Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-октябры № 708
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– киришүүнүн тогузунчу абзацындагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр алып салынсын;
– 3-главада:
2-бөлүмдө:
2.2-параграфтын 1-милдети төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1-милдет. Өсүүнүн таяныч борборлорунда инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Өсүүнүн таяныч борборлорунда инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдети болууга тийиш.
Мындан тышкары инвесторлорго өзүнүн өндүрүшүн ишке киргизүүдө жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көмөк көрсөтүү керек, анын натыйжасында инвесторлордун чыгымдары азаят, алардын товарлары, жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болот.
Потенциалдуу инвесторлордун продукциясынын өздүк наркын төмөндөтүү үчүн өсүүнүн таяныч борборлорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өсүүнүн ар бир таяныч борборунда туташтырылган суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу, энергия менен жабдуу системалары түрүндө өнүккөн өнөр жай инфраструктурасы жана жол инфраструктурасы бар өнөр жай аянтчаларын түзүү боюнча, преференцияларды алууга талапкер болгон потенциалдуу инвесторлорду тандоонун ачык эрежелерин бекитүү боюнча иш-аракеттерин аныктоо зарыл.
Мамлекет тарабынан алар үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн тартылуучу инвесторлор төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
– продукцияны экспорттоо үчүн туруктуу, ырасталган сатуу рынокторуна ээ болуу;
– өз ишинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылган инновациялык технологияларды колдонуу;
– өз кызматкерлери үчүн эмгек жөнүндө улуттук мыйзамдардын талаптарына жооп берген, анын ичинде эмгек акы төлөө маселелеринде эмгек шарттарын камсыз кылуу;
– бул региондо башка уюмдар үчүн жаңы өндүрүш маданиятын калыптандыруу жана өнүктүрүү, инновациялык өндүрүштөрдүн топторун түзүү жана кеңейтүү боюнча программаларга тартуу;
– жергиликтүү эмгек ресурстарынын жагымдуулугун камсыз кылган квалификациялуу кызматкерлердин орчундуу массасын түзүүгө өз салымын кошуу.
“Жашыл экономиканы” өнүктүрүүгө каражаттарды салган инвесторлорду тартууга өзгөчө көңүл бурулат. Энергия үнөмдөөчү технологияларды, парник газдарынын чыгууларын жана өндүрүш калдыктарын азайтуу боюнча технологияларды колдонуу инвесторлорду тандоодо маанилүү шарттардын бири болуп калат.
Өсүүнүн потенциалдуу таяныч борборлоруна инвесторлорду тартуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2025–2030-жылдар аралыгында преференциялык шарттары бар 2–3төн кем эмес өндүрүштүк аянтчаны түзүүгө тийиш.
Бул чараларды ишке ашыруу өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрү боюнча региондун адистештирилишин калыптандыруу үчүн шарттарды түзөт.”;
2.3-параграфтын 5-пунктчасындагы “15 %дан” деген сөздөр “10 %дан” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүмдүн 3.3-параграфынын 4-пунктчасындагы “10 %ын” деген сөздөр “20 %ын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4-глава. Өсүүнүн таяныч борборун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү шарттары
Аймакты өнүктүрүү боюнча өсүүнүн таяныч борборлорунун демилгелерин колдоо максатында өсүүнүн таяныч борборлорунун жергиликтүү бюджеттери үчүн максаттуу трансферттер түрүндө республикалык бюджеттен каржылоону ачуу каралат.
