Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын, 30-июлундагы №39/VII-29
Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №18/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн башкы адиси А.Д.Толубаеванын «Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №18/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 «Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджетттик Кодексинин 24,78 жана 102-беренелеринин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №18/III «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин:
- 70629 - турак жай жана коммуналдык чарба негизги эсеби боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгү 7 894,0 миң сом бекитилсин.
- 2025-жылга сметалык чыгымдар сметасында турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 3111-берене боюнча - Красная Речка айылындагы 1Май кɵчɵсүн оңдоо иштерине 5 829 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.Д. Дуйшенкулова |