КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-октябры № 706
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу ресурстарын суу пайдалануучулардын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 3-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте 2026-жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик менчикке Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын тизмегине ылайык гидротехникалык курулмалары менен биринчи жана экинчи тартиптеги ички чарбалык ирригациялык каналдарды, декадалык жана суткалык жөнгө салуучу бассейндерди, көлмөлөрдү, насостук станцияларды жана скважиналарды кабыл алсын.”.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен биргеликте ички чарбалык ирригациялык системаларды тейлеген кызматкерлердин штаттык бирдиктеринин санын кайра карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |