Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-сентябры № 2025-П-19/47-3-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Мамлекеттер аралык банкты, Евразия өнүктүрүү банкын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин, «Борбордук депозитарий» жабык акционердик коомун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Тургунбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 17 сентябрындагы № 2025-П-19/47-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускоонун:
- 1.7-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1.7. Улуттук банк ГСРРВнын оператору жана катышуучулардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча системада эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү эсептешүүчү банк болуп саналат.»;
- 3.1-пунктунун 3.1.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3.1.1. ЭТДны иштеп чыгуу ГСРРВнын иш регламентине ылайык жүзөгө ашырылат жана ал төмөнкүдөй мезгил аралыктарына бөлүштүрүлгөн:
Мезгил аралыгы | Мезгил узактыгы |
Күндүн башталышы | 8:30-8:40 |
Бизнес үчүн ачык | 8:40-9:00 |
Тутумдаш системалар, анын ичинде төлөм карттары менен эсептешүү системалары боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө[1] | 9:00-17:00 |
ГСРРВда ЭТДны жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу | 9:00-17:20 |
ГСРРВ катышуучуларынын акча каражаттарынын резервин Пакеттик клиринг системасындагы дебеттик таза позицияга берүүсү | 8:45-13:30 |
Дебеттик таза позицияга резерв түзүү жана аны Пакеттик клиринг системасына берүү | 13:30-13:50 |
Пакеттик клиринг системасынын клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө | 13:50-14:20 |
Баштапкы өчүрүү (эсептешүү мезгил аралыгы) | 16:30 |
Жыйынтыгында өчүрүү | 17:00 |
Эсептешүүлөрдү аяктоо | 17:20 |
|
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 55-беренесине таянуу менен иштебеген майрам күнүнөн мурдагы жумуш күнүнүн, ошондой эле иштеген майрам күнүнүн узактыгы боюнча айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иш регламенти бир саатка кыскартылат жана төмөнкүдөй убакыт аралыктары белгиленет:
Мезгил аралыгы | Мезгил узактыгы |
Баштапкы өчүрүү (эсептешүү мезгил аралыгы) | 15:30 |
Жыйынтыгында өчүрүү | 16:00 |
Эсептешүүлөрдү аяктоо | 16:20 |
»;
- 3.6-пунктунун 3.6.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3.6.1. Тутумдаш системаларда дебеттик таза позицияга акча каражаттарынын резерви, катышуучулар тарабынан алардын Улуттук банкта ачылган эсептеринде ГСРРВда акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон каражаттардын бөлүгүн резервге коюу аркылуу же катышуучулардын корреспонденттик эсептеринде акча каражаттарынын жетиштүү көлөмүн алдын ала резервдөө үчүн белгиленген форматтагы файлды ГСРРВга жөнөтүү жолу менен тутумдаш системалардын операторлору тарабынан күн сайын белгиленет.»;
- 3.8-пунктундагы «Чекене төлөмдөр системасынын» деген сөздөр «Тутумдаш системалардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3.8-пунктунун 3.8.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3.8.1 Тутумдаш системалардан таза позиция файлдарын алгандан кийин, ГСРРВда ЭК файлдарынын аныктыгы, ЭТДнын бүтүндүгү жана ЭТДнын белгиленген форматка ылайык келүүсү текшерилет. Эгерде алынган файлдарда каталар аныкталган болсо, ГСРРВда аларды көрсөтүү менен белгиленген форматта электрондук төлөмдөр даярдалат. Бул билдирүүгө ЭК коюлуп, катасын көрсөтүү менен колдо болгон байланыш каналдары аркылуу тутумдаш системанын дарегине жөнөтүлөт.»;
- 3.8-пунктунун 3.8.2-пунктчасындагы «СПКга» деген аббревиатура «тутумдаш системага» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3.8-пунктунун 3.8.3-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3.8.3. Эгерде тутумдаш системада эсептешүүлөрдүн натыйжалары боюнча дебеттик таза позиция каражаттардын жетишсиздигинен улам ГСРРВда бир эле катышуучунуку төлөнбөй калса, анда таза позициялардын бүтүндөй файлы ГСРРВ системасында четке кагылат. Мында, бир же бир нече катышуучу үчүн нөлдүк эмес жетпей калган суммаларды (позицияларды) көрсөтүү менен тиешелүү форматта жооптук файл түзүлүп, ал таза позицияларды жөнгө салуу үчүн колдо болгон байланыш каналдары аркылуу тутумдаш системага жөнөтүлөт же катышуучу корреспонденттик эсепте акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ликвиддүүлүктү камсыздагандан кийин белгилүү бир убакыт аралыгы өткөндөн кийин кайра жөнөтүлөт.»;
- 3.8-пунктунун 3.8.5-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3.8.5. Төлөм карттары менен эсептешүү системаларын кошо алганда, тутумдаш системалар боюнча катышуучулардын таза позицияларынын акыркы эсептөөсү кол коюлган келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде, ошондой эле Улуттук банктын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.».