СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-июлу № 118/13-28
Өтөгөн айылына бала бакча куруу жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагындагы Өтөгөн айылынын жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Өтөгөн айылына бала бакча курууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Сын-Таш айыл өкмөтү тарабынан жер тилкенин жайгашкан жери, көлөмү дайындалсын.
3. “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана Ысык-Ата райондук курулуш жана архитектура башкармалыгы менен тактоолор жана макулдашуулар жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| Э.Б. Джолдошбеков |