Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-июлундагы №45/VII-29
Нурманбет айыл аймагындагы ичүүчү сууга карызы бар абоненттерге чара көрүү жөнүндө
Суу түтүктөрүнүн туруктуу иштешин камсыз кылуу, абоненттер арасында төлөм тартибин жакшыртуу, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жалпы карызды азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Ичүүчү сууга болгон карызы 5000 (беш миң) сомдон ашкан абоненттерге суу берүү толугу менен тɵлɵнгɵнгɵ чейин убактылуу токтотулсун.
2. «Нурманбет биримдиги» муниципалдык ишканасына кɵрсɵтүлгɵн чектен жогору карызы бар абоненттерге сууну ɵчүрɵɵрүнɵн сунушталганга чейин (беш) жумушчу күндөн кем эмес жазуу түрүндɵ эскертүү берүү берилсин.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.Д. Дуйшенкулова |