Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-сентябры № 2025-П-12/49-3-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу";
- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу".
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом, ушул токтомго карата тиркеменин 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктунун он бешинчи, он алтынчы, он жетинчи жана он сегизинчи абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Тургунбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 2025-П-12/49-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо төмөнкү мазмундагы VI глава менен толукталсын:
"VI. Ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар (антифрод)
6.1. Банк ушул главанын талаптарына ылайык ички жана тышкы алдамчылыктарга каршы аракеттерди көрүү (антифрод) системасынын болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
6.2. Ушул главанын талаптары банктык маалымат системаларында ички жана тышкы алдамчылыктарга, анын ичинде банктык маалымат системаларындагы ички жана тышкы алдамчылыктарга каршы аракеттенүү алгоритмдери ушул главанын талаптарына ылайык келбесе, каршы аракеттенүү боюнча негизги механизм катары колдонулат.
6.3. Банк обочо туруп/аралыктан банктык тейлөө системаларында алдамчылыкка каршы аракеттенүү саясатын (мындан ары - Саясат) иштеп чыгууга, ал Директорлор кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны колдонууга киргизүүгө милдеттүү. Саясат өзүнчө документ түрүндө таризделиши же банктын тобокелдиктерди тескөө саясатынын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн.
Саясатта кеминде төмөнкүлөр камтылышы зарыл:
- кардарларды обочо туруп/аралыктан банктык тейлөө системаларында ички жана тышкы алдамчылыктан коргоого артыкчылык берүүсүн тастыктаган жетекчиликтин аракети;
- обочо туруп/аралыктан банктык тейлөө системаларында алдамчылыкты алдын ала аныктоо, эскертүү жана жол бербөө принциптери;
- бааланган тобокелдик деңгээлине шайкеш келген, аныкталган алдамчылык учурларына же аракеттерине шайкеш автоматташтырылган же жарым автоматташтырылган чараларды өз убагында көрүү тартиби;
- алдамчылыкка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аракеттенбей коюулары же талапка ылайык аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн банк кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулуучу жоопкерчилик чаралары, анын ичинде коркунучтарга мониторинг жүргүзүү, каршы аракеттенүү чараларын иштеп чыгуу жана аларды колдонууга киргизүү, ошондой эле инциденттерге карата чара көрүү.
Саясат жыл ичинде кеминде бир жолу кайра каралууга жана актуалдаштырылууга тийиш.
Банктын обочо туруп/аралыктан банктык тейлөө системаларында алдамчылыкка каршы аракеттенүүнү жөнгө салган ички жол-жоболору жана документтери зарылчылыкка жараша, бирок колдонулуп жаткан чаралардын натыйжалуулугун, алдыңкы эл аралык тажрыйбаны жана актуалдуу коркунучтарды эске алуу менен кеминде эки жылда бир жолу кайра каралууга тийиш.
Банк жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорду жана документтерди тобокелдиктерди тескөө системасына интеграциялоого жана банктын тиешелүү кызматкерлеринин бардыгы алар менен таанышуусун камсыз кылууга милдеттүү.
6.4. Банк ички жана тышкы алдамчылыкты алдын алуу үчүн обочо туруп/аралыктан банктык тейлөөнүн маалымат системаларында алдамчылыкка каршы аракеттенүү системаларын колдонууга киргизүүгө милдеттүү. Бул системалар суммасына, үзгүлтүксүздүгүнө жана мурунку транзакциялардын тарыхына карабастан, обочо туруп/аралыктан банктык тейлөө системалары аркылуу жүргүзүлгөн ар бир чыгаша транзакция үчүн алдамчылык тобокелдигине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө тийиш. Бул системаларды эки ыкмада ишке ашырууга жол берилет:
- обочо туруп/аралыктан банктык тейлөөдө колдонулуучу бардык банктык автоматташтырылган системалары менен өз ара иш алып барган өзүнчө, көз карандысыз программалык же программалык-аппараттык комплекс түрүндө;
- алдамчылыкка каршы аракеттенүүнүн адистештирилген модулун түздөн-түз ар бир банктык автоматташтырылган обочо туруп/аралыктан банктык тейлөө системаларына интеграциялоо аркылуу.
6.5. Банктык маалымат системаларында ички жана тышкы алдамчылыктарга каршы аракеттенүү үчүн программалык камсыздоону колдонууда банк Улуттук банкка ишке ашырылган архитектураны, иштөө принциптерин, Жобонун талаптарына ылайык колдонуудагы тобокелдикти баалоо ыкмаларын толук чагылдыруу менен тиешелүү билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
6.6. Обочо туруп/аралыктан тейлөө маалымат системаларындагы ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасы эрежелердин, иштөө моделдеринин, үлгүлөрдүн жана анализдин жыйынтыктарынын негизинде ишке ашырылган ар бир чыгаша транзакцияга карата алдамчылык тобокелдигине баа берүүгө тийиш. Алдамчылык тобокелдигине баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча система төмөнкү үч белгинин кеминде бирин ыйгарууга тийиш:
- төмөн тобокелдик: транзакция коопсуз;
- орточо тобокелдик: транзакция шектүү жана алдамчылыкка жол берилиши мүмкүн;
- жогору тобокелдик: алдамчылык транзакция болуп саналат.
6.7. Кардардын стандарттуу иш-аракетинен олуттуу четтөөнүн же факторлордун жыйындысынын негизинде транзакцияга тобокелдиктин орточо деңгээлин ыйгарууда банк аны милдеттүү түрдө текшерүүгө тийиш. Текшерүү банктын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан автоматтык түрдө же кол менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча банк төмөнкү иш-аракеттердин бирин же бир нечесин аткарууга милдеттүү:
- тобокелдик деңгээлин кайра баалоо жана бүтүмгө жаңы деңгээл ыйгаруу: төмөн же жогорку;
- жогору тобокелдик деңгээлине ээ транзакцияларды талдоодо аныкталган алдамчылык операция белгилери менен толуктоо аркылуу обочо туруп/аралыктан банктык тейлөөдө алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын эрежелерине жана шаблондоруна зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө толук маалыматтын, анын ичинде жыйынтыктардын, алынган маалыматтардын, чечим кабыл алган кызматкерлер жөнүндө маалыматтардын жана аралыктан банктык тейлөөдө алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасында кардарга жөнөтүлгөн билдирмелердин сакталышын камсыз кылууга. Мындай маалымат операция жүргүзүлгөн күндөн тартып кеминде 5 жыл сакталууга тийиш.
6.8. Төмөн тобокелдик деңгээли, колдонуучунун адаттагы иш-аракетине туура келген, андан бир аз гана четтеген же болбосо алгач ыйгарылган орточо тобокелдик деңгээлинен кийин текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн транзакцияларга ыйгарылууга тийиш.
6.9. Банк төмөнкү учурларда банктык эсеп боюнча чыгаша операцияларын 30 күнгө чейин токтото турууга укуктуу:
- ушул Жобонун 6.12-пунктунда белгиленген алдамчылык критерийлерине ылайык келген белгилер аныкталганда;
- кардардан операция өз алдынча ишке ашырылгандыгын так тастыктаган маалымат берилбесе;
- кардардын анын банктык эсеби боюнча алдамчылык иш-аракеттери жүргүзүлгөндүгү жөнүндө билдирүүсү боюнча.
Банк аралыктан банктык тейлөө системаларында жеке адамдар анын банктык эсеби боюнча алдамчылык аракеттери жөнүндө билдирүү мүмкүнчүлүгүн алдын алууга, ошондой эле андан ары укук коргоо органдарына кайрылуу үчүн эсеп боюнча транзакциянын/транзакциялардын көчүрмөсүн түзүүгө тийиш.
Мындай мүмкүнчүлүк төмөнкүлөрдү камсыз кылган өзүнчө функция түрүндө ишке ашырылууга тийиш:
- банктын бөлүмдөрүнө кайрылуусуз эле күнү-түнү жеткиликтүү болушу;
- алдамчылык операциялары жөнүндө билдирүүлөрдү берүү үчүн гана каралган өзүнчө байланыш каналынын болушу;
- транзакциянын төмөнкү негизги параметрлерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен жөнөкөй жана түшүнүктүү билдирүү формасы: даталар, суммалар, алуучунун реквизиттери, жагдайларды сүрөттөө жана далилдердин болушу;
- убактысын жана кардардын идентификаторун белгилөө менен банктын маалымат системаларында билдирүү берүү фактысын автоматтык түрдө каттоо;
- транзакцияны токтотуу жана талдоо жол-жобосун баштоо.
Көрсөтүлгөн функция аркылуу берилген билдирүү токтоосуз каралууга жана транзакцияны баалоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүгө тийиш, андан кийин кардарга көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдалууга, анын ичинде укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталууга тийиш.
Банк кардарга жеткиликтүү байланыш каналдары (мобилдик тиркеме, электрондук почта, кыска билдирүү кызматы (SMS), телефон чалуу жана башкалар) аркылуу операция токтотулгандыгы жөнүндө токтоосуз кабарлоого милдеттүү.
6.10. Транзакцияга алдамчылык тобокелдигинин жогору деңгээли ыйгарылган учурда, обочо туруп/аралыктан банктык тейлөө боюнча маалымат системаларында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү системаларында алдамчылык операцияларын жүргүзүүдө колдонулуучу тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлордун жана атрибуттардын реестрин түзүүгө жана андан ары жүргүзүлүшүн камсыз кылууга милдеттүү. Бул реестрде кеминде төлөм/банк системасынын алуучусунун же жөнөтүүчүсүнүн телефон номери, ID QR, сервистик аты (идентификатору), ошондой эле алдамчылык иш менен байланышкан башка идентификаторлор жана атрибуттар камтылууга тийиш.