Өсүүнүн таяныч борборлорун түзүүгө жана өнүктүрүүгө финансылык колдоо алуу үчүн шаарлардын жана калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өнүктүрүүнүн мастер-пландарын киргизет. Таяныч шаарларды жана калктуу конуштарды республикалык бюджеттен этап-этабы менен финансылык колдоо өсүүнүн таяныч борборунун критерийлерине ылайык келүүсүнүн, региондорду өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өнүктүрүүнүн мастер-пландарынын негизинде каралат.”;
– 8-главада “10 299,6”, “7 049,6”, “3 250,0” деген цифралар “9 525,7”, “6 475,7”, “3 050,0” деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2 жана 4-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1-артыкчылык. Өсүүнүн таяныч борборлорунун мастер-пландарын иштеп чыгуу жана региондук өнүктүрүү стандарттарын ишке ашыруу | |||||
1 | Өсүүнүн таяныч борборлору үчүн мастер-пландарды иштеп чыгуу методикасын жана өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүүнүн стандарттарын даярдоо | Өсүүнүн таяныч борбору үчүн мастер-планды иштеп чыгуу методикасын, анын ичинде өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү стандарттарын даярдоо | 2026-жылдын 30-марты | Мастер-планды иштеп чыгуу методикасынын долбоору даярдалды | ЭКМ, Курулуш министрлиги, ЖРЭТКМ, ТКМ, ИУА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Кыргыз Республикасынын облустук борборлорунун биринде өсүүнүн таяныч борбору үчүн мастер-планды иштеп чыгуу методикасынын долбоорун тесттен өткөрүү | 2026-жылдын 30-апрели | Практикалык колдонуунун негизинде мастер-планды иштеп чыгуу методикасы жеткире иштелип чыкты | ЭКМ, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), Курулуш министрлиги | ||
Өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү стандарттары каралган мастер-планды иштеп чыгуу методикасын бекитүү | 2026-жылдын 30-июну | ЭКМ буйругу менен мастер-планды иштеп чыгуу методикасы бекитилди | ЭКМ | ||
2 | Өсүүнүн таяныч борборлорунун мастер-пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү, өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү стандарттарын киргизүү жана ишке ашыруу | Бардык облустук маанидеги шаарларда, потенциалдуу өсүүнүн таяныч борборлорунда мастер-пландарды иштеп чыгуу боюнча окутууларды өткөрүү | 2026-жылдын 25-августу | Мастер-пландарды иштеп чыгуу боюнча ЖӨБОнун потенциалы жогорулады | ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ |
ЖӨБ аткаруу органдарына өсүүнүн таяныч борборлорунун мастер-пландарын иштеп чыгуу боюнча консультациялык жардам көрсөтүү | 2026-жылдын 30-августу | Методиканын негизинде мастер-пландардын долбоорлору иштелип чыкты | ЭКМ | ||
Кыргыз Республикасынын бардык облустук борборлорунун мастер-пландарын бекитүү | 2026-жылдын 25-декабры | ЖӨБОнун мастер-пландарды бекитүү жөнүндө чечимдери кабыл алынды | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү стандарттарын киргизүү боюнча маалыматтык өнөктүк жана консультацияларды өткөрүү | 2026-жылдын 25-ноябры | ЖӨБ аткаруу органдары өнүктүрүү программаларын жана мастер-пландарды даярдоо жана ишке ашыруу стандарттарын колдонуу боюнча маалымат алышты жана окутулду | ЭКМ, Курулуш министрлиги, ЖРЭТКМ, ТКМ, ИУА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү стандарттарын, мастер-пландарын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү | Жыл сайын | Мастер-пландардын аткарылышын, стандарттарга шайкештигин баалоонун негизинде өсүүнүн таяныч борборлорунун аймагын өнүктүрүү боюнча сунуштамалар берилди | ЭКМ, Курулуш министрлиги, ЖРЭТКМ, ТКМ, ИУА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
2-артыкчылык. Инвесторлорду тартуу жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | |||||
3 | Өсүүнүн таяныч борборлоруна инвестицияларды тартуу үчүн, анын ичинде региондун айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кластердик өндүрүштү түзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | Инвесторлорду тартуу үчүн ар бир өсүүнүн таяныч борборунда суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу, электр энергиясы менен жабдуу, жол инфраструктурасы сыяктуу өнөр жай инфраструктурасы өнүккөн өнөр жай зонасын түзүү | 2025-2030-жылдар мезгилинде | Инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭКМ, Курулуш министрлиги, ИУА |
