Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-октябры № 2025-П-09/55-2-(НПА)
Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндө күрөөлүк камсыздоонун
максималдуу көлөмүн аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун 41-1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндө күрөөлүк камсыздоонун максималдуу көлөмү күрөөлүк камсыздоонун жалпы көлөмүнө карата төмөнкүдөй пайыздык катышта белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик аукциондорунун алкагында коммерциялык банктарга берилүүчү кредиттер үчүн 70 пайыздан ашык эмес;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик аукциондорунун алкагында коммерциялык банктарга андан ары банк эмес финансы-кредит уюмдарын кредиттөө үчүн берилүүчү кредиттер үчүн 80 пайыздан ашык эмес.
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2025-жылдын 27-октябрында https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=2145&lang=KGZ&material=128402 расмий сайтында жарыяланды
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды жана «Микрофинансылык уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгын, Акча-кредит саясаты башкармалыгын жана Юридика башкармалыгын тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | М. Тургунбаев |