Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 15-октябры № 216
2025-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын биринчи каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын биринчи каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |