Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-октябры № 705
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагында “Ак-Буура” чек ара заставасын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-октябрындагы № 01-39/4129 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-октябрындагы № 23-145 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагындагы № 65 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, көп жылдык бак-дарактар ээлеген аянты 1,92 га жер тилкеси “Ак-Буура” чек ара заставасын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу, архитектура жана энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын сактоону;
5) чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
6) тиешелүү аймакта жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |