Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 16-октябры № 222
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын
кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
140-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күнү төлөнөт.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 24-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |