Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2025-жылдын 22-октябры № 10-1/283
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Жер агенттиги) тарабынан көрсөтүлүүчү жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
- “Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү/келишимдери боюнча жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү документти тариздөө” – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 74-пункту, 1-тиркемеге ылайык;
- “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо” – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 75-пункту, 2-тиркемеге ылайык;
- “Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишиминин негизинде кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо” - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 76-пункту, 3-тиркемеге ылайык;
- “Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү” - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 68-пункту, 4-тиркемеге ылайык;
- “Топография-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарды берүү” - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 69-пункту, 5-тиркемеге ылайык;
- “Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү” - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасынын 39-пункту, 6-тиркемеге ылайык;
- “Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү/ келишимдери боюнча жер тилкесин сүрөткө тартууну жүргүзүү” - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 84-пункту, 7-тиркемеге ылайык;
- “Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү/ келишимдери боюнча кыймылсыз мүлк бирдигине номер ыйгаруу (кыймылсыз мүлктү бириктирүүдө же бөлүүдө, кыймылсыз мүлктүн номерин тактоодо)” - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 85-пункту, 8-тиркемеге ылайык;
- “Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү/ келишимдери боюнча мейкиндик, кадастрдык маалыматтарды жана “KyrPos” туруктуу GPS/GNSS станцияларынан маалыматтарды берүү” - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасынын 51-пункту, 9-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгы ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып, үч жумуш күндүн ичинде Жер агенттигинин расмий сайтына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөлөрүн кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине маалымат үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 29-майындагы № 157 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Жер агенттигинин директорунун орун басары Т.Дж. Джеембаевге жүктөлсүн.
Директордун м.у.а. |
| Ж.Т. Токтосунов |