Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-октябры № 676
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин итттин толук камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
тиркеменин эскертүүсүндө:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ведомстволук бөлүмдө (пробация органы) - 1 бирдик, ошондой эле ар бир аймактык бөлүмгө (бөлүмдөр, башкармалыктар -райондук, шаардык жана облустук органдар) 1 бирдиктен нөөмөттүк автотранспорт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- аймактык бөлүмдөрдө (Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы, Ош юстиция башкармалыгы) - 2 бирдикке чейин нөөмөттүк автотранспорт.".
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылууга тийиш.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |