Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-октябры № 684
Өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсеп принциптеринде иштеген мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер тарабынан аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө
Өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсеп принциптеринде иштеген мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер тарабынан аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын түзүүнүн экономикалык негиздүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсеп принциптеринде иштеген мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер тарабынан аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |