Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 21-октябры № 289
Эмгек өргүү жөнүндө
каттын болжолдуу түрүн бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3 -мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 8-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө” токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Эмгек өргүү жөнүндө каттын болжолдуу түрү ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
3. Эмгек чөйрөсүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары А.К. Солтонбековага жүктөлсүн.
Министр |
| К.Л. Сагынбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минстрлигинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 289 буйругуна тиркеме |
Эмгек өргүү жөнүндө каттын болжолдуу түрү
“___” ___________ 20____ жыл № ___________
Ишкананын аталышы ___________________________________________________
Кызматкерге___________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, кесиби)
Эмгек шарттары _______________________________________________________
(нормалдуу, оор, зыяндуу, өзгөчө оор ж.б.)
Эмгек өргүүсү берилсин иштеген жылы үчүн
“___”_________20____жылдын “____”________20____жылга чейинки мезгилге _________ жумушчу (керексизин сызуу керек) күнгө негизги өргүү берилет.___________ иш, календардык күнгө (кереги жок нерсени сызыңыз) негизги өргүү.
Негиз: ________________________________________________________________
(өргүү үчүн негиз)
Кошумча өргүү __________ иш, календардык күнгө (кереги жок нерсени сызыңыз).
Негиз: ________________________________________________________________
(кошумча өргүү үчүн негиз) Жалпысы __________ иш, календардык күнгө (кереги жок нерсени сызыңыз) “___” __________ 20___ жылдан “___” __________ 20___ жылды кошо алганда.
Иш берүүчү (ыйгарым укуктуу кызмат адамы)
__________________
(колу)
Өргүү тууралуу маалымкат менен тааныштым
__________________
(кызматкердин колу)