жана көзөмөлдөө |
AMD | Аэродромдун картографиялык маалыматтары |
AMDB | Аэродромдун картографиялык маалыматтар базасы |
ATIS | Аэродром аймагындагы автоматтык маалымат берүү кызматы |
CPDLC | маалымат берүү линиясы аркылуу«Диспетчер – учкуч» байланышы |
CRC | Циклдик ашыкча кодду колдонуу менен көзөмөл |
D-ATIS | Маалымат берүү линиясы аркылуу ATIS камсыз кылуу |
DEM | Санариптик бийиктик модели |
DTM | Санариптик жер бетинин модели |
ISO | Эл аралык стандартташтыруу уюму |
MEA | Маршрут боюнча минималдуу абсолюттук учуу бийиктиги |
МОСА | Тоскоолдуктан өтүүчү минималдуу абсолюттук бийиктик |
MSL | Деңиздин орточо деңгээли |
NOF | Эл аралык NOTAM органы |
PBC | Мүнөздөмөлөргө негизделген байланыш |
PBN | Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация |
PBS | Мүнөздөмөлөргө негизделген байкоо |
RCP | Байланыштын талап кылынган мүнөздөмөлөрүнүн спецификациясы |
RNAV | Аймактык (зоналык) навигация |
RNP | Навигациянын талап кылынган мүнөздөмөлөрүнүн спецификациясы |
RSP | Байкоонун талап кылынган мүнөздөмөлөрүнүн спецификациясы |
МАзмуну
1-глава. Жалпы жоболор................................................................................................7 § 1. Аныктамалар……………………………………………………………………………7 § 2. Горизонталдык тегиздиктеги эсептөө системасы……………………………….17 § 3. Вертикалдык тегиздиктеги эсептөө системасы………………….………......….17 § 4. Убакыт эсептөө системасы………………………………………………………….18 § 5. Ар кандай талаптар…………………………………………………………………..18 2-глава. Жоопкерчилик жана функциялар..................................................................19 § 1. Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчүсүнүн жоопкерчилиги……………………………………………………………………………...19 § 2. АМКнын жоопкерчилиги жана функциялары…………………………………….19 § 3. Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалымат менен алмашуу……………………………………………………………………………………..21 § 4. Автордук укуктар……………………………………………………………………...22 § 5. Чыгымдардын ордун толтуруу……………………………………….……………..22 3-глава. Аэронавигациялык мааалыматты башкаруу................................................23 § 1. Маалыматты башкарууга болгон талаптар………………………………………23 § 2. Берилмелердин сапатына талаптар берилмелердин тактыгы……………….23 § 3. Берилмелердин сапатына талапта берилмелердин өлчөмү………………….23 § 4. Берилмелердин сапатына талаптар берилмелердин бүтүндүгү……………..23 § 5. Берилмелердин байкалуусу………………………………………………………...24 § 6. Берилмелердин өз убактылуулугу…………………………………………………24 § 7. Берилмелердин толуктугу…………………………………………………………..24 § 8. Берилмелердин форматы…………………………………………………………..24 § 9. Аэронавигациялык берилмелердин жана аэронавигациялык маалыматтардын валидациясы жана верификациясы..........................................25 § 10. Берилмелердеги каталарды табуу……………………..………………………..25 § 11. Автоматташтыруу каражаттарын колдонуу…………………………………….25 § 12. Сапатты башкаруу системасы…………………………………………………….26 § 13. Адамдык фактордун аспектилерин эске алуу………………………………….27 4-глава. Аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды колдонуу жааты................................................................................27 § 1. Аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды колдонуу……………………………………………………………………………………..27 § 2. Метаберилмелер……………………………………………………………………...28 5-глава. Аэронавигациялык маалымат чөйрөсүндөгү өнүмдөр жана кызматтар......................................................................................................................28 § 1. Жалпы жоболор……………………………………………………………………….28 § 2. Аэронавигациялык маалымат түшүнүгүнүн стандартташтырылган форматы……………………………………………………………………………………..29 § 3. Санариптик берилмелердин массивдери………………………………...……...31 § 4. AIP берилмелердин массивдери………………………………......……….……..32 § 5. Жер жана тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массиви…………………32 § 6. Жер жөнүндө берилмелердин массивдери………………………………………33 § 7. Тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массиви……………………………...34 § 8. Аэродромдук картографиялык берилмелеринин массивдери………………..35 § 9. Приборлор боюнча учуу схемалары жөнүндө берилмелердин массивдери.36 § 10. Туш-тушка жиберүү кызматы……………………………………………………...36 § 11. NOTAM жиберүү………………………………………………………………..…...36 § 12. Учуу алдындагы маалыматтык тейлөө………………………………………….37 § 13. Учуудан кийинки маалыматтык тейлөө……………………………………….…37 6-глава. Аэронавигациялык маалыматты жаңыртуу.................................................38 § 1.Жалпы жоболор……………………………………………………….……………….38 § 2. Аэронавигациялык маалыматты регламентациялоо жана көзөмөлдөө (AIRAC)………………………………………………………………………………………38 § 3. AIPти жаңыртуусу……………………………………………………………………..40 § 4.NOTAM…………………………………………………………………………………..40 § 5.Берилмелердин массивдерин жаңыртуу………………………………………….43
|
Бул Авиациялык эрежелер «КРАЭ-15. Учуу аэронавигациялык камсыздоосу» (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагында аэронавигациялык маалымат менен камсыздоону уюштурууну жөнгө салат жана аэронавигациялык маалыматтарга коюлуучу талаптарды белгилейт.
Бул Эрежелер жарандык авиациянын уюмдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонууга байланыштуу ишмердик жүргүзгөн авиациялык персоналга колдонулат.
Бул Эрежелер Эл аралык граждандык авиация жөнүндө конвенциянын 15-тиркемесинин негизинде иштелип чыкты. «Аэронавигациялык маалымат кызматы», 2018-жылдын 16-басылышы, № 43 өзгөртүүлөрүн жана 2025-жылдын 4-августунда күчүнө кирген № 44 өзгөртүүнү камтыйт.
Бул эрежелер ЭЖАУнун төмөнкү документтери менен чогуу колдонулат:
1) «ЭЖАУнун кыскартуулары жана коддору» (PANS-ABC, Doc 8400);
2) «Аэронавигациялык тейлөө эрежелери. «Аэронавигациялык маалымат менен башкаруу» (PANS-AIM, Doc 10066);
3) «Аэронавигациялык маалымат кызматтары боюнча колдонмо» (Doc 8126).
1. Ушул Эрежелерде Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары менен аныкталган терминдер, ошондой эле тиешелүү аныктамалар менен төмөнкүдөй терминдер колдонулат.
Туташуу дареги - берилмелерди берүү линиясын АКБ органына туташтыруу үчүн колдонулган аныкталган код.
Авиациялык бекилген кызмат (AFS) - белгиленген бекилген пункттардын ортосундагы электр байланыш кызматы, биринчи кезекте, аэронавигациянын коопсуздугун жана аба катташуулардын үзгүлтүксүздүгүн, натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыз кылат.
Адам факторунун аспектилери - авиациядагы долбоорлоо, сертификаттоо, кадрларды даярдооо процесстерине, эксплуатациялоо иштерине жана техникалык тейлөөгө карата колдонулуучу жана адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен адамдардын жана системанын башка компоненттеринин коопсуз өз ара аракетин камсыз кылууга багытталган принциптер.
Элемент атрибуту - элементтин мүнөздөмөсү.
Эскертүү: Элемент атрибуту маалыматтын аталышын, түрүн жана ага байланышкан маанилердин көлөмүн камтыйт.
Аэродром - аба учагынын келиши, учушу жана кыймылдашы үчүн толугу менен же жарым-жартылай арналган жердин же суу бетинин (анын ичинде ар кандай имараттардын, курулмалардын жана шаймандардын) белгилүү бир аянты.
Аэронавигациялык маалымат - аэронавигациялык берилмелерди топтоонун, талдоонун жана форматтоонун натыйжасында алынган маалымат.
Аэронавигациялык карта - аэронавигация үчүн атайын иштелип чыккан, жер бетинин бир бөлүгүнүн, анын рельефинин жана жасалма курулуштарынын шарттуу сүрөтү.
Аэронавигациялык берилмелер - аэронавигациялык факт боюнча берилмелерди, концепцияны же көрсөтмөнү формалдаштырылган тартипте байланышуу, чечмелөө же иштеп чыгуу үчүн ылайыкташтырылган билдирүү.
Негиз - башка чоңдуктар үчүн баштапкы чекит же эсептөө негизи катары кызмат кыла турган кандайдыр бир чоңдук же чоңдуктар тутуму.
Учууга чейинки маалымат бюллетени (РIВ) - чоң эксплуатациялык мааниге ээ болгон, учуу алдында даярдалган учурдагы NОТАМ маалыматы.
Валидация - конкреттүү болжолгон колдонууга карата талаптар ISO 9000 сериясындагы стандарттарды колдонуу менен аткарылгандыгын объективдүү далилдерди келтирүү менен тастыктоо.
Верификация - белгиленген талаптар ISO 9000 сериясындагы стандарттарды колдонуу менен аткарылгандыгын объективдүү далилдерди келтирүү менен тастыктоо.
Эскертүү: "Верификацияланган" термини тийиштүү статусту аныктоо үчүн колдонулат.
Вертодром - аэродром же ушул бетке тик учактардын келишине, учушуна жана кыймылына толугу менен же жарым-жартылай арналган, курулманын үстүңкү бетинин көрсөтүлгөн аянты.
Элементтердин өз ара байланышы - бир түрдөгү же башка түрдөгү элементтердин ортосундагы байланыш, ISO 19101 сериясындагы стандарт.
Геоид толкундары - математикалык жактан аныкталган референц-эллипсоиддин бети менен геоиддин бетинин ортосундагы аралык (оң мааниси же терс мааниси).
Эскертүү: Дүйнөлүк геодезиялык тутумда аныкталган эллипсоид үчүн - 1984 (WGS-84), WGS-84 эллипсоидине жана геоиддин ортометриялык бийиктигине карата бийиктиктин айырмасы геоид толкуну болуп саналат.
Эллипсоидге карата бийиктик (геодезиялык бийиктик) - каралып жаткан чекит аркылуу жүргүзүлгөн эллипсоидге нормальды бойлой ченелген, референц-эллипсоиддин бетине карата бийиктик.
Геодезиялык аралык - математикалык түрдө аныкталган эллипсоиддик беттеги каалаган эки чекиттин ортосундагы аралык.
Геоид - жердин тартылуу талаасындагы козголбогон орто деңиз деңгээлине (MSL) жана анын материктердин астында уланышы менен дал келген эквипотенциалдуу бет.
Эскертүү: Геоид жергиликтүү гравитациялык козголуулардан (шамалдын кескин көтөрүлүшү, туздуулук, агымдар ж. б.) улам бир калыпта эмес формада болот жана тартылуу күчүнүн багыты геоид бетине карай каалаган чекиттеги перпендикулярды элестетет.
Жылаңач Жер - жердин Бети, анын ичинде суунун, түбөлүк муздун жана кардын толушу, өсүмдүктөрдөн жана жасалма курулмалардан тышкары.
Григориан календары - жылды аныктоого аналган календарь.
Эскертүү: Григориан календарында 365 күндөн турган туруктуу жылдар жана 366 күндөн турган тоук жылдар катары менен он эки айга бөлүнөт.
Элементтин аракети - ISO 19110 сериясынын тийиштүү түрдөгү ар бир элементи аткара ала турган аракет.
Эскертүү: «Плотина» түрүндөгү элемент менен байланышкан аракет плотинаны көтөрүүдө турат. Бул аракеттин натыйжасы болуп көлмөдөгү суунун деңгээлин көтөрүү саналат.
Ишенимдүү деңгээл - параметрдин чыныгы мааниси анын баалоочу маанисинин айланасындагы белгилүү бир аралыктын чегинде болушунун божомолу.
Эскертүү: Мындай аралык адатынча баалоо тактыгы деп аталат.
АIРге кошумча - АIРте камтылган маалыматка киргизилүүчү жана өзүнчө беттерде көрсөтүлүүчү убактылуу өзгөрүүлөр.
Тыюу салынган аймак - анын чегинде аба кемелеринин учушуна тыюу салынган өлкөнүн аймагынын же аймактык сууларынын үстүндөгү белгиленген көлөмдөрдөгү аба мейкиндиги.
Аймактык навигация (RNAV) - учактарга жер үстүндөгү же спутниктик навигациянын жардамы менен, же автономдуу мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде же экөөнүн тең айкалышында каалаган траектория боюнча учууга мүмкүндүк берген навигация ыкмасы.
Эскертүү: Аймактык навигация мүнөздөмөлөргө негизделген навигацияны, ошондой эле мүнөздөмөлөргө негизделген навигациянын аныктамасына кирбеген операциялардын башка түрлөрүн камтыйт.
Учууларды чектөө аймагы - анын чегинде аба кемелеринин учушу белгилүү шарттар менен чектелген өлкөнүн аймагынын же аймактык сууларынын үстүндөгү белгиленген көлөмдөрдөгү аба мейкиндиги.
Аэронавигациялык маалымат кызматынын милдети - учуулардын коопсуздугун, үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо үчүн зарыл болгон маалымат (берилмелер) агымын камсыздоодо турат.
Сүрөт - Адамдарга маалыматты көрсөтүү, ISO 19117.
Посттордун ортосундагы аралык - эки коңшу бийик белгилердин ортосундагы бурчтук же тилкелик аралык.
Маалымат өнүмү - маалымат өнүмүнүн ISO 19131 спецификациясына жооп берген берилмелер массиви же берилмелер массивинин топтому.
ЭЖАУ - эл аралык жарандык авиация уюму, бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси, аба каттамынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо үчүн зарыл болгон эл аралык нормаларды жана стандарттарды белгилейт.
Календарь - дискреттик убакыт эсептөө системасы, бир күндүк чыгаруу жөндөмү менен убакыт учурун аныктоонун негизин камсыздайт ISO 19108.
Аэродромдун картографиялык берилмелер базасы (AMDB) - түзүлүштүү берилмелердин жыйындысы түрүндө систематизацияланган жана көрсөтүлгөн аэродромдун картографиялык берилмелеринин тандалмасы.
