Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын, 30-июльдагы №37/VII-29
Кум-шагыл аралашмасын жана чопону казып алуу үчүн ижара акысын бекитүү жөнүндө
Айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адиси Б.Б. Осмоналиевдин маалыматын карап чыгып, талкуулап (Кум-шагыл аралашмасын жана чопону казып алуу үчүн ижара акысын бекитүү жөнүндө) Нурманбет айылдык кеңешинин депутаттары айыл аймагынын экономикалык өнүгүүсүн жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылуу максатында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагында кум-шагыл аралашмасын жана чополорду казып алуу үчүн ижара акысы 1 гектар жерге 35 000 (отуз беш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.Д. Дуйшенкулова |