Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы № 101 токтомуна тиркеме |
Чет өлкөдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жөнүндө ЖОБО
1. Жумушчу топтун максаттары жана милдеттери
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жана референдумду өткөрүүдө чет өлкөдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту (мындан ары - Жумушчу топ) түзүүнүн максаттарын, милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана тартибин аныктайт.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүрүшкөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн түзүлөт.
3. Жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө", Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Жумушчу тобун түзүү жана анын курамы
4. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) буйругу менен түзүлөт. Жумушчу топтун курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен комиссиянын мүчөлөрүнөн, аппарат кызматкерлеринен, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка органдарынын жана мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрүнүн, чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын жана мекендештердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнүн арасынан түзүлөт.
5. Чет өлкөлөрдө жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуучу мамлекеттик органдар Жумушчу топтун курамына киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлерди көрсөтөт.
6. Жумушчу топ жетекчисин жана катчысын кошкондо кеминде жети (7) мүчөдөн түзүлөт. Жумушчу топ өзүнүн мүчөлөрүнүн ичинен иш кагаздарын жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу катчыны дайындайт.
7. Жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөр ушул Жобонун 5-пунктунда каралган аны бекитүү үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Жумушчу топтун ыйгарым укуктары жана иштөө тартиби
8. Жумушчу топ:
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жана референдум өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүрүшкөн жарандарынын активдүү шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусу үчүн шарттарды түзөт;
- шайлоо участкаларын добуш берүү процесси үчүн зарыл болгон шайлоо жабдуулары менен жабдууга көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо комиссияларына консультациялык жана методикалык колдоо көрсөтөт;
- чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо процессине катышуусун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын добуш берүү жана референдумга катышуунун шарттары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча кеңири маалыматтык кампанияны өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларына шайлоо шаймандарын жана зарыл басма материалдарын жеткирүүгө көмөк көрсөтөт.
9. Жумушчу топтун жыйналышын Жумушчу топтун жетекчиси чакырат; жетекчи жок болгон учурда анын милдетин Жумушчу топтун курамына кирген Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири аткарат. Жумушчу топтун жыйналыштары коллегиалдуу жана ачык өткөрүлөт.
Жумушчу топтун жыйналышы, эгерде Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн белгиленген санынын жарымынан көбү катышса укуктуу болуп саналат.
Жумушчу топтун жыйыны анын компетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде өткөрүлөт. Жумушчу топтун жыйналыштарына Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Жумушчу топтун мүчөлөрү болуп саналышпаган округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышууга жана өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Жумушчу топтун жыйналыштарына Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, эксперттер жана башка кызыкдар адамдар чакырылышы мүмкүн.
Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясынын башка жумушчу топтору менен бирдикте жыйындарды өткөрүүгө укуктуу.
4. Жумушчу топтун чечимдери жана сунуштарын
10. Жумушчу топтун жыйналыштарында маселелерди кароонун негизинде чечимдер кабыл алынат. Чечимдер сунуштама берүүчү мүнөзгө ээ жана ачык добуш берүүгө катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
11. Жумушчу топтун жыйналыштарынын протоколун катчы жүргүзөт. Протоколго төрагалык кылуучу жана катчы кол коет. Жумушчу топтун чечимдеринин долбоорлору же даярдалган башка документтер Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизилет.
12. Жумушчу топтун мүчөсү, эгерде кароонун предмети шайлоо процессинин субъектисинин жеке, тике же кыйыр түрдө алар менен байланышкан аракеттерине (аракетсиздигине) тиешелүү болсо, талкууларга жана добуш берүүгө катышпайт.
13. Жумушчу топтун документтери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген тартипте сакталат.