Аэродромдун картографиялык берилмелери (AMD) - аэродромдук картографиялык маалыматты түзүү максатында чогултулган берилмелер.
Эскертүү: Аэродромдун картографиялык берилмелерин чогултуу максаты өзүнө колдонуучулардын жагдай боюнча маалымдалышын жакшыртууну, жер үстүндөгү навигацияны камсыздоону, окутууну, карта түзүүнү жана пландоону камтыйт.
Сапат - өз мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы ISO 9000 талаптарын аткарган даража.
Берилмелердин сапаты - берилген берилмелер тактыгы, чечилиши, бүтүндүгү (же эквиваленттүү кепилдиктин деңгээли), байкалаарлыгы, өз убагында болушу, толуктугу жана форматы боюнча берилмелерди колдонуучунун талаптарына жооп берүү божомолунун деңгээли же даражасы.
Бүтүндүк классификациясы (аэронавигациялык берилмелер) - бурмаланган берилмелерди колдонуунун потенциалдуу тобокелине негизделген классификация.
Аэронавигациялык берилмелердин төмөнкү классификациясы колдонулат
1) кадимки берилмелер: бурмаланган кадимки берилмелерди колдонууда коопсуз учууну улантуу жана аба кемесин кондуруу чоӊ тобокел жана катастрофанын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушунун абдан кичинекей божомолу бар;
2) маанилүү берилмелер: бурмаланган маанилүү берилмелерди колдонууда коопсуз учууну улантуу жана аба кемесин кондуруу чоӊ тобокел жана катастрофанын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушунун кичинекей божомолу бар;
3) кескин берилмелер: бурмаланган кескин берилмелерди колдонууда коопсуз учууну улантуу жана аба кемесин кондуруу чоӊ тобокел жана катастрофанын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушунун чоӊ божомолу бар;
4) Берилмелер массивинин топтому. ISO 19115 өнүмдүн бирдей спецификациясына ылайык келген берилмелер массивинин топтому.
Компоновкалоо - көптөгөн булактардан алынган берилмелерди берилмелер базасына бириктирүү жана кийинки иштеп чыгуу үчүн негиз түзүү процесси.
Эскертүү: Компоновкалоо этабында берилмелерди текшерүү аткарылып, табылган каталарды оӊдоо жана аныкталган боштуктарды четтетүү камсыздалат.
Контракттык автоматтык көз каранды байкоо (ADS-С) - анын жардамы менен жер үстүндөгү система менен аба кемесинин ортосунда ADS-C билдирмеси жана бул билдирмеде камтылган берилмелерди өткөрүү демилгеленген шарттарды көрсөтүү менен берилмелерди өткөрүү линиясы аркылуу ADS-C макулдашуусунун шарттары жөнүндө маалымат алмашуу жүргүзүлө турган байкоо түрү.
Эскертүү: Кыскартылган "контракттык ADS" термини адатынча үзгүлтүксүз эмес контракттык ADS’ти, сурам боюнча контракттык ADS режимин, мезгилдүү контракттык ADS режимин же шашылыш режимди белгилөө үчүн колдонулат.
Сапат көзөмөлү - сапатка болгон ISO 9000 талаптарын аткарууга багытталган сапат менеджментинин бир бөлүгү.
Кайталанма ашыкча кодду колдонуу менен көзөмөлдөө (CRC) - берилмелердин санариптик маанисине карата колдонулуучу математикалык алгоритм, ал белгилүү бир деӊгээлде берилмелерди жоготуудан жана өзгөртүүдөн коргоону камсыздайт.
Берилмелер массиви - ISO 19101 берилмелердин белгилүү бир топтому.
Эл аралык аэропорт - эл аралык аба ташууларды аткарган аэропорт, анда бажы, чек ара, санитардык-карантиндик көзөмөл жана башка жүргүнчүлөрдүн, багаждын, жүктүн жана почтанын кыймылын көзөмөлдөө камсыздалат.
Сапат менеджменти - ISO 9000 сапатына колдонулуучу уюмду жетектөө жана башкаруу боюнча координацияланган иш.
Түз транзит боюнча иш-чаралар - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген, анын натыйжасында мамлекеттин аймагы аркылуу транзит менен жүрүп баратканда кыска мөөнөткө токтогон аба кемеси (жана аларды жүктөө) ушул органдардын түздөн-түз көзөмөлүндө болушу мүмкүн.
Жер - тоолор, адырлар, тоо кыркалары, өрөөндөр, суунун, түбөлүк муздун жана кардын топтолушу сыяктуу табигый элементтери бар Жердин бети, тоскоолдуктарды эске албаганда.
Эскертүү: Практикалык максаттарда, берилмелерди алуу ыкмасына жараша, жер - бул жылаңач Жерди, "биринчи чагылтуу бети" деп да аталган чатырдын чокусун же алардын ортосундагы нерселерди аралап өткөн үзгүлтүксүз бет.
Орун алган жери (географиялык) - жер бетиндеги чекиттин ордун аныктаган математикалык аныкталган референц-эллипсоидге байланган координаттар (кеңдик жана узундук).
Метаберилмелер - ISO19115 берилмелери жөнүндө берилмелер.
Эскертүү: Берилмелердин мазмунун, сапатын, абалын же башка мүнөздөмөлөрүн структуралап баяндоо.
Каттам боюнча учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги (МЕА) -тиешелүү навигация каражаттарынан жана АКТнын байланыш каражаттарынан сигналдарды жетиштүү деңгээлде кабыл алууну камсыз кылган каттам бөлүгүндөгү учуунун абсолюттук бийиктиги аба мейкиндигинин түзүмүнө дал келет жана тоскоолдуктардан учуп өтүү үчүн зарыл болгон бийиктикти камсыз кылат.
Тоскоолдуктардан учуп өтүүнүн минималдуу абсолюттук бийиктиги (МОСА) - тоскоолдуктардын үстүндө зарыл болгон бийиктикти камсыздаган белгилүү бир участоктон учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги.
Мүнөздөмөлөргө негизделген байкоо (PBS) - аба кыймылын тейлөөдө колдонулган талаптарга жана мүнөздөмөлөргө негизделген байкоо.
Эскертүү: Талап кылынган байкоо мүнөздөмөлөрү (RSP) өзүнө байкоо жүргүзүү жана берилмелерди шайкеш жеткирүү убактысы, үзгүлтүксүздүк, даярдык, бүтүндүк, байкоо берилмелеринин тактыгы, коопсуздугу жана аба мейкиндигинин конкреттүү концепциясынын контекстинде сунуш кылынган операцияны аткаруу үчүн зарыл болгон функционалдуулук жагынан тутумдун компоненттерине таандык байкоо мүнөздөмөлөрүнө болгон талаптарды камтыйт.
Навигациялык спецификация - белгиленген аба мейкиндигинин чектеринде мүнөздөмөлөргө негизделген навигация шарттарында учууну камсыздоо үчүн талап кылынган аба кемесине жана учуу экипажына коюлган талаптардын жыйындысы. Навигациялык спецификациянын эки түрү бар.
Талап кылынгын навигациялык мүнөздөмөлөрдүн спецификациясы (RNP) - Аймактык навигацияга негизделген навигациялык спецификация, ал өзүнө RNP префикси менен белгиленген, мисалы RNP 4, RNP АРСН, мүнөздөмөлөрдү сактабоо жөнүндө эскертүүлөрдү кармоону көзөмөлдөөгө жана берүүгө болгон талаптарды камтыйт.
Аймактык навигациянын спецификациясы (RNAV) - аймактык навигацияга негизделген навигациялык спецификация, ал өзүнө RNАV префикси менен белгиленген, мисалы RNAV 5, RNAV 1, мүнөздөмөлөрдү сактабоо жөнүндө эскертүүлөрдү кармоону көзөмөлдөөгө жана берүүгө болгон талаптарды камтыбайт.
Эскертүү 1: Навигациялык спецификациялар боюнча көрсөтмөлүк материал ЭЖАУнун Doc 9613 документинин II “Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация (PBN) боюнча Колдонмо” томунда камтылган.
Эскертүү 2: RNР термини бир гана навигациялык спецификациялардын контекстинде колдонулат, алар өзүнө мүнөздөмөлөрдү сактабоо жөнүндө эскертүүлөрдү кармоону көзөмөлдөөгө жана берүүгө болгон талаптарды камтыйт.
Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация (PBN) - АКТ каттамы боюнча, приборлор боюнча конуу схемасы боюнча учкан аба кемелеринин мүнөздөмөлөрүнө болгон талаптарга негизделген аймактык навигация же аныкталган аба мейкиндигинде учуу.
Эскертүү: Мүнөздөмөлөргө болгон талаптар навигациялык спецификацияларда (RNAV спецификациясы, RNP спецификациясы) конкреттүү аба мейкиндигинин контекстинде пландаштырылган учууну жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган тактык, бүтүндүк, үзгүлтүксүздүк, жеткиликтүүлүк жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү боюнча аныкталат.
Сапатты камсыздоо - кызматтардын, өнүмдөрдүн сапатына болгон талаптарды аткарууга кепилдик берген сапат менеджментинин системасы ISO 9000.
Байкоо негизинде АКТны тейлөө - АКТ байкоо системасынын жардамы менен түздөн түз камсыздалган тейлөөнүн бир түрү.
Кооптуу аймак - анын алкагында белгилүү бир убактарда аба кемелеринин учуусу үчүн кооптуулукту жараткан аракеттер аткарылышы мүмкүн болгон, белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги.
АЧК таануу аймагы (ADIZ) - белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндигинин атайын белгиленген бөлүгү, анын чегинде аба кемеси аба кыймылын тейлөөгө байланыштуу аткарылгандардан тышкары атайын таануу жана / же билдирме берүү жол-жоболорун аткарышы керек.
Эл аралык NОТАМ органы (NОF) - NОТАМ билдирүүлөрү менен эл аралык алмашуу үчүн мамлекет тарабынан түзүлгөн орган.
Аба кыймылын уюштуруу (АКУ) - бардык тараптар менен кызматташтыкта каражаттарды жана үзгүлтүксүз кызматтарды көрсөтүү жана борттук, жер үстүндөгү функцияларды колдонуу аркылуу, коопсуз, үнөмдүү жана эффективдүү түрдө жүзөгө ашырылуучу аба кыймылын, аба мейкиндигин, анын ичинде аба кыймылын тейлөөнү, аба мейкиндигин уюштурууну жана аба кыймылынын агындарын уюштурууну инамикалуу жана интеграциялуу уюштуруу.
Ортометрикалык бийиктик - адатынча, MSL үстүнөн ашууну элестеткен геоид үстүндөгү чекиттин бийиктиги.
Салыштырмалуу бийиктик - белгиленген базадан чекит катары кабыл алынган деңгээлге, чекитке же объектке чейинки тик аралык.
Аэронавигациялык маалымат менен камсыздоо - аэронавигациялык маалыматты кабыл алууну, иштеп чыгууну, форматтоону, жарыялоону, сактоону жана жайылтууну камтыйт.
Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында структурасы, персоналы, техникалык каражаттары жана аба кыймылына кызмат көрсөтүүгө күбөлүгү бар юридикалык жак;
Манёвр жасоо аянты - аэродромдун перрондорун кошпогондо, аба кемелерин учурууга, кондурууга жана башкарууга арналган бөлүгү.
Жердин тоскоолдуктары жөнүндө берилмелерди эске алуу бети - жердин тоскоолдуктары жөнүндө берилмелерди түзүү максатында колдонулуучу бет.
Жер катмары - өсүмдүктөрдүн салыштырмалуу бийиктиги эске алынган жылаңач Жер.
Берилмелердин толуктугу - болжолдонгон пайдаланууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык берилмелер көрсөтүлгөндүгүнүн мүмкүндүк деңгээли.
АIРке оңдоо - АIРте камтылган маалыматка киргизилүүчү туруктуу өзгөрүүлөр.
Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында структурасы, персоналы, техникалык каражаттары жана аба кыймылына кызмат көрсөтүүгө күбөлүгү бар юридикалык жак;
Тоскоолдук - бардык кыймылсыз (убактылуу же туруктуу) жана кыймылдуу объекттер же алардын бир бөлүгү, алар
1) аба кемелеринин бет үстүндө жылышына арналган аймакта жайгашкан; же
2) учуу учурунда аба кемесинин коопсуздугун камсыз кылууга арналган белгилүү бир жер үстүнөн көтөрүлүп чыгат; же
3) ушул аныкталган беттерден тышкары жайгашып, аба навигациясы үчүн коркунучтуу деп бааланат.
Тактык - өлчөө учурунда ишенимдүү айырмалана турган кичинекей айырмачылык.
Эскертүү: Геодезиялык сүрөткө тартууда колдонууда, тактык - бул операцияны аткаруудагы сапаттын деңгээли же өлчөө үчүн колдонулган шаймандардын жана ыкмалардын мыктылык деңгээли болуп саналат.
Колдонуу - колдонуучунун талаптарын эске алуу менен маалыматтарды манипуляциялоо жана иштеп чыгуу (ISO 19104).
Аэронавигациялык маалыматтын өнүмү - санариптик берилмелердин массивдери түрүндө же басылып чыккан же электрондук маалымат сактоочуларда стандартташтырылган форматта берилген аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар. Аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү төмөнкүлөрдү камтыйт
1) аэронавигациялык маалыматтардын жыйындысын (AIP), анын ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду;
2) аэронавигациялык маалымат циркулярларын (AIC);
3) аэронавигациялык карталарды;
4) NOTAM;
5) санариптик берилмелердин массивдерин.
Эскертүү: Аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү биринчи кезекте эл аралык аэронавигациялык маалымат алмашуу муктаждыктарын канааттандырууга багытталган.
Байкалуу - каралып жаткан нерсенин тарыхын, колдонулушун же жайгашкан жерин байкоо мүмкүнчүлүгү (ISO 9000).
Эскертүү: Өнүмдү кароодо байкалуу төмөнкүлөргө кириши мүмкүн:
1) материалдардын же комплекттөөчү нерселердин келип чыгышы;
2) иштетүү тарыхы;
3)жеткирилгенден кийин өнүмдөрдү бөлүштүрүү жана жайгаштыруу.
Берилмелердин байкалуусу - системанын же маалымат өнүмүнүн, түпкү колдонуучудан түзүүчүгө чейин аудитордук өтмө текшерүүнү аткарууга мүмкүндүк берүү менен, бул өнүмгө киргизилген өзгөртүүлөрдү жазуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли.
