Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-августу № 55
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 7 Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңеши боюнча;
- Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 4 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 6 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 7 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ж.Абдрахманов айылдык кеңеши боюнча.
2) Жеке арызынын негизинде, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 7 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ж.Абдрахманов айылдык кеңеши боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечими.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 8 Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңеши боюнча;
- Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 5 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 6 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 8 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ж.Абдрахманов айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 58 (3714) жарыяланды
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 55 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
1 | Өзгөн АШК, № 7, 25.07.2025-ж. (17.07.2025-ж., өз арызы) | Төрт-Көл айылдык (№ 6 Жылалды-Кальта шайлоо округу) | Убукеев Байышбек Турдуевич |
Жалал-Абад облусу | |||
Тогуз-Торо району | |||
2 | Тогуз-Торо АШК, № 4, 25.07.2025-ж. (22.07.2025-ж., өз арызы) | Атай айылдык (№ 4 Бирдик шайлоо округу) | Муса уулу Жанай |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
3 | Ат-Башы АШК, № 6, 28.07.2025-ж. (24.07.2025-ж., өз арызы) | Ак-Моюн айылдык (№ 2 Ак-Моюн шайлоо округу) | Абдырасулов Тилек Рахатбекович |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
4 | Ысык-Көл АШК, № 7, 28.07.2025-ж. (04.07.2025-ж., өз арызы) | Ж.Абдрахманов айылдык (№ 3 Ананьево-3 шайлоо округу) | Джанагулова Зарина Джолдошбековна |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 55 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
1 | Ысык-Көл АШК, № 7, 28.07.2025-ж. (23.07.2025-ж., өз арызы) | Ж.Абдрахманов айылдык (№ 3 Ананьево-3 шайлоо округу) | Омуралиев Нарынбек Джаманкараевич |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 55 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
1 | Өзгөн АШК, № 8, 25.07.2025-ж. | Төрт-Көл айылдык (№ 6 Жылалды-Кальта шайлоо округу) | Акматов Кылычбек Жапаралиевич | Жеке ишкер |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
2 | Тогуз-Торо АШК, № 5, 25.07.2025-ж. | Атай айылдык (№ 4 Бирдик шайлоо округу) | Айдаралиева Айчүрөк Райакуновна | Убактылуу иштебейт |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
3 | Ат-Башы АШК, № 6, 28.07.2025-ж. | Ак-Моюн айылдык (№ 2 Ак-Моюн шайлоо округу) | Жумабек кызы Айзада | А.Койчуманов атындагы орто мектепте мугалим |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
4 | Ысык-Көл АШК, № 8, 28.07.2025-ж. | Ж.Абдрахманов айылдык (№ 3 Ананьево-3 шайлоо округу) | Сартбек уулу Жантай | ДСЮША машыктыруучу |