Редакцияот 06.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 6-июлу № 119/13-28

 

Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин аймагында жайгашкан теректерди кыюуга уруксат берүү жөнүндө

 

Сын-Таш айыл аймагындагы Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин аймагында жайгашкан теректер куурап, коомго коркунуч жаратып жатканына байланыштуу, коопсуздукту камсыздоо иретинде, Сын-Таш айыл Кеңеши

 

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

 

1. Камчыбек Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин аймагында жайгашкан теректерди кыюуга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен макулдашуулар жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

Э.Б.Джолдошбеков