Жумушчу аянт - манёвр жасоо аянтынан жана перрондон (-дордон) турган аэродромдун аба кемелерин учурууга, кондурууга жана башкарууга арналган бир бөлүгү.
Радио аркылуу берилүүчү автоматтык көз каранды байкоо (ADS-B) - аба кемелери, аэродромдук транспорт каражаттары жана башка объекттер, берилмелерди өткөрүүнүн радио аркылуу берүү режимин колдонуу менен, мындай маалыматты автоматтык түрдө таануу индекси, жайгашкан жери жөнүндө берилмелер жана, зарылчылыг боюнча, кошумча берилмелер катары бере жана / же ала турган көзөмөлдөө түрү.
Радионавигациялык кызмат - аба кемелеринин эффективдүү жана коопсуз учуусу үчүн бир же бир нече радионавигациялык каражаттын жардамы аркылуу көрсөтмөлөрдү берүүчү маалыматтарды же жайгашуу маалыматтарын берүүчү кызмат.
Берилмелердин өлчөмү - колдонулган өлчөнгөн же эсептелген маанинин тартибин аныктаган бирдиктердин же цифралардын саны.
Аэронавигациялык маалыматтардын жыйындысы (АIР) - аэронавигация үчүн чоң мааниси бар узак мөөнөттүү аэронавигациялык маалыматтарды камтыган мамлекет тарабынан чыгарылган же санкцияланган басылма.
Берилмелердин өз убактылуулугу - берилмелер, алардын божомолдуу колдонулган мезгилине карата колдонулуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли.
Берилмелерди берүү линиясы боюнча «диспетчер-учкуч» байланышы (CPDLC). Берилмелерди берүү линиясын колдонуу менен АКБ максатында диспетчер менен учкучтун ортосундагы байланыш каражаты.
Мүнөздөмөлөргө негизделген байланыш (PBC) - аба кыймылын тейлөөгө колдонулган талаптарга жана мүнөздөмөлөргө негизделген байланыш.
Эскертүү: Байланыштын талап кылынган көрсөткүчтөрү (RCP) белгилүү бир аба мейкиндигинин концепциясынын контекстинде сунуш кылынган операцияны жүргүзүү үчүн талап кылынган байланыш жана тиешелүү берүү убактысын, үзгүлтүксүздүктү, жеткиликтүүлүктү, бүтүндүктү, коопсуздукту жана функционалдуулукту камсыздоо жагынан системанын компоненттерине кирген байланыш мүнөздөмөлөрүнө болгон талаптарды камтыйт.
Геодезиялык координаттар системасы - дүйнөлүк эсептөө / координаттар системасына карата жайгашкан жерин аныктоо жана жергиликтүү эсептөө системасын багыттоо үчүн талап кылынган параметрлердин минималдуу жыйындысы.
АКТны көзөмөлдөө тутуму - ADS-B, ПОРЛ, ВОРЛ системаларына же аба кемесин табууга мүмкүндүк берген каалаган башка салыштырыла турган жер системаларына өз-өзүнчө түшүнүк берилген жалпы термин.
Эскертүү: Салыштырмалуу жер системасы – бул салыштырмалуу баалоонун натыйжасында же башка ыкманы колдонуунун жардамы менен, ал камсыз кылган учуунун жана мүнөздөмөлөрдүн коопсуздук деңгээли моноимпульсивдүү ВОРЛдин аналогиялык көрсөткүчүнө ылайык келүүсү же андан ашуусу.
Станциянын ийилүүсү - белгиленген VOR нөлдүк радиалынын VOR станциясын калибрлөө менен аныкталган чыныгы түндүктөн четтөөсү.
Кийинки божомолдонгон колдонуучу - аэронавигациялык маалымат кызматынын аэронавигациялык берилмелерди же маалыматтарды алган уюм.
Аэродромдун аймагында автоматтык түрдө маалымат берүү кызматы (ATIS) - күнү-түнү же күндүн белгилүү бир мезгилинде учуп келүүчү жана учуп кетүүчү аба кемелери үчүн автоматтык түрдө учурдагы белгиленген маалыматты берүү:
Берилмелерди берүү линиясын колдонууга негизделген аэродромдун аймагында автоматтык түрдө маалымат берүү кызматы (D-ATIS) - ATIS’ти берилмелерди берүү линиясы боюнча көрсөтүү.
Сүйлөө байланышын колдонууга негизделген аэродромдун аймагында автоматтык түрдө маалымат берүү кызматы (сүйлөө ATIS) - ATIS’ти үзгүлтүксүз жана кайталануучу сүйлөөнү радио аркылуу берүү түрүндө көрсөтүү.
Аэронавигациялык маалымат кызматы (АМК) - белгиленген иш чөйрөсүндө түзүлгөн, аба навигациясынын коопсуздугун, үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды берүү үчүн жооптуу кызмат.
Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык маалымат кызматы -түзүлүшү, персоналы, техникалык каражаттары жана Кыргыз Республикасында аэронавигациялык маалымат кызматтарын көрсөтүүгө сертификаты бар аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү.
Түзүүчү (баштапкы аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды) - берилмелерди же маалыматтарды калыптоо үчүн жооптуу жана АМК бирдиги аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды алган уюм.
Түзүү (баштапкы аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды) - жаңы берилмелер жана маалыматтар менен байланышкан параметрлерди калыптоо, же бар берилмелердин же маалыматтардын параметрлерин өзгөртүү.
Маалыматтык өнүмдүн спецификациясы - берилмелер массивин же кошумча маалымат менен бирге берилмелердин массивинин топтомун кеңири баяндоо, ал аларды калыптоого, башка тарапка жеткирүүгө жана башка тарапка аларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет ISO 19131.
Эскертүү: Маалымат өнүмүнүн спецификациясы предметтик чөйрөнүн сүрөттөмөсүн жана берилмелер массивиндеги предметтик чөйрөнүн чагылышуу спецификациясын камсыздайт. Ал маалыматтарды түзүү, сатуу, түпкү колдонуу же башка максаттарда колдонулушу мүмкүн.
Байкоонун талап кылынган мүнөздөмөлөрүнүн спецификациясы (RSP) - аба кыймылын жана ага байланыштуу жердеги жабдууларды, аба кемесинин мүмкүнчүлүктөрүн жана мүнөздөмөлөргө негизделген байкоо жүргүзүү үчүн керектүү операцияларды көрсөтүүгө коюлган талаптардын жыйындысы.
Байланыштын талап кылынган мунөздөмөлөрүнүн спецификациясы (RCP) - аба кыймылын жана ага байланыштуу жердеги жабдууларды, аба кемесинин мүмкүнчүлүктөрүн жана мүнөздөмөлөргө негизделген байланыш үчүн керектүү операцияларды көрсөтүүгө коюлган талаптардын жыйындысы.
Техногендүү чөйрө - жер үстүндөгү бардык жасалма курулмалар, мисалы шаарлар, темир жолдор жана каналдар.
Элементтин түрү ISO 19110 - жалпы касиеттери менен реалдуу дүйнөнүн кубулуштарынын классы.
Эскертүү: Элементтердин каталогунда классификациянын негизги деңгээли болуп элементтин түрү саналат.
Берилмелердин тактыгы - эсептелген же өлчөнгөн маанинин чыныгы мааниге дал келүү деңгээли.
Талап. ISO 9000 аныкталган же милдеттүү болгон муктаждык же күтүү.
Эскертүү 1: Талаптын белгилүү бир түрүн белгилөө үчүн мисалы, өнүмгө болгон талап, сапат системасына болгон талап, кардарлардын талабы сыяктуу сөздөрдү колдонсо болот.
Эскертүү 2: - Белгиленген талап болуп, мисалы, документте көрсөтүлгөн талап эсептелет.
Эскертүү 3: - Талаптар ар кандай кызыкдар тараптар тарабынан коюлушу мүмкүн.
Аэронавигациялык маалыматты башкаруу (АIM) - бардык тараптар менен биргеликте сапаттуу кепилденген санариптик аэронавигациялык маалыматтарды берүү жана алмашуу аркылуу аэронаивгациялык маалыматты динамикалуу, комплекстүү башкаруу.
Берилмелердин форматы - стандарттарга, спецификацияларга же берилмелердин сапатына коюлган талаптарга жооп берүү үчүн уюштурулган берилмелердин элементтеринин, эсеп жазуулардын жана файлдардын түзүмү.
Берилмелердин бүтүндүгү (кепилдиктердин деңгээли) - даярдалгандан же санкциялуу түрдө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин аэронавигациялык берилмелердин жана анын параметрлеринин жоголборуна же өзгөрүлбөрүнө болгон белгилүү бир кепилдик.
Аэронавигациялык маалыматтын циркуляры (АIС) - NOTAM чыгарууну же аны AIP’ке киргизүүнү талап кылбаган, бирок учуу же аэронавигациялык, техникалык, административдик жана укуктук маселелердин коопсуздугуна байланыштуу маалыматтарды камтыган билдирүү.
Чектен ашуунун санариптик модели (DEM) - белгилүү бир торчонун бардык түйүндөрүндө жалпы негизинен өлчөнгөн чектен ашуу чоңдуктарынын үзгүлтүксүз катары түрүндө жердин бетинин чагылдырылышы.
Эскертүү: Жердин санариптик модели (DTM) кээде DEM деп да аталат.
Элемент - Реалдуу дүйнөнүн кубулуштарын билдирген абстракттуу түшүнүк ISO 19101.
Каттамдын этабы - аралык конуусу жок учуп өтүлгөн каттам (же анын бир бөлүгү).
АIRАС - (аэронавигациялык маалыматты регламентациялоо жана көзөмөлдөө) жалпы күчүнө кирүү күндөрдүн негизинде иштөө практикасында олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылган жагдайлар жөнүндө алдын ала кабарлоо үчүн иштелип чыккан системаны билдирген кыскартуу.
ASHTAM - аба кемелерин учуруу үчүн маанилүү болгон, вулкан кыймылардын өзгөрүшү, вулкандын атылышы жана / же вулкан күлүнүн булуту жөнүндө атайын форматта берилген маалыматтарды камтыган NOTAM сериясы.
NОТАМ - электр байланыш тарабынан жиберилген, ар кандай аэронавигациялык жабдыктардын, кызматтардын жана эрежелердин ишке киргизилиши, абалы же өзгөрүшү жөнүндө маалыматты, же аба каттамдарын жүргүзүүгө катышкан персонал үчүн өз убагында эскертүү өтө маанилүү болгон маалыматты камтыган билдирүү.
SNОWТАМ - стандарттуу форматта берилүүчү атайын сериядагы NOTAM, ал аэродромдун жумушчу аянтында кардын, муздун, баткактын, кыроонун, туруктуу суунун же кардын, баткактын, муздун же кыроонун эрүүсүнөн пайда болгон суунун эсебинен пайда болгон кооптуу шарттардын бар экендигин же аны токтотууну билдирген УКТнын бетинин абалы жөнүндө билдирмени камтыйт.
VOLMET - учуп жүргөн аба кемелери үчүн метеорологиялык маалымат.
VOLMET берилмелерди берүү линиясы (D-VOLMET) - аэродром боюнча учурдагы үзгүлтүксүз метеорологиялык маалыматтарды (METAR) жана аэродром боюнча атайын метеорологиялык маалыматтарды (SPECI), аэродром боюнча болжолдоолорду (TAF), SIGMET маалыматтарын, борттон келген атайын билдирмелерди жана, эгер бар болсо, берилмелерди берүү линиясы боюнча AIRMET билдирүүлөрүн көрсөтүү.
VOLMET радио аркылуу берүүсү - тийиштүү учурларда учурдагы METAR, SPECI, TAF болжолдоолорун жана SIGMET маалыматын үзгүлтүксүз жана кайталануучу сүйлөө түрүндө радио аркылуу берип көрсөтүү.
2. Эл аралык аэронавигация максатында, Дүйнөлүк геодезиялык система - 1984 (WGS-84) горизонталдык тегиздикте эсептөө системасы (геодезиялык) катары колдонулат. Ушуга байланыштуу, жарыяланган аэронавигациялык географиялык координаттар (кеңдикти жана узундукту белгилеген) геодезиялык эсептөө негизине (WGS-84) салыштырмалуу туюнтулат.
Эскертүү: WGS-84 боюнча толук нускамалык материал Бүткүл дүйнөлүк геодезиялык система – 1984 (WGS-84) боюнча колдонмодо (Doc 9674) камтылган.
3. Так геодезиялык так колдонмолордо жана айрым аэронавигациялык колдонмолордо тектоникалык плиталардын кыймылынын убакыт өткөн сайын өзгөрүшүн жана жер кыртышына толкундардын (деңиздин ташкыны жана тартылышы) таасирин моделдештирүү жана баалоо зарыл. Убакыт факторунун таасирин эске алуу үчүн ар кандай станциянын абсолюттук координаттар тизмесине эсептөөнүн баштапкы мезгили киргизилиши керек.
Эскертүү: WGS-84 опордук системасынын акыркы версиясы (G2139) GPS башкаруу сегментинин курамына кирген он жети GPS байкоо станциясы тарабынан берилген координаттар аркылуу ишке ашырылат. Алар IGb14 менен шайкеш келет (ал ITRF 2014 – 2014-жылкы эл аралык жердик опордук система менен барабар деп эсептелет), эсептөөнүн баштапкы мезгилинин көрсөткүчү 2005.0 болгон учурда.
4. Эл аралык аэронавигация максаттары үчүн вертикалдык тегиздиктеги эсептөө системасы катары база катары алынган деңиздин орточо деңгээли (MSL) колдонулат.
Эскертүү 1: Глобалдык масштабда геоид MSLге барабар. Ал Жердин гравитациялык талаасындагы эквипотенциалдык бет катары аныкталат жана ал тынч (бузулбаган) MSL менен, ошондой эле анын материктердин астындагы уландысы менен дал келет.
Эскертүү 2: Гравитацияга көз каранды салыштырмалуу бийиктиктер (превышения) ортометриялык бийиктиктер деп да аталат, ал эми эллипсоиддин үстүндөгү чекитке чейинки аралык эллипсоидге салыштырмалуу бийиктик деп аталат.
5. Эл аралык аэронавигацияда глобалдык гравитациялык модель катары Жердин гравитациялык модели – 1996 (EGM-96) колдонулат.
6. Географиялык аймактарда, эгерде EGM-96 модели талап кылынган тактыкка жооп бербесе (бийиктик айырмаларынын жана геоид толкунунун тактыгына), анда EGM-96нын маалыматтарынын негизинде жогорку чечимдүүлүккө ээ (кыска толкундуу) гравитациялык талаа боюнча маалыматтарды камтыган региондук же жергиликтүү геоид моделдери иштелип чыгып колдонулат. Эгерде EGM-96 моделинин ордуна башка геоид модели колдонулса, анда Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагында (AIP) колдонулган моделдин сүрөттөлүшү, ошондой эле ошол моделден EGM-96га өтүүдө салыштырмалуу бийиктиктерди кайра эсептөө үчүн зарыл болгон параметрлер көрсөтүлүүгө тийиш.
Эскертүү: Аэродромдордогу/вертодромдордогу белгилүү позициялар үчүн бийиктик айырмаларын жана геоид толкундарынын маанилерин аныктоо жана берүү боюнча (полевые съемка тактыгы жана маалыматтардын бүтүндүгү) талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документине кошумча 1-де көрсөтүлгөн.
§ 4. Убакыт эсептөө системасы
7. Эл аралык жарандык авиациянын максаттары үчүн убакытты эсептөө системасы катары Григориан календары жана дүйнөлүк координацияланган убакыт (UTC) колдонулат.
Эскертүү 1: Убакыт мааниси – убакытты эсептөө системасына салыштырмалуу өлчөнгөн убакыт учуру.
Эскертүү 2: Дүйнөлүк координацияланган убакыт (UTC) - бул Эл аралык убакыт бюросу (BIH) жана IERS тарабынан берилген убакыт шкаласы болуп саналат, жана стандарттык жыштыктарды жана убакыт сигналдарын координациялап бөлүштүрүүнүн негизин камсыздайт.
Эскертүү 3: UTC’ге байланыштуу нускама материал "Абадагы жана жердеги операцияларда колдонулуучу өлчөө бирдиктери" 5-КРАЭде камтылган Эскертүү 4: ISO 8601 стандарты маалымат алмашууда Григориан календарынын жана жергиликтүү убакыттын же UTC боюнча 24 сааттык убакыттын колдонулушун аныктайт, ал эми ISO 19108 стандарты Грегориан календарын жана UTCти географиялык маалыматка колдонууда убакытты эсептөөнүн негизги системасы катары колдонууну карайт.
8. Эл аралык жайылтууга арналган, ачык текст менен түзүлгөн аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү англис тилинде берилет.
9. Пункттардын аталыштары берилген мамлекеттин тилинде айтылышына ылайык жазылып, зарыл болгон учурда латын алфавитинин ISO-Basic тамгалары менен транслитерацияланат.
10. Аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды даярдоодо, иштеп чыгууда жана жайылтууда колдонулган өлчөө бирдиктери "Абадага жана жердеги операцияларда колдонулуучу өлчөө бирдиктери" 5-КРАЭде камтылган таблицаларды колдонууга карата мамлекеттин чечимине шайкеш келиши керек.
11. ЭЖАУнун кыскартуулары аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүндө, аларды колдонуу негиздүү болгон учурда жана ал аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды жайылтууну жеңилдеткен учурда колдонулат.
12. Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчүсүнүн аэронавигациялык малыматтар кызматына (АМК) Кыргыз Республикасынын Аба Кодексинин 5-Главасынын 22-беренесине ылайык аэронавигациялык кызмат көрсөтүү укугу берилди.
13. Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык маалымат кызматы Кыргыз Республикасы аба кыймылын тейлөө үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы үчүн аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды берүүнү камсыздайт.
14. Жарандык авиация органы (мындан ары -ЖАО) үчүн жана анын атынан берилген аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар, алар ошол органдын санкциясы менен берилгендиги жөнүндө так шилтеме менен коштолот. Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы берилген аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар үчүн жооптуу.
15. Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү ушул Эрежелердин 38-45-пункттарына ылайык аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды талаптагыдай сапатта берүүгө кепилдик берет.
16. Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды түзүүчү менен аэронавигациялык маалымат кызматынын ортосунда аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды өз убагында жана толук камсыз кылуу боюнча макулдашууларды түзүүнү камсыз кылат.
17. Аэронавигациялык маалымат кызматы аэронавигациянын коопсуздугун, үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды АКУ коомдоштугу койгон эксплуатациялык талаптаргаа жооп берген формада камсыз кылат, анын ичинде:
1) учуулардын өндүрүшү менен байланышкан персонал, анын ичинде учууларды пландоодо жана пилотаждык машыктыргычтарда учуу экипаждары;
2) учуу-маалымат кызматы үчүн жооптуу аба кыймылын тейлөө бөлүмү жана учуу алдындагы маалымат үчүн жооптуу кызматтар.
18. Аэронавигациялык маалымат кызматы Кыргыз Республикасы аба кыймылын тейлөөгө жооптуу болгон бүтүн аймакка тиешелүү болгон аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды кабыл алат, текшерет же компоновкалайт, оңдойт, форматтайт жана чыгарат/сактайт жана таратат. Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалымат аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү катары жарыяланат.
Эскертүү: Аэронавигациялык маалымат кызматы түзүүчүнүн функцияларын дагы аткарат.
19. Күнү-түнү тейлөө кызматы камсыздалбаган учурларда, ал аэронавигациялык маалымат кызматы аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликтүү болгон аймакта толук учуу убагында, жана ошондой эле, кеминде, учууга чейин жана андан кийин эки саат бою көрсөтүлөт. Ошондой эле, тейлөө каалаган башка убакта, каалаган авиациялык уюмдун талабы боюнча көрсөтүлөт.
20. Мындан тышкары, АМК алдын ала учууга байланыштуу маалыматтык тейлөөнү камсыз кылуу жана учуу учурундагы маалыматка болгон муктаждыктарды канааттандыруу үчүн төмөнкү булактардан аэронавигациялык маалыматтарды жана аэронавигациялык маалыматтык материалдарды алат:
1) башка мамлекеттердин аэронавигациялык маалымат кызматтарынан;
2) башка жеткиликтүү булактардан.
21. 20-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн булактардан алынган аэронавигациялык маалыматтар жана аэронавигациялык маалыматтык материалдар таратылган учурда, алар тиешелүү жарандык авиация органынын санкциясы менен жарыялангандыгы жөнүндө так шилтеме менен коштолот.
22. 20-пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн булактардан алынган аэронавигациялык маалыматтар жана аэронавигациялык маалыматтык материалдар мүмкүн болушунча таратуудан мурун текшерилет; эгерде мындай текшерүү жүргүзүлбөсө, анда бул жагдай так көрсөтүлөт.
23. Аэронавигациялык маалымат кызматы башка мамлекеттердин аэронавигациялык маалымат кызматтарына аэронавигациянын коопсуздугун, үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле ушул Эрежелердин 17-пунктунда белгиленген талаптарды аткаруу үчүн зарыл болгон бардык аэронавигациялык маалыматтарды жана маалыматтык материалдарды дароо берет.
24. АМК башка мамлекеттер тарабынан берилген аэронавигациялык маалыматтык продуктулардын бардык элементтерин алат.
АМК башка мамлекеттерден келип түшкөн аэронавигациялык маалыматтар жана аэронавигациялык маалыматтык материалдар боюнча суроо-талаптарды аткарууга ыйгарым укуктуу.
25. Мамлекеттердин атынан аэронавигациялык маалыматтар жана аэронавигациялык маалыматтык материалдарды берген тараптар менен алардын колдонуучуларынын ортосунда мындай тейлөөнү камсыз кылууга байланыштуу макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн.
26. Аба кыймылын тейлөөчү катары бир нече эл аралык NOTAM органдары дайындалган учурларда, ар бир органдын жоопкерчилигинин деңгээли жана тейлеген аймагы аныкталат.
27. Эксплуатациялык талаптарды канааттандыруу зарыл болгон учурда аэронавигациялык маалымат кызматы электробайланыш аркылуу таратылуучу NOTAMдардын чыгарылышын жана алынышын уюштурат.
28. Практикалык жактан мүмкүн болгон учурда аэронавигациялык маалымат кызматтарынын ортосунда түз байланыш орнотулат, бул эл аралык деңгээлде аэронавигациялык маалыматтар жана маалыматтык материалдар менен алмашууну жеңилдетет.
29. Төмөндө көрсөтүлгөн аэронавигациялык маалыматтык продуктулардын ар биринин бир нускасы (эгер бар болсо), аларды башка мамлекеттин аэронавигациялык маалымат кызматы ЭЖАУ тарабынан сураганда, өз ара макулдашылган формада акысыз берилет, атүгүл жарыялоо/сактоо жана таратуу ыйгарым укуктары башка агенттикке же субъектке берилген болсо дагы:
1) аэронавигациялык маалыматтар жыйнагы (AIP), анын ичинде өзгөртүүлөр жана толуктоолор;
2) аэронавигациялык маалыматтык циркулярлар (AIC);
3) NOTAM;
4) аэронавигациялык карталар.
30. Аэронавигациялык маалыматтык продуктулардын нускалары жана башка аэронавигациялык документтер, анын ичинде аэронавигацияга байланыштуу мыйзамдар жана эрежелерди камтыган документтер, мамлекеттердин жана уюмдардын ортосундагы макулдашууларга ылайык алмашылат.
31. Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар аэронавигация маалымат кызматы тарабынан пайдаланылышы үчүн санариптик берилмелердин массивдери түрүндө берилген учурларда, алар мамлекеттердин ортосундагы макулдашуулардын негизинде берилет. Эскертүү: Мунун мазмуну мамлекеттердин, ушул Эрежелердин 20-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар үчүн, маалыматтарга жеткилик алуусунда жатат.
32. ЭЖАУга мүчө-мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттер жана башка уюмдар тарабынан аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды, анын ичинде аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүнүн элементтерин жана башка аэронавигациялык документтерди, анын ичинде аэронавигацияга байланыштуу мыйзам чыгаруучу актыларды жана эрежелерди камтыган документтерди алуу катышкан мамлекеттер менен уюмдардын ортосундагы өзүнчө макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат, катышкан мамлекеттер менен уюмдардын ортосунда.
33. Берилмелердин массивин көрсөтүү үчүн, глобалдык функционалык шайкештикти камсыздаган аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар менен алмашуу моделдери колдонулат.
Эскертүү 1: Глобалдык функционалык шайкештикти камсыздаган аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар менен алмашуу моделдерине карата техникалык талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документине камтылган.
Эскертүү 2: Глобалдык функционалык шайкештикти камсыздаган аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар менен алмашуу моделдерине карата нускама материал ЭЖАУнун Doc 8126 документине камтылган.
34. Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү тарабынан автордук укук менен корголгон жана ушул Эрежелердин 24–33-пункттарына ылайык ылайык башка аэронавигациялык маалымат кызматына өткөрүлүп берилген каалаган КР АМК өнүмү үчүнчү жакка, ошол үчүнчү жак өнүмдүн автордук укук менен корголгону жөнүндө маалымдалган жана анын Кыргыз Республикасынын АМКсы тарабынан автордук укук менен корголгондугу жөнүндө жазуу болгон шарттарда берилет.
35. Эгерде аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды 31-пунктка ылайык мамлекетке берилсе, анда ал маалыматтарды алган мамлекет, бул маалыматтарды берген мамлекеттин макулдугусуз санариптик маалымат массивин эч кандай үчүнчү тарапка бербейт.
36. Аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды чогултуу жана жыйноо менен байланышкан кошумча чыгымдар ЭЖАУнун саясатында камтылган принциптерге ылайык аэропорттук жыйымдарга жана аэронавигациялык тейлөө үчүн жыйымдарга карата нарк негизине киргизилиши керек (Doc 9082)
Эскертүү: Эгерде аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды чогултуу жана жыйноо менен байланышкан чыгымдардын орду аэропорттук жыйымдар жана аэронавигациялык кызматтар үчүн жыйымдар аркылуу толтурулса, АМКнын аэронавигациялык маалыматтын конкреттүү өнүмүн көрсөтүү үчүн жеке керектөөчүдөн алынган төлөмдүн өлчөмү кагаз көчүрмөлөрүн басып чыгарууга же электрондук маалымат сактоочуларына чыгарууга жана аларды жайылтууга кеткен чыгымдарга негизделиши мүмкүн.
37. Аэронавигациялык маалымат кызматы тарабынан аныкталган маалыматтык башкаруу ресурстары жана процесстери аба кыймылын башкаруу системасынын чектеринде кепилденген сапаттагы аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды өз убагында чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону, интеграциялоону, алмашууну жана жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн жетиштүү болуп саналат.
38. Аэронавигациялык маалыматтардын тактык даражасы анын болжолдолгон пайдаланылышы менен аныкталат.
Эскертүү: Аэронавигациялык маалыматтардын тактыгынын тартибине (анын ичинде ыктымалдуулук деңгээлине) тиешелүү техникалык талаптар "Аэронавигациялык тейлөө эрежелери. Аэронавигациялык маалыматты башкаруу" (PANS-AIM, Doc 10066) 1-кошумчасында камтылган.
§ 3. Берилмелердин сапатына талапта берилмелердин өлчөмү
39. Аэронавигациялык берилмелердин өлчөмү маалыматтардын чыныгы тактыгына шайкеш келет.
1-эскертүү: Аэронавигациялык маалыматтардын өлчөмүнө тиешелүү техникалык талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документинин 1-кошумчасында камтылган.
2-эскертүү: Берилмелер базасында камтылган берилмелердин өлчөмү жарыяланган берилмелердин өлчөмү менен бирдей же андан жогору болушу мүмкүн.
40. Аэронавигациялык маалыматтардын бүтүндүгү маалыматтык чынжырдын бардык этабында – түзүлгөн учурдан тартып кийинки колдонуучуга жеткирилгенге чейин – сакталат.
Эскертүү: Аэронавигациялык маалыматтарга карата бүтүндүктү классификациялоого байланыштуу техникалык талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документине 1- кошумчада келтирилген.
41. Колдонулуучу бүтүндүк классификациясына жараша валидация жана верификация процедуралары киргизилет, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) кадимки берилмелерге карата: берилмелерди иштеп чыгуу этабында бурмаланууну алдын алат;
2) маанилүү берилмелерге карата: бурмалоо процесстин эч бир баскычында болбошуна кепилдик берет жана зарыл болгон учурда, бул баскычта берилмелердин бүтүндүгүнө кошумча кепилдиктерди алуу максатында, маалыматтык берилмелерди жалпы иштетүү процессинде(мисалы, чогултуу, иштетүү, сактоо, интеграциялоо, алмашуу жана берүү) мүмкүн болгон тобокелдиктерди жоюу үчүн кошумча процесстерди камсыз кылышы мүмкүн;
3) кескин берилмелерге карата: бурмалоо процесстин эч бир баскычында болбошуна кепилдик берет жана зарыл болгон учурда, бул баскычта берилмелердин бүтүндүгүнө кошумча кепилдиктерди алуу максатында, маалыматтык берилмелерди жалпы иштетүү процессинде (мисалы, чогултуу, иштетүү, сактоо, интеграциялоо, алмашуу жана берүү) тобокелдиктердин каталарды жоюу үчүн маалыматтардын бүтүндүгүнө кошумча кепилдик процедураларын карайт.
Эскертүү: Маалыматтардын бүтүндүгүн камсыз кылуу чараларына байланыштуу нускама материал «Аэронавигациялык маалымат кызматы боюнча колдонмо» (Doc 8126), II-бөлүк, 4.1 жана 6.2-бөлүмдөрүндө камтылган.
§ 5. Берилмелердин байкалуусу
42. Аэронавигациялык берилмелердин байкалуусу бул берилмелер колдонулуп жаткан мезгилде толук камсыздалып, сакталат.
§ 6. Берилмелердин өз убактылуулугу
43. Берилмелердин өз убактылуулугу берилмелердин элементтеринин иштөө мөөнөтүн чектөө жолу менен камсыздалат.
Эскертүү 1: Чектелген мөөнөттөр берилелердин өзүнчө элемепнттерине жана берилмелердин массивине тиешелүү.
Эскертүү 2: Эгерде иштөө мөөнөтү берилмелер массиви үчүн аныкталган болсо, анда ал берилмелердин бардык жеке элементтеринин иштөө мөөнөттөрүн эске алат.
44. Аэронавигациялык берилмелердин толуктугу алардын болжолдолгон колдонуусун колдоо максатында камсыздалат.
45. Көрсөтүлгөн аэронавигациялык берилмелердин форматы, алардын сунушталган колдонуусуна ылайык келген түрдө интерпретациялоо үчүн, адекваттуу болуп саналат.
46. Аэронавигациялык маалымат кызматына сунушталаардан мурун, аэронавигациялык маалымат өнүмүнүн бир бөлүгү катары киргизилген, чыгарылуучу материал, анын бардык керектүү маалыматтарды камтыгандыгына жана анын ар бир деталы туура экенине ынануу үчүн кылдаттык менен текшерилет.
47. Аэронавигациялык маалымат кызматы алынган аэронавигациялык берилмелердин жана аэронавигациялык маалыматтардын сапатына коюлган талаптарын сактоону камсыздоо үчүн верификация жана валидация процедурасын белгилейт.
48. Аэронавигациялык берилмелерди жана санариптик берилмелердин массивдерин берүүдө жана сактоодо каталарды аныктоо ыкмалары колдонулат.
49. Санариптик маалыматтардагы каталарды аныктоо ыкмалары ушул Эрежелердин 39,40-пункттарында көрсөтүлгөндөй маалыматтардын бүтүндүгүнүн бардык деңгээлдеринде колдонулат.
Эскертүү: Санариптик маалыматтардагы каталарды аныктоо ыкмаларына байланыштуу толук техникалык талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документинде камтылган.
50. Автоматташтыруу каражаттары аэронавигациялык маалымат кызматтарынын ыкчамдыгын, сапатын, натыйжалуулугун жана рентабелдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдонулат.
Эскертүү: Берилмелер базаларын иштеп чыгуу жана берилмелер менен алмашуу кызматын түзүү боюнча нускама материал «Аэронавигация маалымат кызматы боюнча колдонмо» (Doc 8126) документинде камтылган.
51. Автоматташтыруу каражаттарын киргизүүдө берилмелердин жана маалыматтардын бүтүндүгүнө тийиштүү көңүл бурулат жана тобокелдик факторлору аныкталган учурда, аларды четтетүү чаралары көрүлөт.
Эскертүү: Автоматташтырууну киргизүү учурунда система күтүлбөгөн жерден үзгүлтүккө учурап калса, берилмелердин жана маалыматтын бүтүндүгүн бузуу коркунучу пайда болушу мүмкүн. Берилмелердин сапатына коюлган талаптарды сактоо үчүн автоматташтыруу каражаттары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
52. Берилмелердин сапатына коюлган талаптарды сактоо үчүн, автоматташтыруу каражаттары:
1) аэронавигациялык маалыматтарды маалыматтарды иштетүү чынжырына катышкан тараптардын ортосунда алмашууга мүмкүндүк берет;
2) глобалдык өз ара иштешүүнү камсыз кылууга эсептелген аэронавигациялык маалымат менен алмашуунун моделдерин жана маалымат алмашуунун моделдерин колдонот. глобалдык өз ара иштешүүгө арналган аэронавигациялык маалымат алмашуу моделдерин жана берилмелер менен алмашуу моделдерин колдонот.
53. Аэронавигация маалымат кызматынын 17–23 - пункттарда көрсөтүлгөн бардык функцияларын камтыган сапатты башкаруу системаларын түзүү жана алардын иштөөсүн камсыз кылуу жүргүзүлөт. Ар бир функционалдык этап боюнча мындай сапатты башкаруу системаларын колдонуу ыкмалары көрсөтүлөт.
54. Сапатты башкаруу маалыматтардын колдонулушун пландаштыруу менен байланышкан жагдайларды эске алуу менен аэронавигациялык маалыматтардын бардык чынжырына – маалымат даярдалган учурдан тартып кийинки колдонуучуга жөнөтүлгөнгө чейин – колдонулууга тийиш.
55. 52-пунктка ылайык уюштурулган сапатты башкаруу системасы ISO 9000 сериясындагы сапатты камсыздоо стандарттарынын талаптарына ылайык келүүгө, аккредитацияланган сертификациялык орган тарабынан сертификатталган болууга тийиш.
56. Түзүлгөн сапатты башкаруу системасынын алкагында ар бир функцияны аткаруу үчүн зарыл болгон компетенциялар жана аларга байланышкан билимдер, көндүмдөр жана мамилелер аныкталат. Бул функцияларды аткарууга дайындалган персонал тиешелүү даярдыкка ээ болушу керек. Персоналдын белгиленген функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон компетенцияларына ээ болушун камсыз кылган процесстер киргизилет. Персоналдын квалификациясын тастыктоого мүмкүндүк берген тиешелүү эсепке алуу жүргүзүлөт. Персоналдан зарыл компетенцияларды билүүсүн жана колдонушун көрсөтүүнү талап кылган баштапкы жана мезгилдүү текшерүүлөр уюштурулат. Персоналдын мезгилдүү текшерүүлөрү билимдердеги, көндүмдөрдөгү жана мамилелердеги кемчиликтерди аныктоо жана жоюу каражаты катары колдонулат.
57. 55-пунктка ылайык иштелип чыккан даярдоо ыкмалары компетенттүүлүккө негизделген даярдоо жана баалоо методикасына ылайык келүүгө тийиш.
Эскертүү 1: Компетенттүүлүккө негизделген даярдоо жана баалоо методикасына байланыштуу жоболор «Аба кыймылын тейлөө эрежелери. Персоналды даярдоо» (PANS-TRG, Doc 9868) жана «Аба кыймылын тейлөө эрежелери. Аэронавигациялык маалыматты башкаруу» (PANS-AIM, Doc 10066) документтеринде камтылган.
Эскертүү 2: Аэронавигациялык тейлөө эрежелери. Персоналды даярдоо» (PANS-TRG, Doc 9868) документине ылайык персоналдын компетенцияларын иштеп чыгууну камсыз кылууга багытталган компетенциялык даярдоо жана баалоо методикасына тиешелүү кошумча нускамалык материал «Аэронавигациялык маалымат кызматтары боюнча окутуу боюнча колдонмодо» (Doc 9991) камтылган."
58. Ар бир сапатты башкаруу системасы зарыл болгон саясатты, процесстерди жана процедураларды, анын ичинде метамаалыматтарды колдонууга арналгандарын да камтыйт. Бул аэронавигациялык маалыматтардын маалыматтык чынжыры боюнча изилденүүсүн камсыз кылуу жана текшерүү үчүн зарыл, ошондой эле маалыматтарды колдонууда аныкталган ар кандай аномалиялардын же каталардын негизги себептерин аныктоо, аларды оңдоо жана тиешелүү колдонуучуларды кабардар кылуу максатында колдонулат.
59. Түзүлгөн сапатты башкаруу системасынын аркасында колдонуучулар таратыла турган аэронавигациялык маалыматтар жана маалыматтык материалдар аэронавигациялык маалыматтардын сапатына коюлган талаптарга жооп берерине ишеничтүү болушат.
60. Колдонуучуларды иштеп жаткан сапатты башкаруу системасына ылайык камсыз кылууну көзөмөлдөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт.
61. Сапатты башкаруу системасынын коюлган талаптарга шайкештигин тастыктоо ревизия аркылуу жүргүзүлөт. Эгерде шайкеш эместик аныкталса, анын себеби аныкталат жана негизсиз кечигүүсүз ошол шайкеш эместикти жоюу боюнча тиешелүү аракеттер көрүлөт. Ревизиянын жыйынтыктары боюнча бардык тыянактар жана кемчиликтерди жоюу боюнча аракеттер фактылар менен тастыкталып, тиешелүү түрдө документтештирилет.
62. Аэронавигациялык маалыматтык кызматтарды уюштурууда, ошондой эле аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды түзүүдө, алардын мазмунун аныктоодо, иштеп чыгууда жана жайылтууда, аларды оптималдуу пайдаланууга өбөлгө түзгөн адамдык фактордун аспекти эске алынат.
63. Маалыматтын бүтүндүгү адамдардын өз ара аракеттенүүсү талап кылынган учурларда жетиштүү деңгээлде эске алынат жана тобокелдик факторлору аныкталганда, аларды жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
Эскертүү: Бул системаны, эксплуатациялык процедураларды конструктивдүү иштеп чыгуунун же эксплуатациялык шарттарды жакшыртуунун эсебинен ишке ашат.
64. Аэронавигация маалымат кызматы тарабынан кабыл алынышы жана башкарылышы керек болгон аэронавигациялык маалыматтар жана маалыматтык материалдар, жок дегенде, төмөнкү тармактарды камтыйт:
1) улуттук ченемдер, эрежелер жана процедуралар;
2) аэродромдор жана вертодромдор;
3) аба мейкиндиги;
4) аба кыймылын тейлөө каттамдары;
5) приборлор боюнча учуу схемалары;
6) радионавигациялык каражаттар/системалар;
7) тоскоолдуктар;
8) жер кыртышы (рельеф);
9) географиялык маалыматтар.
Эскертүү 1: Ар бир тармактын мазмунуна байланыштуу техникалык талаптар «Аба кыймылын тейлөө эрежелери. Аэронавигациялык маалыматты башкаруу» (PANS-AIM, Doc 10066) документине 1-кошумчасында камтылган.
Эскертүү 2: Ар бир ички тармактагы субаймактагы аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар бир нече уюмдар же органдар тарабынан түзүлүшү мүмкүн.
65. Аэронавигациялык маалыматтарды аныктоо жана берүү акыркы колдонуучунун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн талап кылынган тактык жана бүтүндүк классификациясына ылайык жүргүзүлөт.
Эскертүү: Аэронавигациялык маалыматтарга карата тактык жана бүтүндүк классификациясына байланыштуу техникалык талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документине кошумча 1-де камтылган.
66. Метаберилмелерди топтоо аэронавигациялык берилмелерди иштеп чыгуу процесстери жана алмашуу пункттары үчүн жүргүзүлөт.
67. Метаберилмелерди топтоо, берилмелер түзүлгөн учурдан баштап, кийинки божомолдолгон колдонуучуга жиберилгенге чейин, аэронавигациялык маалыматтын бүтүн тутумунда колдонулат.
Эскертүү: Метаберилмелерге тиешелүү техникалык талаптар PANS-AIM Doc 10066 документинде камтылган.
68. Аэронавигациялык маалымат аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү жана ага байланыштуу кызматтар түрүндө берилет.
Эскертүү: Ар бир аэронавигациялык маалымат өнүмү үчүн берилген аэронавигациялык берилмелердин өлчөмүнүн даражасына байланыштуу техникалык талаптар «Аба кыймылын тейлөө эрежелери. Аэронавигациялык маалыматты башкаруу» (PANS-AIM,Doc 10066) документинин 1-кошумчасында келтирилген.
69. Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар ар кандай форматтарда берилген учурларда, ар кандай форматтагы берилмелердин жана маалыматтардын ырааттуулугун камсыз кылуучу процесстер киргизилет.
70. Стандарддаштырылган форматта берилген аэронавигациялык маалыматтарга AIP, AIPке өзгөртүүлөр, AIPке кошумчалар, AIC, NOTAM жана аэронавигациялык карталар кирет.
Эскертүү 1: AIP, AIPке өзгөртүүлөр, AIPке кошумчалар, AIC жана NOTAM боюнча техникалык талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документинде камтылган.
Эскертүү 2: Санариптик маалыматтардын массивдери тиешелүү стандартташтырылган форматтагы элементтерди алмаштыра ала турган жагдайлар PANS-AIM (Doc 10066) документинде каралат.
71. AIP, AIPке өзгөртүүлөр, AIPке кошумчалар жана AIC басма жана/же электрондук документ түрүндө берилет.
72. AIP, AIPке өзгөртүүлөр, AIPке кошумчалар жана AIC электрондук документ (eAIP) түрүндө берилген учурда, маалыматтар электрондук жабдууларда чагылдырылышын жана басма нускалары чыгарылышын камсыз кылууга тийиш.
Эскертүү 1: AIP биринчи кезекте аэронавигацияны камсыздоо үчүн зарыл болгон узак мөөнөттүү аэронавигациялык маалымат алмашуунун эл аралык муктаждыгын канааттандырууга багытталган.
Эскертүү 2: AIP үзгүлтүксүз маалыматтын жана узак мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтын негизги булагы болуп саналат.
73. Аэронавигациялык маалыматтардын жыйындысы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) AIPде маалыматтар камтылган аэронавигациялык каражаттар, тейлөө же процедуралар үчүн жоопкерчиликтүү компетенттүү органдын аталышы;
2) эл аралык колдонуу үчүн кызматтарды же каражаттарды сунуштоонун жалпы шарттары;
3) колдонуучуга мамлекеттин талаптары менен ЭЖАУнун тийиштүү талаптарынын ортосундагы айырмачылыкты тез аныктоого мүмкүнчүлүк берген формада улуттук эрежелердин жана мамлекеттин практикасынын жана тийиштүү ЭЖАУнун Стандарттары, Сунушталган тажрыйбасы жана Эрежелеринин ортосундагы чоң айырмалардын тизмеси;
4) ЭЖАУнун Стандарттары, Сунушталган тажрыйбасы жана Эрежелеринде альтернативдүү аракеттердин варианты каралган ар бир маанилүү учурда, мамлекеттин тандоосун көрсөтүү.
74. AIPге кошумча. AIP’ге болгон өз күчүндөгү кошумчалардын көзөмөлдөлгөн тизмеси үзгүлтүксүз түрдө берилип турат.
Эскертүү: AIP’ге болгон өз күчүндөгү кошумчаларды берүүнүн жыштыгына байланыштуу техникалык талаптар ЭЖАУнун Doc 10066 документинде камтылган.
75. Аэронавигациялык маалыматтын циркулярлары (AIC). АIС төмөндө келтирилген маалыматтарды берүү үчүн колдонулат:
1) мыйзамдардагы, жазма буйруктардагы, эрежелердеги же каражаттардагы олуттуу өзгөрүүлөргө байланыштуу узак мөөнөттүү божомол;
2) учуу коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн болгон, жөн гана түшүндүрүүчү же кеңеш берүүчү мүнөздөгү маалыматтар.
3) техникалык, мыйзам чыгаруу же административдик маселелер боюнча түшүндүрмө же кеңеш берүү мүнөзүндөгү маалымат же кабарлоо.
76. AIC AIP’ке же NOTAM’га киргизүү критерийлерине жооп берген маалыматты жайылтуу үчүн колдонулбайт.
77. Учурда колдонулуп жаткан AIC’нин, актуалдуулугу, кеминде, жылына бир жолу каралат.
78. Учурдагы колдонулуп жаткан AIC’нин көзөмөлдөлгөн тизмеси үзгүлтүксүз түрдө берилип турат.
Эскертүү: Учурдагы колдонулуп жаткан AIC’нин көзөмөлдөлгөн тизмесин берүүнүн жыштыгына тиешелүү техникалык талаптар PANS-AIM Doc 10066 документинде камтылган.
79. Аэронавигациялык карталар
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери КРАЭ-4. картанын ар бир түрүн берүү боюнча талаптар камтылган.
80. Төмөндө тизмеленген аэронавигациялык карталар, эгерде белгиленген эл аралык аэродромдор/вертодромдор үчүн мындайлар бар болсо, AIPнин курамына кирет же AIPнин алуучуларына өзүнчө берилет:
а) аэродром/вертодром картасы;
б) жер үстүндөгү аэродромдук кыймыл картасы;
в) аэродром тоскоолдуктарынын картасы, А түрү;
г) аэродром тоскоолдуктарынын картасы, В түрү;
д) аэродром аймагындагы жер кыртышы жана тоскоолдуктар картасы (электрондук);
е) аба кемесинин токтоочу жайынын/аны токтоочу жайга коюунун картасы;
ж) райондук карта;
з) АКБнын минималдык абсолюттук бийиктиктеринин жалпы картасы;
и) приборлор боюнча конууга кирүү картасы;
к) актык менен конууга кирүү үчүн жердин картасы;
л) приборлор боюнча стандарттуу келүү картасы (STAR);
м) приборлор боюнча стандарттуу учуу картасы (SID);
н) конууга визуалдуу түрдө кирүү картасы.
81. «Маршруттук карта» бар болгон учурда AIP курамына киргизилет же AIP алуучуларга өзүнчө берилет.
82. Төмөндө көрсөтүлгөн аэронавигациялык карталар бар болгон учурда аэронавигациялык маалымат продуктулары түрүндө берилет:
а) дүйнөлүк аэронавигациялык карта (масштабы 1:1 000 000);
б) аэронавигациялык карта (масштабы 1:500 000);
в) майда масштабдагы аэронавигациялык карта;
г) багыт салуу үчүн картасы.
83. Санариптик маалымат базаларына жана географиялык маалымат системаларын колдонууга негизделген электрондук аэронавигациялык карталар камсыздалышы керек.
84. Картадагы аэронавигациялык берилмелердин өлчөмүнүн даражасы белгилүү бир картада каралган даражага дал келет.
Эскертүү: Карталардагы аэронавигациялык маалыматтардын чечилишине байланышкан техникалык талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документинин 1-кошумчасында берилген.
85. NOTAM
Эскертүү: NOTAMга тиешелүү техникалык талаптар, анын ичинде SNOWTAM жана ASHTAM форматтары, ИКАOнун Doc 10066 документинде камтылган. Колдонуудагы NOTAMдардын көзөмөлдөлгөн тизмеси үзгүлтүксүз түрдө берилип турат.
86. Туруктуу түрдө аракеттеги NОТАМдардын көзөмөл тизмеси берилет.
Эскертүү: Колдонуудагы NOTAMдардын көзөмөлдөлгөн тизмесин берүү жыштыгына тиешелүү техникалык талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документинде каралган
87. Төмөнкү санариптик берилмелердин массивдери түрүндө берилген, уюштурулган санариптик берилмелер:
а) AIP берилмелеринин массиви;
б) жер жөнүндө берилмелердин массиви;
в) тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массивдери;
г) аэродромдн картографиялык берилмелеринин массивдери;
д) приборлор боюнча учуу схемалары жөнүндө массивдер.
Эскертүү: Санариптик берилмелердин массивдеринин мазмундарына тиешелүү техникалык талаптар ЭЖАУнун Doc 10066 документтеринде камтылган.
88. Ар бир берилмелердин массиви кийинки болжолдолгон колдонуучуга, жок дегенде, байкалууну камсыз кылган минималдуу метаберилмелердин массиви менен кошо берилет.
Эскертүү: Метаберилмелерге тийиштүү техникалык талаптар PANS-AIM Doc 10066 документинде камтылган.
89. Колдонуудагы берилмелер массивинин көзөмөлдөлгөн тизмеси үзгүлтүксүз негизде берилет.
90. AIPде камтылган маалыматтын бардык көлөмүн камтыган AIP берилмелеринин массивин берүү керек.
91. AIP берилмелер массивин толук берүү мүмкүн болбогон учурларда, колдогу берилмелер массивдерин берүүгө жол берилет.
92. AIP берилмелер массиви аэронавигациялык максаттар үчүн маанилүү болгон үзгүлтүксүз мүнөздөгү аэронавигациялык маалыматтардын санариптик чагылдырылышын (туруктуу маалыматты жана үзгүлтүксүз мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөрдү) камтыйт.
Эскертүү 1: Жер жана тоскоолдуктар жөнүндө берилмелер массиви үчүн санариптик маалыматка болгон талаптар PANS-AIM Doc 10066 документинин 1 жана 8-кошумчаларында камтылган.
Эскертүү 2: Жер жана тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди топтоонун беттерине тиешелүү талаптар PANS-AIM Doc 10066 документинин 8-кошумчасында келтирилген.
93. Жер жана тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массивдери үчүн камтылган аймактар төмөнкүдөй аныкталат:
1) 1-аймак: мамлекеттин бардык аймагы;
2) 2-аймак: аэродромдун айланасында төмөндө көрсөтүлгөндөй бөлүнөт;
- 2а аймагы: УКТнын айланасындагы тик бурчтуу аймак, ага учуу тилкеси жана тоскоолдуктары жок башка каалаган тилке кирет, 14-КРАЭде учуу тилкелеринин өлчөмү боюнча талаптар камтылган;
- 2b аймагы: ар бир тарапка 15% айырма менен 10 км аралыкка учуу багытында 2а аймагынын аягынан созулган зона;
- 2c аймагы: 2a жана 2b аймагынын сырткы тарабынан 2a аймагынын чек арасынан 10 км ашык эмес аралыкка чейин созулган зона;
- 2d аймагы: 2а, 2b жана 2c аймактарынын сырткы тарабынан, жакындыгына жараша, аэродромдун көзөмөлдүк чекитинен 45 кмге чейинки аралыкка же учурдагы ТМА чегине чейин созулган зона.
3) 3-аймак: аэродромдун жумушчу аянтына чектеш зона, ал горизонталдуу багытта УКТнын чет жээгинен УКТнын октук сызыгынан 90 м аралыкка жана аэродромдун жумушчу аянтынын калган бардык бөлүктөрүнүн чет жээгинен 50 м аралыкка созулат;
4) 4-аймак: II же III категория боюнча конууга кирүүнү так аткаруу үчүн жабдылган УКТга конууга кирүү багытында, УКТнын босогосунан 900 м аралыкка чейин жана УКТнын узартылган октук сызыгынын ар тарабынан 60 м аралыкка чейин созулган зона.
94. Эгерде УКТнын босогосунан 900 метрден (3000 фут) ашык аралыктагы жер тоолуу же башкача түшүнүктөр боюнча өзгөчө болсо, 4-аймактын узундугун УКТнын босогосунан 2000 метрден (6500 фут) ашпаган аралыкка көбөйтүү керек.
95. Жер жөнүндө берилмелердин массивдери белгилүү бир тордун бардык түйүндөрүндө (чекиттеринде) жалпы базадан эсептелген чектен ашуунун чоңдуктарынын үзгүлтүксүз катар түрүндө жердин бети жөнүндө маалыматтын санариптик чагылдырылышын камтыйт;
96. жер жөнүндө берилмелер 1-аймак үчүн берилет;
97. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдордо жер жөнүндө берилмелер төмөнкүлөр үчүн берилет:
а) 2а аймагы.
б) учуу траекториясынын зоналары.
в) аэродромдун тоскоолдуктарды чектөө беттеринин каптал чектериндеги зоналар.
98. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн 2-аймактын жери жөнүндө төмөндө көрсөтүлгөндөй кошумча берилмелерди берүү керек:
а) ARP’ден 10 км радиуска созулган зонада;
б) 10 км радиустуу тегерек менен ТМА чегиндеги же 45 км радиустуу тегеректин ичиндеги зонанын чегинде (кайсынысы азыраак болгонуна жараша), анда жер УКТнын эң аз чектен ашуусунан 120 метрге жогору жайгашкан жер онүндө берилмелерди эске алуунун горизонталдуу бетинин чегинен чыгат.
99. Бир жер жөнүндө берилмелер туура болуусун камсыз кылуу үчүн, тийиштүү камтуу зоналарын коюуда, чектешкен аэродромдор үчүн жер жөнүндө берилмелерди берүү координациясына тиешелүү макулдашууларды түзүү зарыл.
100. Аймактык чектерге жакын жайгашкан аэродромдор үчүн жер жөнүндө берилмелерди биргеликте колдонуу максатында, макулдашууларды тийиштүү мамлекеттердин ортосунда түзүү керек.
101. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, жер жөнүндө берилмелерди 3-аймак үчүн берүү керек.
102. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, II категория боюнча конууга так кирүүлөр аткарылган же аларга карата эксплуатанттарга, алар радио бийиктик ченегичтерди колдонууда чечим кабыл алуу бийиктигин аныктоого жердин тийгизген таасирин баалоого мүмкүндүк берген, жер жөнүндө кеңири маалымат талап кылынган бардык УКТ үчүн 4-аймак боюнча жер жөнүндө берилмелер көрсөтүлөт.
103. Башка авиациялык талаптарды канааттандыруу максатында, жер жөнүндө кошумча маалыматтар түзүлүп жаткан учурда, жер жөнүндө берилмелердин массивдерин, бул кошумча берилмелерди кошуу максатында кеңейтүү зарыл.
104. Тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массивдери тоскоолдуктардын вертикалдык жана горизонталдык өлчөмдөрүнүн санариптик көрсөтмөлөрүн камтыйт;
105. Тоскоолдуктар жөнүндө берилмелер жер жөнүндө берилмелердин массивине кирбейт;
106. Тоскоолдуктар жөнүндө берилмелер 1-аймактагы жерден 45 м же андан ашык бийиктиктеги тоскоолдуктарга карата берилет;
107. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, 2-аймактын ичинде жайгашкан, баалоого ылайык, аэронавигацияга коркунуч туудурган бардык тоскоолдуктарга карата тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтар берилет.
108. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр үчүн берилет:
а) УКТнын айланасында тик бурчтуу зонаны элестеткен, жайкы тилкени жана тоскоолдуктары жок дагы бир каалаган башка тилкени камтыган, тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди эске алуунун бетинен ашып өткөн тоскоолдуктарга карата 2a аймагы. 2а аймагынын тоскоолдуктарды эске алуунун бети, УКТнын октук сызыгы боюнча ченелген, жакынкы УКТнын үстүндө 3 м бийиктикте жайгашат, ал эми тилкеге тиешелүү, тоскоолдуктары жок зоналарда, эгер ал болсо, УКТнын жакынкы аягынын чегинен ашууга ылайык келүүчү деңгээлде жайгашат.
б) 1,2% эңкейишке ээ болгон жана учуу траекториясынын зонасы менен жалпы башталышка ээ болгон тегиз беттин үстүндөгү учуу траекториясынын зонасындагы объектилер;
в) аэродромдун тоскоолдуктарынын чектөө беттеринин чегинен чыккан тоскоолдуктар.
Эскертүү: Учуу траекториясынын зоналары Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык аныкталат «КРАЭ-14. Аэронавигациялык карталар». Аэродромдун аймагындагы тоскоолдуктарды чектөө беттери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык аныкталат «КРАЭ-14. Аэродромдор».
109. Эл аралык аэродромдор үчүн тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди эске алуунун тийиштүү бетинин чегинен чыккан тоскоолдуктар үчүн 2b, 2c жана 2d аймактары боюнча тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтар төмөндө көрсөтүлгөндөй берилет:
а) 2b аймагы: 2a аймагынын аягынан учуу багытында ар бир багытта 15% четтөө менен 10 км аралыкка созулган аймак. 2b аймагынын тоскоолдуктарды эсепке алуу бети 1,2%га чейин эңкейишке ээ жана УКТнын аягынын чегинен ашуу деңгээлинде 2a аянтынын аягынан баштап, ар тарапка 15% айырмачылык менен 10 км аралыкка созулат;
б) 2c аймагы: 2a жана 2b аймагынын сырткы тарабынан 2а аймагынын чегинен 10 километрден ашык эмес аралыкка чейин созулган зона. 2c аймагынын тоскоолдуктарды эске алуу бети 1,2% эңкейишке ээ болот жана 2а жана 2b аймагынын сырткы тарабынан 2а аймагынын чегинен 10 километрден ашпаган аралыкка чейин созулат. 2c аймагынын баштапкы чектен ашуусу ал башталган 2a аймагынын чектен ашуу чекитине дал келет;
в) 2d аймагы: жакындыгына жараша, аэродромдун көзөмөлдүү чекитинен же азыркы ТМА чегине чейин 45 километрге чейин созулган 2а, 2b жана 2c аймактарынын сырткы тарабындагы аймак. 2d аймагынын тоскоолдуктарды эске алуу бети жерден 100 м бийикте жайгашкан;
Ошол эле учурда, 2b аймагында 3 м бийиктиктен төмөн жана 2c аймагында жер үстүнөн 15 м бийиктикке жетпеген тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди эске алуунун зарылчылыгы жок.
110. Бир эле тоскооолдуктар жөнүндө берилмелердин туура болушун камсыздоо үчүн, тийиштүү камтуу зоналарын коюуда коңшу аэродромдор үчүн тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди берүү координациясына карата макулдашууларды түзүү зарыл.
111. Аймактык чектерге жакын жайгашкан аэродромдор үчүн тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди биргеликте колдонуу максатында, макулдашууларды тийиштүү мамлекеттердин ортосунда түзүү керек.
112. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди 3-аймак үчүн, аэродромдун жумушчу аянтындагы жакынкы чекит аркылуу өткөн горизонталдуу тегиздиктин үстүнөн жарым метр (0,5 м) бийиктикте жайгашкан тоскоолдуктар жөнүндө тийиштүү берилмелерди эске алуу бетинин чегинен чыккан тоскоолдуктарга карата берүү керек.
113. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, II же III категория боюнча конууга так кирүүлөр аткарылган УКТ үчүн 4-аймак боюнча тоскоолдуктар жөнүндө берилмелер көрсөтүлөт.
114. Кошумча тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтар башка авиациялык керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн түзүлгөн учурда, тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массивдерин ушул кошумча берилмелерди кошуу максатында кеңейтүү керек.
§ 8. Аэродромдук картографиялык берилмелеринин массивдери
115. Аэродромдун картографиялык берилмелеринин массивдери аэродромдун элементтеринин санариптик чагылдырылышын камтыйт.
Эскертүү: Аэродромдун элементтери чекиттер, сызыктар же көп бурчтуктар катары мүнөздөлгөн атрибуттардан жана геометриядан турат.
116. Аэродромдук картографиялык берилмелердин массивдерин эл аралык аэродромдорго берүү керек.
117. Приборлор боюнча учуу схемаларынын санариптик чагылдырылышын камтыйт.
118. Приборлор боюнча учуу схемалары жөнүндө берилмелердин массивдерин эл аралык аэродромдорго берүү керек.
119. Аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү аларды сураган колдонуучуларга жиберилет.
120. AIP, AIP түзөтүүлөрү, AIP жана AIC кошумчалары тез жеткирүү каражаты аркылуу жиберилет.
121. Мүмкүн болсо, аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүн берүү үчүн, Интернет сыяктуу глобалдык байланыш тармактары колдонулушу керек.
§ 11. NOTAM жиберүү
122. NОТАМ сурам боюнча жиберилет;
123. NОТАМ ЭЖАУнун байланыш эрежелерине тиешелүү жоболоруна ылайык даярдалат;
124. NОТАМ’ды жиберүү үчүн, мүмкүнчүлүк боюнча авиациялык белгиленген кызматтын тармагы колдонулат(AFS);
125. NОТАМ AFS тармагы аркылуу эмес, башка ыкма менен берилген учурларда, тексттин алдына NОТАМ’дын түзүлгөн күнүн жана убактысын көрсөткөн алты орундуу топ жана түзүүчүнүн шарттуу белгилери коюлат. NОТАМ чыгаруучу мамлекет эл аралык туш-тушка жиберүүгө тийиш болгон NОТАМ’ды тандайт;
126. NОТАМ менен эл аралык алмашуу тийиштүү эл аралык NОТАМ органдарынын ортосундагы жана ошондой эле NOTAM органдары менен көп улуттуу NOTAM иштеп чыгуу борборлорунун ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча гана аткарылат;
127. NOTAM чыгаруучу мамлекет сурам боюнча, эл аралык туш-тушка жиберүүгө тийиш болгондордон айрымаланган NOTAM серияларын туш-тушка жиберүүгө уруксат берет;
128. мүмкүн болгон учурларда, туш-тушка жиберүүнүн тандалма тизмелери колдонулат.
Эскертүү: Туш-тушка жиберүүнүн тандалма тизмеси ЭЖАУнун Doc 8126 документинде камылган.
Маалыматтык кызматтар, маалымат массивдерин берүүчү
129. Эгерде берилген учурда, ушул главадагы 3-параграфта көрсөтүлгөн санариптик маалымат массивдери маалыматтык кызматтар аркылуу камсыздалууга тийиш.
Эскертүү 1: Жалпы системалык маалымат башкаруу (SWIM) контекстинде «маалыматтык кызмат» түшүнүгү сервиске негизделген архитектуранын алкагындагы «машина – машина» өз ара аракеттенүүсүн камтыйт.
Эскертүү 2: Маалыматтык кызматтарга байланыштуу процедуралар «Аэронавигациялык тейлөө эрежелери. Маалыматтарды башкаруу» (PANS-IM, Doc 10199) документинде берилген.
Эскертүү 3: Маалыматтык кызматтарга байланыштуу нускама материал «Жалпы системалык маалымат башкарууну ишке киргизүү боюнча колдонмо» (Doc 10203) документинде камтылган.
130. Маалымат массивдерин берүүчү кызмат, жок дегенде, ушул главадагы 3-параграфта көрсөтүлгөн санариптик маалымат массивдерин толук бойдон суроо жана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
131. Маалымат массивдерин берүүчү кызмат ушул главадагы 3-параграфта көрсөтүлгөн санариптик маалымат массивдеринин өзүнчө элементтерин суроо жана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Эскертүү: Санариптик маалымат массивдерин суроо тартибине байланыштуу нускама материал ЭЖАУнун «Аэронавигациялык маалымат кызматтары боюнча колдонмо» (Doc 8126) документиндеги IV бөлүгүндө берилген.
132. Маалымат массивдерин берүүчү кызмат маалымат массивдеринин жаңыртылышы жөнүндө билдирүүлөрдү алуу үчүн жазылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
133. Эл аралык учуулар үчүн колдонулган бардык аэродромдордо / вертодромдорго, учуу өндүрүшү менен байланышкан персонал, анын ичинде учуу экипаждары жана учуу алдындагы маалыматка жоопкерчиликтүү болгон кызматтар берилген аэродромдон/вертодромдон башталган каттамдын этаптарына тиешелүү аэронавигациялык маалымат менен камсыз кылынат.
134. Учуу алдындагы пландаштыруу максатында берилген аэронавигациялык маалымат аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүнүн элементтеринен турган эксплуатациялык маанидеги маалыматтарды камтыйт.
Эскертүү 1: Аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүнүн элементтери ушул мамлекеттин басылмалары менен жана, мүмкүн болгон учурларда, коңшу мамлекеттердин басылмалары менен чектелиши мүмкүн, мындай учурда алар толук аэронавигациялык маалыматтарды камтыган борбордук китепкананын бар экендиги жана ушул китепкана менен түздөн-түз байланыш каражаттары берилгендиги менен шартталат.
Эскертүү 2: Учуу экипажынын мүчөлөрүнө эксплуатациялык маанидеги жарактуу NOTAM’дардын кыскача аннотациясы жана башка учуу алдандагы маалыматтын бюллетендеринин (PIB) ачык тексти менен түзүлгөн шашылыш маалыматтар берилиши мүмкүн. PIB’ни даярдоо жөнүндө нускама материал Doc 8126 документинде камтылган.
135. Эл аралык учуулар үчүн колдонулган бардык аэродромдор / вертодромдор үчүн, учуу экипажынын мүчөлөрүнөн аэронавигациялык каражаттардын же кызматтардын абалы жана иштеши жөнүндө маалымат алуу үчүн чаралар көрүлөт.
136. 133-пунктта көрсөтүлгөн чаралар берилген маалыматты аэронавигациялык маалымат кызматына, кийинчерээк талапка ылайык туш-тушка жиберүү үчүн берүүнү камсыз кылат.
137. Эл аралык учуулар үчүн колдонулган бардык аэродромдор / вертодромдор үчүн, учуу экипажынын мүчөлөрүнөн жапайы жаныбарлар жараткан коркунучтун бар экендиги жөнүндө маалымат алуу үчүн чаралар көрүлөт.
138. Жапайы жаныбарлар тарабынан келтирилген коркунучутун бар экендиги жөнүндө маалымат аэронавигациялык маалымат кызматына аны кийинчерээк туш-тушка жиберүү үчүн берилет, 14-КРАЭде Аэродромдор, I-бөлүк, 9-глава, 4-параграфта камтылган.
140. Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар жаңыланып турат.
141. Төмөндө көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу маалымат системалуу жөнгө салуу (AIRAC) аркылуу таратылат. Бул система боюнча белгилөө, жокко чыгаруу же олуттуу өзгөрүүлөр 28 күндүк интервал менен бирдиктүү күчүнө кирүү даталарынын негизинде жүргүзүлөт:
1) чек аралар (горизонталдык жана вертикалдык), көрсөтмөлөр жана эрежелер, тиешелүү болгон:
а) учуу маалымат районоруна (FIR);
б) диспетчердик районорго (CTA);
в) диспетчердик зоналарга (CTR);
г) консультациялык зоналарга;
д) аба кыймылын тейлөө (АТС) маршруттарына;
е) туруктуу кооптуу, учууга тыюу салынган жана учуу чектелген зоналар (белгилүү болгондо иштин түрүн жана мезгилин кошкондо) жана АЧКнын таануу зоналары (ADIZ);
ж) кармоого мүмкүнчүлүк бар туруктуу зоналар же каттамдар, же алардын бөлүктөрү.
2) жайгашуу, жыштык, чакыруу сигналдары (позывные), идентификаторлор, белгилүү болгон четтөөлөр, техникалык тейлөө мезгилдери радионавигациялык жабдуулар, байланыш жана көзөмөл каражаттары үчүн;
3) Күтүү зонасындагы учуу, конууга кирүү, учуп келүү жана учуп кетүү, шуулдоону басуу схемалары жана башка АКУга тиешелүү эрежелер.;
4) Өтүү эшелондору, өтүүнүн абсолюттук бийиктиктери жана сектордогу абсолюттук минималдуу бийиктиктер.;
5) метеорологиялык каражаттар (анын ичинде радиоберүүлөр) жана эрежелер;
6) УКТ жана аяккы токтоо тилкелери.;
7) рулеж жолдору жана перрондор;
8) Аэродромдогу жерде иштөө процедуралары (начар көрүнүүдөгү процедураларды кошо алганда)
9) Жакындоо жана УКТ зонасынын жарык-сигнал жабдуусу;
10) Аэродромдун эксплуатациялык минимуму, эгерде мамлекет жарыялаган болсо.
142. AIRAC системасы аркылуу берилген маалымат, көрсөтүлгөн жагдайлар убактылуу мүнөзгө ээ болгон жана бүткүл мезгил бою сакталбаган учурлардан тышкары, күчүндө болгон күндөн кийин, жок дегенде кийинки 28 күн ичинде өзгөрбөйт.
143. AIRAC системасы тарабынан берилген маалымат аэронавигациялык маалымат кызматынын (АМК) органы тарабынан алуучуларга күчүнө кирген күндөн кеминде 28 күн мурун жеткидей түрдө берилет.
Эскертүү: AIRAC маалыматы AIRAC системасы боюнча күчүнө киргенден кеминде 42 күн мурун, ал күчүнө киргенден 28 күн мурун алуучуларга жеткидей АМК органы тарабынан жиберилет.
144. AIRAC системасы боюнча белгиленген датага карата эч кандай маалымат берилбесе, тиешелүү датага чейинки бир циклден кечиктирбестен NIL-билдирүү таратышы керек.
145. AIRAC системасы боюнча күчүнө кирген күндөрүнөн айрымаланган күндөр картографиялык ишти талап кылган алдын-ала пландаштырылган, эксплуатация үчүн маанилүү өзгөрүүлөрдү киргизүү жана/же навигациялык берилмелердин базасын жаңыртуу үчүн колдонулбайт.
146. Жөнгө салуу системасы (AIRAC) төмөндө келтирилген жагдайлардын белгиленишине, жокко чыгарылышына же пландаштырылган олуттуу өзгөрүүлөрүнө тиешелүү маалыматты камсыз кылуу үчүн колдонулушу керек:
1) навигациянын тоскоолдуктарынын жайгашкан жери, бийиктиги жана аларды жарыктандыруу;
2) аэродромдордун, каражаттардын жана кызматтардын иштөө убактылары;
3) бажы, иммиграция жана санитардык кызматтар;
4) убактылуу кооптуу, учууга тыюу салынган жана чектелген учуу зоналары, ошондой эле навигация, аскердик машыгуулар жана аба кемелеринин массалык учуулары үчүн кооптуу шарттар;
5) кармоо мүмкүнчүлүгү бар убакыт алкактары же каттамдар же алардын бөлүктөрү.
147. Эгерде олуттуу өзгөрүүлөр пландаштырылып жаткан болсо жана алдын ала кабарлоо максатка ылайыктуу жана мүмкүн болсо, анда АМК органы алуучуларга күчүнө кирген күндөн кеминде 56 күн мурун жеткидей маалымат бериши керек. Бул жобону төмөндө келтирилген жагдайлар пайда болгон жана аларда пландаштырылган олуттуу өзгөрүүлөр болгон учурда жана, эгер зарыл болсо, башка олуттуу өзгөрүүлөргө карата, колдонуу зарыл:
1) эл аралык учууларды приборлор боюнча учуу эрежелери (ПУЭ) боюнча аткарууга багытталган жаңы аэродромдор;
2) эл аралык аэродромдордо ПУЭ боюнча учууларды аткарууга арналган жаңы УКТлар;
3) АКУ каттамдар тармагынын схемасы жана түзүмү;
4) аэродромдук схемалардын топтомунун курамы жана түзүмү (анын ичинде магниттик кыйшаюунун өзгөрүшүнө байланыштуу схемалардагы пеленгдин өзгөрүшү);
1) 105-пунктта келтирилген жагдайлар, эгерде толугу менен мамлекетке же анын кандайдыр бир олуттуу бөлүгүнө таасир этсе же трансчекаралык координация талап кылынса
Эскертүү: Маанилүү өзгөрүү деп эсептелген нерсеге тиешелүү маалымат "Аэронавигациялык маалымат кызматтары боюнча колдонмодо" (Doc 8126) камтылган.
148. Аэронавигациялык маалымат жыйындылары аларды жаңыртуу үчүн зарыл болгон үзгүлтүксүз убакыт аралыктары менен өзгөртүлөт же чыгарылат;
149. Аэронавигациялык маалымат жыйындысына болгон туруктуу өзгөрүүлөр AIPге түзөтүүлөр түрүндө жарыяланат;
150. Узак мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр (3 ай же андан көп) жана кеңири текстти жана / же графикалык материалды камтыган кыска мөөнөттүү мүнөздөгү маалыматтар AIP’ге кошумча катары жарыяланат.
§ 4. NOTAM
151. Эгерде түзөтүү же кошумча маалымат АIPке AIRAC эрежелерине ылайык жарыяланса, “триггердик” NOTAM түзүлөт.
Эскертүү: “Триггердик” NOTAMдарга байланыштуу техникалык талаптар «Аэронавигациялык тейлөө эрежелери. Аэронавигациялык маалыматты башкаруу» (PANS-AIM, Doc 10066) документинде берилген.
152. NOTAM жайылтылуучу маалымат убактылуу жана кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгон учурларда, же оперативдүү көз караштан алганда өтө маанилүү болгон туруктуу өзгөрүүлөр же узак мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр киргизилген учурларда, кеңири тексттик жана / же графикалык материалдарды эске албай түзүлүп, жарыяланат.
153. NОТАМ төмөндө көрсөтүлгөн маалыматка карата түзүлүп, чыгарылат:
1) аэродромдорду, вертодромдорду эксплуатациялоону баштоо, токтотуу же алардын иштөө режимин олуттуу өзгөртүү;
2) аэронавигациялык кызматтардын иштөөсүнүн башталышы, токтотулушу (аэродромдор, АМК, АКУ, байланыш, навигация жана байкоо, метеорологиялык кызматтар, издөө жана куткаруу ж.б.) же алардын иштөө режиминин олуттуу өзгөрүшү;
3) радионавигациялык кызматтардын жана «аба-жер» байланыш кызматтарынын иштешинин башталышы, токтотулушу же алардын иштөө режиминин олуттуу өзгөрүшү, ага төмөнкүлөр кирет: иштин убактылуу токтотулушу же калыбына келтирилиши, жыштыктардын, жарыяланган иштөө убактысынын, таануу сигналынын өзгөрүшү; багыттуулугу (багытталган каражаттардын), жайгашуусу, кубаттуулуктун 50% га же андан көпкө көбөйүшү же азайышы; радиоберүүлөрдүн ырааттамасынын же мазмунунун өзгөрүшү, ар кандай радионавигациялык кызматтардын жана «аба-жер» байланыш кызматтарынын иштешинин үзгүлтүккө учурашы же ишенимсиздиги; ретрансляцияляык станциялардын иштешиндеги чектөөлөр, анын ичинде тейлөөгө, жыштыкка жана аймакка таасир эткен эксплуатациялык кесепеттер;
4) түздөн-түз эксплуатациялык кесепеттери бар резервдик жана көмөкчү системалардын жоктугу;
5) көрсөтмө куралдарды колдонуунун башталышы, токтотулушу же алардын олуттуу өзгөрүшү;
6) аэродромдун жарык берүүчү техникалык жабдуулар системасынын негизги компоненттерин убактылуу токтотуу же эксплуатациялоону калыбына келтирүү;
7) аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн эрежелерин киргизүү, жокко чыгаруу же олуттуу өзгөртүү;
8) манёвр жасоо аймагындагы олуттуу бузулуулардын же тоскоолдуктардын пайда болушу же жоюлушу;
9) күйүүчү майдын, майдын жана кычкылтектин жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу өзгөрүүлөр жана чектөөлөр;
10) издөө жана куткаруу каражаттарына жана кызматтарына байланыштуу олуттуу өзгөрүүлөр;
11) аэронавигация үчүн тоскоолдуктарды белгилеген тосмо жарык маяктардын иштешинин башталышы, токтотулушу же иштөөсүнүн калыбына келтирилиши;
12) издөө жана куткаруу иштерине байланыштуу тыюу салуу зоналарын киргизүү сыяктуу токтоосуз чараларды көрүүнү талап кылган эрежелердеги өзгөртүүлөр;
13) башкача билдирилбеген аэронавигация үчүн коркунуч булактарынын болушу (анын ичинде тоскоолдуктар, аскердик машыгуулар жана операциялар, атайылап жана байкоосуз радиожыштык кийлигишүүсү, ракета учуруу, демонстрациялык учуулар, фейерверктер, учуучу асман чырактары, ракета калдыктары, аба жарыштары жана парашют менен массалык секирүүлөр);
14) Аэронавигацияга таасир этүүчү чыр-чатак зоналары (чыр-чатактын келип чыгуучу коркунучтарынын мүнөзү жана көлөмү жана анын жарандык авиацияга тийгизген кесепеттери жөнүндө мүмкүн болушунча конкреттүү маалыматтарды камтуу үчүн).
Эскертүү: Чыр-чатак аймактарына тиешелүү маалымат "Чыр-чатак аймактарынын үстүнөн же алардын жанынан жарандык аба кемелеринин учуулары үчүн тобокелдик факторлорун баалоо боюнча колдонмодо" (Doc 10084);
15) пландаштырылган лазердик нурлануу, лазердик
демонстрациялар жана прожекторлук жарык, эгерде бул учкучтардын түнкү көрүнүшүн начарлатса;
16) учуу / бийиктикке чыгуу, экинчи айланууга кетүү, конууга кирүү зоналарында жана учуу тилкесинде аэронавигация үчүн тоскоолдуктарды орнотуу, алып салуу же өзгөртүү;
17)тыюу салынган зоналарды, кооптуу зоналарды же учууга чек коюлган зоналарды аныктоо же жоюу (анын ичинде тиешелүү ишти баштоону же токтотууну) же ушул зоналардын статусун өзгөртүү;
18) кармоо мүмкүнчүлүгү бар жана 121,5 МГц жыштыктагы авариялык АЖЖларды туруктуу тыңшоо талап кылынган зоналарды же каттамдарды же алардын бөлүктөрүн аныктоо же жоюу;
19) жайгашкан жердин индекстерин берүү, жоюу же өзгөртүү;
20) куткаруу жана өрткө каршы күрөшүү чөйрөсүндө аэродром / вертодром үчүн белгиленген категориядагы өзгөрүүлөр 14-КРАЭде камтылган;
21) жумушчу аянтта кар, баткак, муз, радиоактивдүү материал, уулуу химикаттар, жанар тоо күлүнүн катмарлары же суу менен байланышкан кооптуу шарттардын болушу, жоюлушу же олуттуу өзгөрүшү;
22) эмдөөгө же карантиндик чараларга карата мурда жарыяланган талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыккан эпидемиялардын башталышы;
23) эксплуатациялык көз караштан маанилүү болгон, атылууга чейинки вулкан аракетинин өзгөрүшү, вулкан атылган күн жана убакыт жана/же вулкан күл булутунун горизонталдык жана вертикалдык өлчөмдөрүнүн, анын ичинде кыймылдын багыты, учуунун эшелондору жана бул булут таасирин тийгизүүсү мүмкүн болгон каттамдар же каттамдардын бөлүктөрү;
24) ядролук же химиялык окуя болгондон кийин атмосферага радиоактивдүү материалдарды же уулуу химиялык заттарды чыгаруу, бул окуянын орду, датасы жана убактысы, учуунун эшелондору жана анын таасири тийиши мүмкүн болгон каттамдар же каттамдардын бөлүктөрү жана кыймыл багыты;
25) Бириккен Улуттар Уюму аркылуу аэронавигацияга таасир этүүчү процедураларды жана/же чектөөлөрдү көрсөтүү менен гуманитардык жардам берүү боюнча миссия иштери;
26) Аба кыймылын тейлөө жана тиешелүү көмөкчү тейлөө бузулган же жарым-жартылай бузулган учурда өзгөчө кырдаалдар үчүн кыска мөөнөттүү иш-чараларды аткаруу ("КРАЭ-11. Аба кыймылын тейлөө" караңыз).
Эскертүү: NOTAM аркылуу маалыматты убагында жайылтууга байланыштуу толук талаптар PANS-AIM (Doc 10066) документиндеги 6-главада берилген.
154. Төмөнкү маалыматтар NOTAMга киргизилбейт:
1) аба кемелеринин коопсуз кыймылына таасирин тийгизбеген перрондордо жана РЖларда жүргүзүлүп жаткан техникалык тейлөө иштери;
2) УКТларды белгилөө иштери, эгерде аба кемелери учурдагы башка УКТларды коопсуз колдоно алса же мындай жумуш үчүн колдонулган шаймандар зарыл болгон учурда алынып салынса;
3) аэродромдордун / вертодромдордун айланасындагы, аба кемелеринин учууларынын коопсуздуган таасирин тийгизбеген убактылуу тоскоолдуктар;
4) аэродромдун / вертодромдун жарык берүүчү техникалык жабдуулар системасынын жарым-жартылай иштен чыгышы, эгерде бул аба кемелеринин учууларына түздөн-түз таасир этпесе;
5) эгерде тийиштүү запастагы жыштыктар бар экендиги жана колдонулушу мүмкүн экендиги белгилүү болсо, «аба-жер» байланыш каражаттарынын жарым-жартылай убактылуу иштен чыгышы;
6) перрондорду жана жолдордогу кыймылды жөнгө салууну диспетчердик тейлөө менен камсыздоонун жетишсиздиги;
7) аэродромдун жумушчу аянтындагы абалды жана багытты көрсөткөн белгилердин, ошондой эле башка багыттоочу белгилердин жараксыздыгы;
8) VFRде көзөмөлдөлбөгөн аба мейкиндигинде (117-пунктту караңыз), ошондой эле жарыяланган жерлерде же көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндигинин кооптуу же чектелген зоналарында парашют менен секирүү;
9) жер бөлүмдөрүнүн окуу ишмердүүлүгү;
10) резервдик жана көмөкчү системалардын жоктугу, эгерде ал эксплуатациялык кесепеттерге алып келбесе;
11) эч кандай эксплуатациялык кесепеттери жок аэронавигациялык каражаттарды же жалпы кызматтарды чектелиши;
12) жалпы багыттагы авиацияга тийиштүү эмес авиациялык нормалар;
13) эч кандай эксплуатациялык кесепеттери жок мүмкүн болгон / потенциалдуу чектөөлөр жөнүндө жарыялар же эскертүүлөр;
14) буга чейин жарыяланган маалымат жөнүндө жалпы эскертүүлөр;
15) аба мейкиндигин жана каражаттарын пайдалануучулар үчүн иштөө эксплуатациялык кесепеттерин көрсөтпөстөн, жер бөлүмдөрүүчүн жабдуулардын болушу;
16) учууну аткаруунун минималдуу бийиктигинен төмөн эксплуатациялык кесепеттери жок лазердик нурлануу жана фейерверктер жөнүндө маалыматтар;
17) жергиликтүү деңгээлде макулдашылган, бир саатка жетпеген пландаштырылган иштерге байланыштуу манёвр жасоочу зонанын участокторун жабуу;
18) аэродромдорду/вертодромдорду жабуу же колдонуу мүмкүнсүздүгү, же аларды аэродромдордун/вертодромдордун иштөө убактысынан тышкары колдонуудагы өзгөрүүлөр;
19) ушул сыяктуу убактылуу мүнөздөгү эксплуатациялык эмес башка маалыматтар;
Эскертүү: Аэродромго жана анын айланасына тиешелүү жана анын эксплуатациялык статусуна таасирин тийгизбеген маалыматтар учуу алдындагы же учуу учурунда инструктаждардын учурунда же учуу экипажынын мүчөлөрү менен башка жергиликтүү байланыштын жүрүшүндө берилиши мүмкүн.
155. Берилмелердин массивдери алардын актуалдуулугун сактоо үчүн зарыл болгон туруктуу аралыкта менен өзгөртүлөт же кайрадан чыгарылат;
156. Санариптик маалыматтар түрүндө берилген туруктуу өзгөрүүлөр жана узак мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр (үч ай же андан ашык) жөнүндө маалыматтар берилмелердин толук массиви же ички массиви түрүндө чыгарылат жана анда буга чейин чыгарылган берилмелердин толук массивинен айрымачылыктары гана камтылат;
157. Мурда чыгарылган берилмелердин толук массивинин айрымачылыгы жөнүндө маалымат толугу менен кайра чыгарылган берилмелердин массиви түрүндө берилген учурларда, бул көрсөтүлөт;
158. Кыска мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар санариптик берилмелер (санариптик NOTAM) түрүндө берилген учурларда, берилмелердин толук массивиндеги эле аэронавигациялык маалыматтын моделин колдонуу зарыл;
159. Приборлор боюнча учуулардын схемалары жөнүнө AIP жаңыртууларын, AIP берилмелеринин массивдерин чыгаруу синхрондоштурулат.