Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын, 30-июлундагы №38/VII-29
Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №19/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бош калган акча каражаттарды колдонуу жөнүндө» токтомуна ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктооолорду киргизүү жөнүндө
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн башкы адиси А.Д.Толубаеванын «Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №19/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бош калган акча каражаттарды колдонуу жөнүндө» токтомуна ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктооолорду киргизүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, талкуулап, 1726,0 миң сом бош калган каражатты эске алынып Кыргыз Республикасынын Бюджетттик Кодексинин 24, 78 жана 102-беренелеринин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №19/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бош калган акча каражаттарды колдонуу жөнүндө» токтомуна ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин:
- 1 пунктун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бош калган каражаттар 1623,4 миң сом тɵмɵндɵгү багыттар боюнча кайра бɵлүштүрүлсүн:
-Нурманбет айылындагы үй-бүлɵлүк дарыгерлер тобунун жылуулук берүү системасын оңдоп-түзɵɵгɵ - 200,0 миң сом;
-жабдууларды сатып алууга – 250,0 миң сом;
- Нурманбет жана А.Токтоналиев айылында жайгашкан маданият үйүнүн үч жазалуу эсептегичти алмаштыруу – 60,0 миң сом;
- Красная Речка айылында эстелик орнотууга – 60,0 миң сом;
- Нурманбет айыл аймагында жайгашкан бала бакчаларга видеокɵзɵмɵл камераларын орнотууга – 500,0 миң сом;
- борбордук жолунда жарыктандырууну оңдоп түзɵɵгɵ - 500,0 миң сом;
- «Атлет Нурманбет» футбол командасына кушумча акча каражат кошууга – 53,4 миң сом.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.Д. Дуйшенкулова |