Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVIII чакырылыштын 12 (кезектүү) сессиясы

 

2023-жылдын 27-январы № 10

 

2023-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноого айлык акыны бекитүү жөнүндө

 

Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.А.Абадбековдун “2023-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин малдын жана үй канаттууларынын бир жолку эсебин жүргүзүүгө” айлык акыларын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мал жана үй канаттууларын эсепке алуу үчүн тартылган кызматкерлерге эмгек акы ар бир короо-сарайына, автоунаа каражаттарына, күйүүчү майга пайдаланууга жана иш жүзүндөгү чыгымдарды төлөп берүү үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 90,5 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Т.Ибраимов