Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын, 30-июлундагы №40/VII-29
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2026-2028-жылдарга киреше жана чыгаша болжолун бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн башкы адиси А.Д.Толубаеванын « Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2026-2028-жылдарга киреше жана чыгаша болжолун бекитүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджетттик Кодексинин 95-беренелеринин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Кирешелердин жана чыгашалардын болжолу бекитилсин:
- 2026-жылы – 46 659,8 миң сом;
- 2027-жылы – 47 153,3 миң сом;
- 2028-жылы – 47 661,5 миң сом.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.Д.Дуйшенкулова
|