Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 20-сентябры № 124/14-28

 

Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

 

Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгы жана Элдик Курултайды уюштуру боюнча комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими жана КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык маселени карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кеңеши

 

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

 

1. Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10:00 чакырылсын.

2. Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын курамы калктын санына ылайык - 50 өкүлдөн турары белгиленсин.

3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 16-октябрдан 26-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1 тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормаларын калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.

4. Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуру жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7 адамдан бекитилсин (№2 тиркеме).

5. Бул токтом мамлекеттик реестрга киргизүү жана каттоо үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Жогорудагы токтомдун көзөмөлүн өзүмө калтырам.

 

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

Джолдошбеков Э.Б.

 

 

 

Тиркеме №1

 

Сын-Таш айыл Кеңешинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы №124/14-28 токтому менен бекитилген.

 

Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү жыйындарынын

ГРАФИГИ

 

№

Өткөрүлүүчү орду

Убактысы

Калктын саны

Делегаттардын саны

Жооптуулар

1

Кызыл-Арык

17.10.2023 саат 13:00

918

6

Кучкачев Мелис

Босумбаев Кайырбек

2

Сын-Таш

17.10.2023 саат 14:00

1023

6

Алагушева Назира

Бегалиева Нурзат

3

Тельман

17.10.2023 саат 15:00

1203

7

Сыдыкова Айнура

Рысова Эльмира

Малтаев Максат

4

Ак-Сай

18.10.2023 саат 13:00

957

6

Бегузакова Зарина

 

5

Жетиген

18.10.2023 саат 14:00

1027

6

Женалиев Эдиль

Изенгулов Ренат

Джуманалиева Айчурек

6

Рот-Фронт

18.10.2023 саат14:00

971

6

 Асанбеков Рустам

Мамыралиев Муса

7

Советское

19.10.2023 саат 13:00

1254

7

Арыкбаева Салима

 Сейдивалиев Изат

8

Өтөгөн

19.10.2023 саат 14:00

986

6

Картанбай уулу Ислан

Ченыбаева Нургуль

                                   

Сын-Таш а/К катчысы:

 

Султанова М.К.

 

 

 

 

Тиркеме №2

 

Сын-Таш айыл Кеңешинин

2023-жылдын 20-сентябрындагы

№124/14-28 токтому менен бекитилген.

 

 

Сын-Таш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.

№

ФАА

Кызматы

1

Джолдошбеков Эрик Бейшенбекович

Төрага

2

 Султанова Мээрим Капаровна

Катчы

3

Кадырбек кызы Лира

Мүчө

4

Алтынбеков Адилет Нурланович

Мүчө

5

Осмонов Сааданбек Кубанычбекович

Мүчө

6

Джуманалиева Айчурек

Мүчө

7

 Козубеков Керимбек

Мүчө

 

 

Сын-Таш а/К катчысы:

 

Султанова М.К.