Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-июлундагы №43/VII-29
Нурманбет айыл аймагында жайгашкан бардык ээси жок объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жɵнүндɵ
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевдун «Нурманбет айыл аймагында жайгашкан бардык ээси жок объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жɵнүндɵ» маалыматын карап жана талкуулап,. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 257-беренесине ылайык ээси жок кыймылсыз мүлк тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын арызы боюнча кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган тарабынан каттоого кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын «Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ» Мыйзамынын 2,5,6,19 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагында жайгашкан бардык ээси жок объектилер муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органда каттоодон ɵткɵрүлсүн. Ээси жок кыймылсыз мүлк катталган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган мүлктү муниципалдык менчик деп таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылат.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.Д. Дуйшенкулова |