Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-октябры № 241
Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин-Тоо” гезити, 2023-жылдын 18-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
33-берененин 1-бөлүгүндө “(ординатура)” деген сөздөр “(интернатура/ординатура)” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин-Тоо” гезити, 2024-жылдын 16-январы, № 4) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
а) 2-бөлүктө “жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү” деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
“3. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдү жүргүзүүгө каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”.
3-берене
“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин-Тоо” гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгүнүн 73-пунктунда “ординатура” деген сөз “интернатура/ординатура” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 19-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда “(ординатура, докторантура)” деген сөздөр “(интернатура/ординатура, докторантура)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Медициналык иштин айрым түрлөрү боюнча жеке медициналык практиканы жүргүзүү укугуна, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээ боло алат. Мында медициналык иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Жеке медициналык практиканы жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”;
4) 80-берененин 3-бөлүгүндө “84-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 90-беренесинин 1-бөлүгүндө” деген сөздөр “85-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 91-беренесинин 1-бөлүгүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 82-берененин 5-бөлүгүндө “84-беренесинин 4-бөлүгүндө, 85 жана 88-беренелеринде” деген сөздөр “85-беренесинин 4-бөлүгүндө, 86 жана 89-беренелеринде” деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 83-берененин 2-бөлүгүндө “66-беренесинде” деген сөздөр “67-беренесинде” деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 85-берененин 5-бөлүгүндө “81-беренесинин” деген сөздөр “82-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 86-беренеде “84-беренесинин” деген сөздөр “85-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 87-берененин 1-бөлүгүндө “87-беренесинин” деген сөздөр “88-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 88-берененин 1-бөлүгүндө “84-беренесинин” деген сөздөр “85-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 89-берененин 1 жана 4-бөлүктөрүндө “84-беренесинин” деген сөздөр “85-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 90-берененин 3 жана 9-бөлүктөрүндө “90-беренесинин” деген сөздөр “91-беренесинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 92-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Социалдык стационардык мекемелерде медициналык-социалдык жардамдын көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”;
14) 123-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“123-берене. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу
1. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн кандын компоненттерине жана препараттарына алмашууда;
2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн жарандарына шашылыш жардам көрсөтүүдө;
3) Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүүдө.
2. Донордук канды жана анын компоненттерин башка мамлекеттерге сатууга тыюу салынат.
3. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.”;
15) 151-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Аттестациялоону жүргүзүү боюнча функцияларды берүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.”;
16) 155-берененин 2-бөлүгүндө “ординатураны” деген сөз “интернатураны/ординатураны” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |