Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 684 токтомуна) |
Өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсеп принциптеринде иштеген мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер тарабынан аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын аныктоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсеп принциптеринде иштеген мамлекеттик органдар же мекемелер тарабынан аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсеп принциптеринде иштеген мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин эсебинен жарым-жартылай каржылануучу жана өз кирешелеринин эсебинен жарым-жартылай каржылануучу мамлекеттик органдар жана мамлекеттик мекемелер тарабынан аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын түзүүнүн, макулдашуунун жана бекитүүнүн эрежелерин белгилейт, алар төмөнкүлөргө киргизилген:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри;
2) аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү уруксат документтердин реестри;
3) архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестри;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер тарабынан аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмектери.
2. Бул Тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:
1) өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсеп принциптеринде иштеген мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер - республикалык бюджеттен каражаттарды тартпастан, аны каржылоого багытталган өз кирешелеринин эсебинен өз ишин толук камсыз кылган мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер;
2) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жарым-жартылай жана өз кирешелеринин эсебинен жарым-жартылай каржыланган мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер - өз функцияларын аткаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен финансылык каражаттарды алган жана ошол эле учурда өз ишин каржылоо үчүн пайдаланылуучу кирешелерди алууга укуктуу мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер;
3) рентабелдүүлүк ченеми - иштин (кызмат көрсөтүүнүн) толук өздүк наркына карата пайыздык катышта туюндурулган натыйжалуулуктун көрсөткүчү;
4) пландаштырылган топтоолор - мамлекеттик органды же мамлекеттик мекемени өнүктүрүү үчүн, ошондой эле түз чыгымдарга кирбеген чыгашаларды жабууга арналган нарктын бир бөлүгү.
3. Бул Тартиптин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын негизсиз белгилөөгө жана жогорулатууга жол бербөө жолу менен ишкерлердин жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо;
2) иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын макулдашуу үчүн берилген материалдардын аныктыгы үчүн мамлекеттик органдардын же мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу;
3) мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер тарабынан аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын түзүүнүн бирдиктүү механизмин белгилөө.
4. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын түзүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын эсептөөнүн бирдиктүү эрежелерин белгилөө жана документтер менен ырасталган чыгымдардын негизинде алардын экономикалык негиздүүлүгүн камсыз кылуу;
2) материалдык-техникалык өнүктүрүүгө багытталган пландаштырылган топтоолорду жана рентабелдүүлүк ченемдерин иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына кошуу жолу менен мамлекеттик органдардын же мамлекеттик мекемелердин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу;
3) керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн иштерге (кызмат көрсөтүүлөргө) бирдей шарттарды камсыз кылуу жана бирдиктүү тарифтерди белгилөө.
5. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
1) сумманы жогорулатуу жагына бүтүндөй сомго чейин тегеректөө менен мамлекеттик органдардын же мамлекеттик мекемелердин иш жүзүндөгү чыгымдарын;
2) пландаштырылган топтоолорду;
3) рентабелдүүлүк ченемин.
6. Мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер тарабынан аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш жана жогору турган мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитүү каралган учурларда, нарк монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
7. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын макулдашуу "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат.
8. Мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) бекитилген наркын өздөрүнүн расмий сайттарына жарыялоого, ошондой эле аны керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү жерлерге таанышуу үчүн жайгаштырууга милдеттүү.
9. Мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер ар бир иштин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрү боюнча кирешелердин, чыгашалардын жана пайдаланылган активдердин өз-өзүнчө эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
2-глава. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын макулдашуу үчүн документтерди берүү тартиби
10. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын макулдашуу үчүн монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү эсептик материалдар берилет:
1) коштомо кат (эркин формада);
2) иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруучу органдын кыскача мүнөздөмөсүн, ошондой эле аларды көрсөтүүнүн ченемдик-укуктук негизин камтыган түшүндүрмө кат;
3) иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын прейскурантынын долбоору;
4) прейскурантка киргизилген иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
5) материалдык, эмгектик жана башка чыгымдарды чечмелөө менен иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрлөрү боюнча өздүк нарктын калькуляциясы;
6) иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча суммалык жана сандык туюнтмада колдонуудагы нарктын колдонулушун талдоо;
7) иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын деңгээлин өзгөртүүнүн себептерин негиздөө;
8) атайын эсептер боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасынын иш жүзүндө аткарылышы жөнүндө отчет;
9) колдонуудагы нарктын жана сунушталган долбоордун салыштырма таблицасы;
10) кабыл алынган рентабелдүүлүк көлөмүнүн жана пландаштырылган топтоолордун негиздемеси.
11. Эгерде мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга берген учурда, алар кошумча түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген стандарттарын беришет.
12. Эсептик материалдарды кароонун жүрүшүндө, аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) өзгөчөлүгүнө жараша, нарктын деңгээлин тактоо жана макулдашуу үчүн зарыл болгон төмөнкүдөй кошумча маалыматтар суралышы мүмкүн:
1) атайын эсептер боюнча бухгалтердик отчеттуулук;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык штаттык санды күтүү боюнча чыгаша милдеттенмелерин аткарууга багытталган атайын эсептин каражаттары жөнүндө маалымат;
3) аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) бардык позициялары боюнча тиешелүү жогору турган органдар тарабынан бекитилген убакыт ченемдери (хронометраж актылары, протоколдор), ошондой эле алар өзгөргөн учурда салыштырма таблица;
4) аткарылуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) бардык позициялары боюнча бекитилген ченемдерге ылайык чыгымдалуучу материалдарга кеткен чыгымдардын эсеби;
5) эсептөөгө киргизилген чыгымдалуучу материалдардын наркынын негиздемеси (прайс-барактар, эсеп-фактуралар);
6) колдонуудагы жана долбоорлонгон наркын көрсөтүү менен чыгымдалуучу материалдардын чыгымдарынын салыштырма таблицасы;
7) баланстык наркын жана эскирүү даражасын көрсөтүү менен негизги каражаттардын тизмеги;
8) кошумча чыгашалардын коэффициентин же ченем-сааттын наркын эсептөөгө киргизилүүчү чыгымдардын беренелери боюнча чыгашаларды чечмелөө.
13. Түшүндүрмө кат жана иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын прейскурантынын долбоору мамлекеттик органдын же мамлекеттик мекеменин жетекчисинин колу менен берилет. Эсептик материалдарга ушул органдын иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын долбоорлорун иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн башкармалыгынын (бөлүмүнүн, секторунун) жетекчиси кол коёт.
14. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын макулдашуу үчүн берилген материалдардын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдын же мамлекеттик мекеменин жетекчилерине жүктөлөт.
3-глава. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын макулдашуу тартиби
15. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркы экономикалык жактан негизделген чыгымдарга (иш жүзүндөгү жана/же пландаштырылган), пландаштырылган топтоолорго жана рентабелдүүлүк ченемине жараша түзүлөт, ал ар бир мамлекеттик орган же мамлекеттик мекеме үчүн тармактык өзгөчөлүгүн жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү эске алуу менен жекече аныкталат.
16. Прейскуранттын ар бир позициясы боюнча калькуляциялар чыгымдардын бардык беренелери боюнча кеңири түрдө түзүлөт. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) конкреттүү түрүнө түз чыгымдарды аныктоо мүмкүн болбогон учурда жогору турган мамлекеттик орган тарабынан бекитилген иш жүзүндөгү чыгымдарга жана убакыт ченемине же болбосо акыркы эки жылда иш жүзүндө түзүлгөн убакытка жараша аныкталуучу ченем-сааттын эсептелген наркы колдонулат.
17. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркы төмөнкү беренелер боюнча түзүлөт:
1) материалдык чыгымдар;
2) эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр;
3) иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланылган негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин отчеттук мезгилдеги амортизациясы;
4) иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) көрсөтүүгө катышкан башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү;
5) мезгилдин башталышындагы баланстык (калдык) наркынын 10 пайызы өлчөмүндөгү учурдагы оңдоо;
6) коммуналдык чыгашалар;
7) транспорттук чыгашалар (автомашиналарды оңдоого кеткен чыгымдар транспортко амортизациялык чегерүүлөрдөн орду толтурулат);
8) кошумча чыгашалар;
9) башка чыгымдар;
10) накталай эмес эсептешүүлөрдөгү банктык комиссия (интернет-эквайрингди кошпогондо).