Өсүүнүн таяныч борборлорунда кыйла натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн айыл чарба кластерлеринин катышуучуларын тартуу менен семинарларды өткөрүү | Жыл сайын | Кластердин "якордук ишканасы" менен кластердин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү жөнгө салынды | САЧКӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Сапат стандарттарына ылайык айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга таасир этүү боюнча инвесторлордун милдеттенмеси жөнүндө талапты инвестициялык макулдашууга киргизүү | 2025-2030-жылдар мезгилинде | Өсүүнүн таяныч борборунун аймагында жайгашкан "якордук ишкананын" эсебинен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ишинин натыйжалуулугу жогорулатылды | САЧКӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Өсүүнүн таяныч борборлорунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 671 "Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылуу | Жыл сайын | Өсүүнүн таяныч борбору үчүн талаптарга ылайык келген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасынын индикаторлору аткарылды | САЧКӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
4 | Креативдүү индустрияларды өнүктүрүү | Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө маалыматтык өнөктүк өткөрүү | Жыл сайын | ЖӨБО, ишкерлер үчүн өсүүнүн таяныч борборлору, Креативдүү индустриялар паркы, креативдүү иш үчүн каралган салык жеңилдиктерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык өнөктүк өткөрүлдү | ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Креативдүү индустриялар ассоциациясынын колдоосу менен Креативдүү индустриялар паркынын режимдери жөнүндө окутууну өткөрүү | Жыл сайын | ЖӨБО, өсүүнүн таяныч борборлорунун ишкерлери үчүн "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу маселеси боюнча семинарлар өткөрүлдү | ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Өсүүнүн таяныч борборунда жеке сектор үчүн креативдүү индустрияларды өнүктүрүү боюнча окутууларды жана консультацияларды уюштуруу | 2025-2030-жылдар мезгилинде | Жыл сайын 50дөн кем эмес адам креативдүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча билимге жана көндүмдөргө ээ болду | КРП облустардагы ЫУӨ, ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Креативдүү индустриялар паркынын катышуучулары болуу ниетин билдирген ишкерлерге даректүү консультациялык колдоону камсыз кылуу | Жыл сайын | Жыл сайын өсүүнүн таяныч борборунун өкүлдөрү Креативдүү индустриялар паркынын катышуучулары болуп калат | ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
3-артыкчылык. Өсүүнүн таяныч борборунун инфраструктурасын жакшыртуу | |||||
5 | Инфраструктура объекттерин каржылоону туруктуу көбөйтүү | Жергиликтүү бюджеттен жана башка булактардан каржылануучу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ар жылдык пландарды иштеп чыгуу | 2025-2030-жылдар мезгилинде | ЖӨБО чечими менен инфраструктуралык долбоорлордун тизмеги бекитилди | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭКМ |
Жыл сайын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде муниципалдык ишканалар үчүн муниципалдык заказды түзүү | 2025-2030-жылдар мезгилинде | Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын 20%ынан кем эмеси инфраструктуралык маселелерди чечүүгө жумшалат. Муниципалдык ишканалардын иши коммерциялык негизге өткөрүлдү | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | ||
6 | Ипотекалык турак жай курулушун өнүктүрүү | Өсүүнүн ар бир таяныч борборунда мамлекеттик ипотекалык кредит үчүн жер тилкесин бөлүп берүү | Жыл сайын | 2027-жылдан баштап 250дөн кем эмес батир жыл сайын өсүүнүн таяныч борборунун жашоочуларына ипотекага берилет | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МИК |
Ипотекалык турак жай курулушу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү менен өсүүнүн таяныч борборунун аймагын зоналарга бөлүүнү бекитүү | 2026-2027-жылдар мезгилинде | Ипотекалык турак жай курулушу үчүн жер тилкелерин ырааттуу жана негиздүү бөлүп берүү үчүн негиз түзүлдү | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
4-артыкчылык. Калкка базалык кызматтарды көрсөтүүнүн экономикалык жактан туруктуу системасын түзүү | |||||
7 | Кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу системасын өркүндөтүү | Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программаларына коммуналдык жана жашоо-тиричилик кызматтарынын башка түрлөрүнө тарифтерди негиздүү эсептөө маселелерин киргизүү | 2026-жылдан баштап туруктуу | Муниципалдык кызматчылардын негиздүү тарифтик саясатты жүргүзүү боюнча потенциалы калыптанды | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), БАЖБА (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген методикалардын негизинде коммуналдык жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнө: ичүүчү суу менен камсыздоо, КТКны чыгаруу жана утилдештирүү, жылуулук менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди кабыл алууну камсыздоо | 2025-жылдын 25-декабры | Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн экономикалык туруктуулугу үчүн негиз түзүлдү | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | ||
Ар бир өсүүнүн таяныч борборлорунда кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү чогултууну эсепке алуу жана жакшыртуу боюнча биллинг системасын киргизүү | 2026-жылдын 25-декабры | Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн туруктуу киреше базасы камсыздалды. Төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджетке жүктөм азайды | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), СӨИТМ | ||
8 | Кызмат көрсөтүүгө жеке секторду тартуу | Өсүүнүн таяныч борборлорунун аймагында "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу | 2026-жылдан баштап туруктуу | Коммерциялык эмес сектор кызмат көрсөтүүгө тартылды | ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Кызмат көрсөтүүгө жеке сектордун катышуусун камсыз кылуу | 2026-жылдан баштап туруктуу | Өсүүнүн таяныч борборунун коммерциялык эмес сектору кызмат көрсөтүүгө тартылды | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Жыл сайын региондук деңгээлде өсүүнүн таяныч борборунун тажрыйбасынын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жеке секторду тартуу тажрыйбасын талкуулоо боюнча семинарларды өткөрүү | 2027-жылдан баштап жыл сайын | ЖӨБО өсүүнүн таяныч борборлорунун тажрыйбасынын негизинде кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө жеке секторду тартат | ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
5-артыкчылык. Өсүүнүн таяныч борборлоруна алдынкы окуу жайларын тартуу | |||||
9 | Өсүүнүн таяныч борборлоруна алдынкы жогорку окуу жайларын тартуу | Өсүүнүн таяныч борборунун аймагына алдынкы окуу жайларын тартуу боюнча конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгуу | 2026-жылдын 4-кварталы | Өсүүнүн таяныч борборунун аймагына алдынкы окуу жайларын тартуу үчүн негиздеме түзүлдү | ИЖБИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Өсүүнүн таяныч борборунда ЖӨБО менен биргеликте билим берүү чөйрөсүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылоону бөлүп берүү менен билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ар жылдык пландарын иштеп чыгуу | 2025-жылдан баштап жыл сайын | Билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүдө мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун өнөктөштүк деңгээли жогорулады | ИЖБИМ, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Жогорку кесиптик билим берүү окуу жайлары үчүн жагымдуу шарттарды көрсөтүү менен өсүүнүн таяныч борборунда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча республикалык деңгээлде семинар өткөрүү | 2027-жылдын 31-декабры | Кыргыз Республикасынын алдынкы жогорку кесиптик билим берүү окуу жайлары өздөрүнүн окуу уюмдарын өсүүнүн таяныч борборунун аймагында жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алышты | ИЖБИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Жыл сайын өсүүнүн таяныч борборунда жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын потенциалынын 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасында белгиленген талаптарга ылайык келишине баалоо жүргүзүү | Жыл сайын 31-мартка чейин | Баалоонун жыйынтыгы боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү кызыкдар тараптардын иш-аракеттерине түзөтүүлөр киргизилди | ИЖБИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