18. Материалдык чыгымдар иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) көрсөтүү үчүн зарыл болгон, башка берүүчүлөрдөн сатып алынган материалдардын наркын кошумча нарк салыгын (КНС) эсепке албастан, ал эми эгерде мамлекеттик орган же мамлекеттик мекеме КНС төлөөчү болсо - КНСти эсепке алуу менен чагылдырат.
19. Эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдарга Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган бардык төлөмдөр (эмгек акы, сыйлыктар, үстөктөр, өргүү акысы, компенсациялар, райондук жана башка коэффициенттер), ошондой эле келишимдер боюнча иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн тартылган штаттан тышкаркы кызматкерлердин эмгек акысы кирет.
20. Социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
21. Негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясы иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууда түздөн-түз колдонулуучу негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер боюнча амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасын чагылдырат, алар белгиленген ченемдерге ылайык же аларды жыл ичинде эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша чегерилет.
22. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына учурдагы оңдоо негизги каражаттардын баланстык наркынын 10 пайызы өлчөмүндө киргизилет.
23. Коммуналдык чыгашаларга электр жана жылуулук энергиясына, суу менен камсыз кылууга, саркынды сууларды чыгарууга, байланыш кызматтарына, анын ичинде интернетке, ошондой эле иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу процессине түздөн-түз байланышкан башка коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө кеткен чыгымдар кирет.
24. Транспорттук чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген ченемдердин чегинде автотранспорт каражаттары үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарга чыгымдарды чагылдырат.
25. Кошумча чыгымдар иштин жыйынтыгына жараша эсептелет жана негизги эмгек акыга карата аныкталат.
26. Башка чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
1) уруксат документтерди алууга чыгашалар;
2) белгиленген тартипте аныкталган ставкалардын чегинде банк кредиттери боюнча төлөмдөр;
3) ченемдик укуктук актыларга ылайык командировкалык чыгымдар;
4) өрт өчүрүү жана күзөт кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө;
5) ижара төлөмдөрү;
6) иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) көрсөтүү үчүн зарыл болгон мезгилдүү, илимий-техникалык жана ченемдик-методикалык адабияттарга жазылуу;
7) кеңсе чыгымдары;
8) баалуулугу төмөн жана тез эскирүүчү буюмдардын эскириши;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар жана башка милдеттүү чегерүүлөр.
27. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркына социалдык төлөмдөр (материалдык жардам, ссудалар, жолдомолор жана башка ушул сыяктуу төлөмдөр), соттук чыгымдар, айып пулдар жана санкциялар, уурдоодон келтирилген зыяндар, өкүлчүлүк жана маданий-эс алуу чыгымдары, ошондой эле иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) көрсөтүүгө түздөн-түз байланышпаган башка чыгымдар кирбейт.
28. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына учурдагы чыгымдарды жабуудан тышкары, пландаштырылган топтоолор жана рентабелдүүлүк ченеми кирет.
29. Пландаштырылган топтоолордун эсебинен алынган акча каражаттары өндүрүштү кеңейтүүгө, жабдууларды модернизациялоого, негизги фонддорду реконструкциялоого жана жүгүртүүдөгү каражаттарды толуктоого багытталышы мүмкүн.
30. Рентабелдүүлүк ченеминин эсебинен алынган акча каражаттары төмөнкү чыгашаларга багытталышы мүмкүн:
1) эгерде бул мамлекеттик органдын же мамлекеттик мекеменин уюштуруу документтеринде каралса, жогору турган мамлекеттик органга чегерүүлөргө;
2) административдик имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону каржылоого;
3) илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоого;
4) инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү каржылоого;
5) адистештирилген жабдууларды жана транспорт каражаттарын сатып алууну кошо алганда, материалдык-техникалык базаны жаңылоого;
6) кызматкерлерге социалдык колдоо көрсөтүүгө - материалдык жардам берүүгө, медициналык камсыздандырууну төлөөгө, санаториялык-курорттук дарыланууга кеткен чыгымдарды компенсациялоого;
7) билим берүү, маданий жана спорттук уюмдарга демөөрчүлүк жардам көрсөтүүгө;
8) мамлекеттик органдын же мамлекеттик мекеменин уюштуруу документтеринде белгиленген ыйгарым укуктарына ылайык иш-чараларды жана милдеттерди каржылоого.
31. Пайдаланылбаган акча каражаттарынын калдыктары кийинки бюджеттик жылга которулат жана анын башталышындагы каражаттардын калдыгы катары эсепке алынат.
32. Жогору турган мамлекеттик орган (борбордук аппарат) рентабелдүүлүк ченеми жана пландаштырылган топтоолордун эсебинен алынган акча каражаттарын ушул Тартипте белгиленген ченемдердин жана чектөөлөрдүн чегинде тескөөгө укуктуу, анын ичинде көрсөтүлгөн акча каражаттарын ушул Тартиптин колдонулушу жайылтылган мамлекеттик органдардын же мамлекеттик мекемелердин ортосунда кайра бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
33. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын берилген долбоорлорун карайт жана аларды ушул Тартипте каралган бардык эсептик жана маалымдама материалдар толук көлөмдө келип түшкөн күндөн тартып 20 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө макулдашат.
34. Эгерде иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын прейскурантынын долбоорунда 20дан ашык позиция болсо, макулдашуу мөөнөтү бардык эсептик жана маалымдама материалдар толук көлөмдө келип түшкөн күндөн тартып 30 жумуш күнгө чейин белгиленет.
35. Бул Тартиптин талаптарын бузуу менен же толук эмес көлөмдө берилген документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жеткире иштеп чыгууга кайтарылат.
36. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын прейскуранты жогору турган мамлекеттик орган же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет жана колдонууга жатат.
37. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын прейскуранты төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө кайра каралууга тийиш:
1) ресурстардын жана материалдардын бааларынын өзгөрүшү алардын арзандашына же кымбатташына алып келгенде;
2) өздүк нарктын түзүмү өзгөргөндө.
38. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын туура түзүлүшүнө жана ушул Тартиптин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
4-глава. Бул Тартипти бузуу үчүн жоопкерчилик
39. Иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын аныктоо жана колдонуу тартибин бузууга төмөнкүлөр кирет:
1) иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) жөнгө салынган бааларын жогорулатуу же төмөндөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кошмо бааларды (үстөктөрдү) колдонуу;
3) иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына иш жүзүндө аткарылбаган же толук эмес көлөмдө аткарылган иштерди киргизүү;
4) чийки заттын, материалдардын жана башка технологиялык өзгөрүүлөрдүн арзандашын эске албастан бааларды түзүү;
5) наркты белгилөөдө (макулдашууда) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркынын, пландаштырылган топтоолордун жана рентабелдүүлүктүн эсебинен алынган каражаттарды багыты боюнча эмес пайдалануу;
6) иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына бекитилген ченемдерден ашкан же акыркы эки жылда иш жүзүндө түзүлгөн чыгашаларды киргизүү;
7) наркты түзүүдө чыгымдардын беренелерин экономикалык жактан негизсиз жогорулатуу;
8) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган көлөмдөргө салыштырганда иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигине иш жүзүндөгү эмгек акынын салыштырма салмагын жогорулатуу же төмөндөтүү;
9) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бааларды белгилөө (макулдашуу) үчүн материалдарды бербөө же аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен берүү;
10) иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленбеген (макулдашылбаган) баалар боюнча ишке ашыруу;
11) жөнгө салынуучу иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча чыгымдарды, кирешелерди жана активдерди өз-өзүнчө эсепке алуунун жоктугу.
40. Ушул Тартипти бузуу менен көрсөтүлгөн иштер (кызмат көрсөтүүлөр) үчүн чыгымдардын беренелеринин эсебинен түзүлгөн каражаттар багыты боюнча эмес пайдаланылган учурда, мындай бузуунун натыйжасында алынган киреше республикалык бюджетке өндүрүп алынууга тийиш. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарына ылайык колдонулат, мында өндүрүп алуунун суммасы багыты боюнча пайдаланылбаган акча каражаттарынын суммасынын 25%ынан ашпоого тийиш.