10 | Квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү | Өсүүнүн таяныч борборунда кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын базасында адистерди даярдоо үчүн кыска жана орто мөөнөттүү курстарды түзүү | 2027-жылдын 5-январы | Өсүүнүн таяныч борборунда квалификациялуу адистердин көптөгөн саны түзүлдү, бул өсүүнүн таяныч борборлорунун инвесторлор үчүн жагымдуу болушуна өбөлгө түзөт | ИЖБИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Билим берүү мекемелерин муниципалдык мүлк жеңилдетилген шарттарда берилүүчү мекемелердин тизмегине киргизүү | 2026-жылдын 31-июлу | Кесиптик орто билим берүү окуу жайлары үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен мүлктү алуу үчүн шарттар түзүлдү | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндө МЖӨ долбоорлорун ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү | 2026-жылдан баштап жыл сайын | Жеке сектор квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн кошумча ресурстар менен камсыз кылынды | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИЖБИМ | ||
6-артыкчылык. Жарандарды маданият тармагына тартуу үчүн шарттарды түзүү | |||||
11 | Жарандарды маданият тармагына тартуу үчүн шарттарды түзүү | Маданият тармагында жаңы креативдүү методдорду, анын ичинде маданият тармагындагы МЖӨ долбоорлорун колдонуу боюнча маданият тармагынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча жылына 2ден кем эмес жолу окутуу семинарларын өткөрүү | 2025-жылдан баштап жыл сайын | Алынган билимдер жана көндүмдөр өсүүнүн таяныч борборунун аймагында жарандардын маданият тармагындагы активдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет | ИУА, ММЖСМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Финансы чөйрөсүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программаларына жергиликтүү бюджеттен маданият тармагын субсидиялоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча темаларды киргизүү | 2026-жылдан баштап жыл сайын | Өсүүнүн таяныч борборунда маданият тармагын финансылык колдоонун жаңы методдору киргизилди | ФМ, ММЖСМ | ||
Өсүүнүн таяныч борборунда ЖӨБО менен биргеликте маданият тармагын каржылоону бөлүп берүү менен өсүүнүн таяныч борборун өнүктүрүүнүн ар жылдык пландарын иштеп чыгуу | 2026-жылдан баштап жыл сайын | Маданият тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун өнөктөштүгүнүн деңгээли жогорулады | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММЖСМ, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча | ||
12 | МЖӨнүн негизинде маданият тармагын өнүктүрүү | Өсүүнүн таяныч борбору үчүн маданият тармагындагы МЖӨ долбоорлорун ишке киргизүү боюнча окуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2026-жылдын 31-майы | Демилгелүү жарандар жана уюмдар бийлик органдары менен өнөктөштүктө маданият тармагындагы өз долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алды | ИУА, ММЖСМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Маданият тармагындагы МЖӨнүн конкреттүү долбоорлоруна консультациялык жардам көрсөтүү | 2026-жылдан баштап туруктуу | Өсүүнүн ар бир таяныч борборунда маданият тармагындагы МЖӨ долбоорлору ишке ашырылды | ИУА, ММЖСМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Өсүүнүн таяныч борборунда МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу тажрыйбасы боюнча республикалык деңгээлде семинар өткөрүү | 2027-жылдын 31-декабры | ММЖСМдин аймактык бөлүмдөрү, ЖӨБО өздөрүнүн муниципалитеттеринде маданият тармагындагы МЖӨ долбоорлорунун тажрыйбасын жайылтуу боюнча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алды | ИУА, ММЖСМ | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
СӨИТМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
Курулуш министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖӨБ союзу | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу |
МИК | - | "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК |
МЖӨ | - | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
БАЖБА | - | Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясы". |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасынын ресурстук наркын баалоо
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Өлчөө бирдиги | Каржылоого муктаждык | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
РБ | ЖБ | Башкалар | Бардыгы | РБ | ЖБ | Башкалар | Бардыгы | РБ | ЖБ | Башкалар | Бардыгы | |||||
1-артыкчылык. Өсүүнүн таяныч борборлорунун мастер-пландарын иштеп чыгуу жана региондук өнүктүрүү стандарттарын ишке ашыруу | ||||||||||||||||
1 | ӨТБ үчүн мастер-пландарды түзүү методикасын жана ӨТБ өнүктүрүүнүн стандарттарын бекитүү | ӨТБ үчүн мастер-планды иштеп чыгуу методикасын, анын ичинде ӨТБ өнүктүрүү стандарттарын даярдоо | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 30,0 | 30,0 | 61,2 | 0 | 0 | 61,2 | 0 | 0 | -30,0 | -30,0 |
КРнын облустук борборлорунун биринде | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 125,1 | 129,6 | 0 | 254,7 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
ӨТБ үчүн мастер-планды иштеп чыгуу методикасынын долбоорун тесттен өткөрүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
ӨТБ өнүктүрүү стандарттары каралган мастер-планды иштеп чыгуу методикасын бекитүү | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 12,5 | 0 | 0 | 12,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
2 | ӨТБ мастер-пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү, ӨТБ өнүктүрүү стандарттарын киргизүү жана ишке ашыруу | Бардык облустук маанидеги шаарларда потенциалдуу ӨТБда мастер-пландарды иштеп чыгуу боюнча окутууларды өткөрүү | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 60,0 | 60,0 | 247,7 | 0 | 0 | 247,7 | 0 | 0 | -60,0 | -60,0 |
ЖӨБО аткаруу органдарына ӨТБ мастер-пландарын иштеп чыгуу боюнча консультациялык жардам көрсөтүү | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 62,5 | 0 | 0 | 62,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
КРнын бардык облустук борборлорунун мастер-пландарын бекитүү | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 32,4 | 0 | 32,4 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
ӨТБ өнүктүрүү стандарттарын киргизүү боюнча маалыматтык өнөктүк жана консультацияларды өткөрүү | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 120,0 | 120,0 | 62,5 | 0 | 0 | 62,5 | 0 | 0 | -120,0 | -120,0 | ||
ӨТБ өнүктүрүү стандарттарын, мастер-пландарын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 120,0 | 120,0 | 375,3 | 0 | 0 | 375,3 | 0 | 0 | -120,0 | -120,0 | ||
| Бөлүм боюнча бардыгы: | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 330,0 | 330,0 | 946,8 | 162,0 | 0 | 1108,8 | 0 | 0 | -330,0 | -330,0 | |
2-артыкчылык. Инвесторлорду тартуу жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | ||||||||||||||||
3 | ӨТБга инвестицияларды тартуу үчүн, анын ичинде региондун айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кластердик өндүрүштү түзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | Инвесторлорду тартуу үчүн ар бир ӨТБда суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу, электр энергиясы менен жабдуу, жол инфраструктурасы сыяктуу өнөр жай инфраструктурасы өнүккөн өнөр жай зоналарын түзүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 97,2 | 0 | 97,2 | 0 | 0 | 0 | 0 |
ӨТБда кыйла натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн айыл чарба кластерлеринин катышуучуларын тартуу менен семинарларды өткөрүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 112,8 | 340,2 | 0 | 453,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
Сапат стандарттарына ылайык айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга таасир этүү үчүн инвесторлордун милдеттенмелери жөнүндө талаптарды инвестициялык макулдашууларга киргизүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 113,4 | 0 | 113,4 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
ӨТБда КР МКнын 2023-жылдын 12-декабрындагы № 671 "Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылуу | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 62,5 | 680,4 | 0 | 742,9 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
4 | Креативдүү индустрияларды өнүктүрүү | Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө маалыматтык өнөктүк өткөрүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 60,0 | 60,0 | 78,2 | 0 | 0 | 78,2 | 0 | 0 | -60,0 | -60,0 |
Креативдүү индустриялар ассоциациясынын колдоосу менен Креативдүү индустриялар паркынын режимдери жөнүндө окутууну өткөрүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 60,0 | 60,0 | 78,15 | 0 | 0 | 78,15 |
|
| -60,0 | -60,0 | ||
ӨТБда жеке сектор үчүн креативдүү индустрияларды өнүктүрүү боюнча окутууларды жана консультацияларды уюштуруу | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 120,0 | 120,0 | 31,2 | 45,3 | 0 | 76,5 | 0 | 0 | -120,0 | -120,0 | ||
Креативдүү индустриялар паркынын катышуучулары болуу ниетин билдирген ишкерлерге даректүү консультациялык колдоону камсыз кылуу | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 120,0 | 120,0 | 156,0 | 0 | 0 | 156,0 | 0 | 0 | -120,0 | -120,0 | ||
| Бөлүм боюнча бардыгы | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 300,0 | 300,0 | 518,8 | 1276,5 | 0 | 1795,3 | 0 | 0 | -300,0 | -300,0 | |
3-артыкчылык. ӨТБ инфраструктурасын жакшыртуу | ||||||||||||||||
5 | Инфраструктура объекттерин каржылоону туруктуу көбөйтүү | Жергиликтүү бюджеттен жана башка булактардан каржылануучу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ар жылдык пландарды иштеп чыгуу | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 51,5 | 45,3 | 0 | 96,8 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Ар жылдык негизде инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде муниципалдык ишканалар үчүн муниципалдык заказды түзүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 25,7 | 226,8 | 0 | 252,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
6 | Ипотекалык турак жай курулушун өнүктүрүү | Ар бир ӨТБда мамлекеттик ипотекалык кредит үчүн жер тилкесин бөлүп берүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 64,8 | 0 | 64,8 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Ипотекалык турак жай курулушу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү менен ӨТБ аймагын зоналарга бөлүүнү бекитүү | 2026-2027-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 62,5 | 700,0 | 0 | 762,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| Бөлүм боюнча бардыгы | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 139,7 | 1036,9 | 0 | 1176,6 | 0 | 0 | -200,0 | -200,0 | |
4-артыкчылык. Калкка базалык кызматтарды көрсөтүүнүн экономикалык жактан туруктуу системасын түзүү | ||||||||||||||||
7 | Кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу системасын өркүндөтүү | Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программаларына коммуналдык жана жашоо-тиричилик кызматтарынын башка түрлөрүнө тарифтерди негиздүү эсептөө маселелерин киргизүү | 2026-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 62,5 | 0 | 0 | 65,5 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Бекитилген методикалардын негизинде коммуналдык жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнө: ичүүчү суу менен камсыздоо, КТКны утилдештирүү, жылуулук менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди кабыл алууну камсыздоо | 2025-жыл | миң сом | 0 | 0 | 320,0 | 320,0 | 0 | 453,6 | 0 | 453,6 | 0 | 0 | -320,0 | -320,0 | ||
Ар бир ӨТБда кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү чогултууну эсепке алуу жана жакшыртуу боюнча биллинг системасын киргизүү | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 60,0 | 60,0 | 0 | 226,8 | 0 | 226,8 | 0 | 0 | -60,0 | -60,0 | ||
8 | Кызмат көрсөтүүгө жеке секторду тартуу | ӨТБнын аймагында "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" КРнын Мыйзамынын жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 60,0 | 60,0 | 0 | 226,8 | 0 | 226,8 | 0 | 0 | -60,0 | -60,0 |
Кызмат көрсөтүүгө жеке сектордун катышуусун камсыз кылуу | 2026-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 320,0 | 320,0 | 0 | 453,6 | 0 | 453,6 | 0 | 0 | -320,0 | -320,0 | ||
Жыл сайын региондук деңгээлде ӨТБнын тажрыйбасынын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жеке секторду тартуу тажрыйбасын талкуулоо боюнча семинарларды өткөрүү | 2027-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 400,0 | 400,0 | 123,2 | 0 | 0 | 123,2 | 0 | 0 | -400,0 | -400,0 | ||
| Бөлүм боюнча бардыгы | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 1160,0 | 1160,0 | 185,7 | 1360,8 | 0 | 1546,5 | 0 | 0 | -1160,0 | -1160,0 | |
5-артыкчылык Өсүүнүн таяныч борборлоруна алдынкы окуу жайларын тартуу | ||||||||||||||||
9 | ӨТБга алдынкы жогорку окуу жайларын тартуу | ӨТБнын аймагына алдынкы окуу жайларын тартуу боюнча конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгуу | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 26,1 | 32,4 | 0 | 58,5 | 0 | 0 | 0 | 0 |
ӨТБда ЖӨБО менен биргеликте билим берүү чөйрөсүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылоону бөлүп берүү менен билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ар жылдык пландарын иштеп чыгуу | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 26,1 | 32,4 | 0 | 58,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
Жогорку кесиптик билим берүү окуу жайлары үчүн жагымдуу шарттарды көрсөтүү менен ӨТБда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча республикалык деңгээлде семинар өткөрүү | 2027-жыл | миң сом | 0 | 0 | 200,0 | 200,0 | 52,3 | 0 | 0 | 52,3 | 0 | 0 | -200,0 | -200,0 | ||
Жыл сайын негизде ӨТБда жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын потенциалынын 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда ӨТБ түзүү жана өнүктүрүү программасында белгиленген талаптарга ылайык келишине баалоо жүргүзүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 52,3 | 0 | 0 | 52,3 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
10 | Квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү | ӨТБда кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын базасында адистерди даярдоо үчүн кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү курстарды түзүү | 2027-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 15,7 | 32,4 | 0 | 48,1 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Билим берүү мекемелерин муниципалдык мүлк жеңилдетилген шарттарда берилүүчү мекемелердин тизмегине киргизүү | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 45,3 | 0 | 45,3 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
Атайын орто билим берүү чөйрөсүндө МЖӨ долбоорлорун ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү | 2026-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 26,1 | 226,8 | 0 | 252,9 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| Бөлүм боюнча бардыгы | 2025-2027-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 200,0 | 200,0 | 198,6 | 369,3 | 0 | 567,9 | 0 | 0 | -200,0 | -200,0 | |
6-артыкчылык. Жарандарды маданият тармагына тартуу үчүн шарттарды түзүү | ||||||||||||||||
11 | Жарандарды маданият тармагына тартуу үчүн шарттарды түзүү | Маданият тармагында жаңы креативдүү методдорду, анын ичинде маданият тармагындагы МЖӨ долбоорлорун колдонуу боюнча маданият тармагынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча жылына 2ден кем эмес жолу окутуу семинарларын өткөрүү | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 400,0 | 400,0 | 52,3 | 0 | 0 | 52,3 | 0 | 0 | -400,0 | -400,0 |
Финансы чөйрөсүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программаларына жергиликтүү бюджеттен маданият тармагын субсидиялоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча темаларды киргизүү | 2026-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 60,0 | 60,0 | 52,3 | 0 | 0 | 52,3 | 0 | 0 | -60,0 | -60,0 | ||
ӨТБда ЖӨБО менен биргеликте маданият тармагы үчүн каржылоону бөлүп берүү менен маданият тармагын өнүктүрүүнүн ар жылдык пландарын иштеп чыгуу | 2026-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 52,3 | 45,3 | 0 | 97,7 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
12 | МЖӨ негизинде маданият тармагын өнүктүрүү | ӨТБ үчүн маданият тармагындагы МЖӨ долбоорлорун ишке киргизүү боюнча окуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | -100,0 | -100,0 | 26,1 | 0 | 0 | 26,1 | 0 | 0 | -100,0 | -100,0 |
Маданият тармагындагы МЖӨ конкреттүү долбоорлоруна консультациялык жардам көрсөтүү | 2026-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 200,0 | 200,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | -200,0 | -200,0 | ||
ӨТБда МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу тажрыйбасы боюнча республикалык деңгээлде семинар өткөрүү | 2027-жыл | миң сом | 0 | 0 | 300,0 | 300,0 | 52,3 | 0 | 0 | 52,3 | 0 | 0 | -300,0 | -300,0 | ||
| Бөлүм боюнча бардыгы | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 1060,0 | 1060,0 | 235,3 | 45,3 | 0 | 280,6 | 0 | 0 | -1060,0 | -1060,0 | |
| ЖАЛПЫ: | 2025-2030-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 3050,0 | 3050,0 | 2224,9 | 4250,8 | 0 | 6475,7 | 0 | 0 | -3050,0 | -3050,0 | |
Программанын жалпы ресурстук наркы - 9525,7 миң сом | ||||||||||||||||
Кыскартуулардын тизмеси:
ӨТБ | - | өсүүнүн таяныч борбору |
ЖӨБ | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
МЖӨ |
| мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
РБ | - | республикалык бюджет |
ЖБ | - | жергиликтүү бюджет |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги". |