6.11. Төмөнкүлөргө байланыштуу жана аралыктан тейлөө системасы аркылуу жүргүзүлгөн бардык транзакциялар алдамчылык тобокелдигин баалоодон өтүүгө тийиш:
- кредиттерди берүүгө;
- төлөм QR-коддорун колдонууга;
- каражаттарды банк ичинде жана банктар аралык которууга;
- "ГРОСС/КЛИРИНГ" системаларын пайдаланууга;
- эл аралык каражаттарды которууга (SWIFT жана башка эл аралык акча которуу системалары);
- накталай акча каражаттарын чыгарып алууга;
- POS-терминалдар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууга;
- каражаттарды виртуалдык актив капчыктарына жана чет өлкөлүк виртуалдык активдердин тооругунун операторунун эсептерине которууга;
- пайдалануучу үчүн мүнөздүү болбогон булактардан карыздарды төлөөгө;
- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн алдын ала төлөнгөн карталарды пайдаланууга;
- депозиттик түзүлүштөр (кэш-ин түзүлүштөр) аркылуу акча каражаттарын чегерүүгө;
- виртуалдык карталарды колдонуу менен ишке ашырылган транзакцияга;
- онлайн-казинонун, оюн сервистеринин жана букмекердик сайттардын эсептерине жана платформаларына которууга;
- алдамчылыкты алдын алуу боюнча өз саясатынын алкагында банк тарабынан аныкталган башка операцияларга.
Банк айкын убакыт ыргагында транзакцияларга мониторинг жүргүзүүгө жооптуу адистештирилген бөлүмдөрдү аныктоого, ошондой эле зарыл болгон учурда жаңы алдамчылык схемаларындагы жана санариптик коопсуздуктагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен тобокелдикке баа берилүүчү операциялардын тизмесин туруктуу негизде карап чыгууга тийиш.
6.12. Транзакцияларды ишке ашырууда алдамчылыктын тобокелдигин баалоо максатында банк транзакцияны шектүү же алдамчылык катары таануу үчүн негиз болуп саналган алдамчылык критерийлерин колдонууга милдеттүү.
Алдамчылык критерийлери бул кардардын стандарттуу активдүүлүгүнөн четтөө жана алдамчылык транзакцияларды ишке ашыруу аракетин билдирген белгилердин жана иш-аракеттер моделинин бири же жыйындысы.
Колдонулуучу алдамчылык критерийлеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш, анын ичинде, бирок төмөнкүлөр менен гана чектелбестен:
- транзакциялардын өзгөчө тез-тез жүргүзүлүшү: кардар тарабынан демилгеленген сыяктуу эле, ал тарабынан алынган транзакциялардын санынын кескин көбөйүшү;
- топтун ашкере жигердүүлүгү: суммасы, алуучусу же түрү боюнча окшош транзакцияларды жүргүзгөн кардарлар тобунун жигердүүлүгүнүн кескин өсүшү;
- транзакциялардын ашкере өлчөмү (суммасы): кардардын адаттагы иш-аракетине ылайык келбеген суммаларга транзакциялар, ошондой эле кардар адаттагыдан башка товарлар/кызмат көрсөтүүлөр категорияларында төлөмдөрдү жүргүзүүсү;
- географиялык абалы боюнча шектүү: географиялык жайгашуусу өзгөчө (IP-дарек), жаңы мобилдик түзүлүш аркылуу катталуу, VPN же прокси серверлерди колдонуу;
- операциялардын адаттагыдан башка убакытта жүргүзүлүшү: кардар транзакцияларды сутка же жума ичинде адаттагыдан башка күнү же убакытта ишке ашыруусу;
- бир нече жолу кирүү аракеттери: системада улам авторизациядан өтүү аракеттери;
- байланыш маалыматын тез-тез өзгөртүү: байланыш маалыматтарын тез-тез өзгөртүү, айрыкча ири транзакциялар алдында;
- белгилүү алдамчылык схемаларына шайкеш келүүсү: транзакциянын белгилүү алдамчылык схемаларынын белгилерине дал келиши;
- транзакциялардын тез-тез кайтарылышы же жокко чыгарылышы: адаттагыдан ашкере кайтарылган же жокко чыгарылган транзакциялар;
- шектүү алуучуларды пайдалануу: шектүү катары идентификацияланган алуучулардын эсептерине каражаттарды которуу;
- каражаттарды көптөгөн алуучуларга бөлүштүрүү: транзакцияларды бөлүштүрүү жана каражаттарды көп сандагы алуучуларга бөлүштүрүү;
- каражаттарды толуктоонун аномалдуу булактары: эсепти ошол кардарга мүнөздүү эмес булактардан толуктоо;
- төлөм инструменттерин тез-тез байлоо жана ажыратуу: байланышкан төлөм карталарын же эсептик каттоо жазууларын тез-тез алмаштыруу;
- жеткиликтүүлүк режиминдеги башкача өзгөрүүлөр: жеткиликтүүлүк режиминдеги өзгөрүүлөр, авторизациялоонун жаңы ыкмаларын киргизүү же ошол кардар үчүн мүнөздүү болбогон кирүү ыкмасын өзгөртүү;
- анкеталык маалыматтардын (үй кожойкеси, жумушсуз ж.б.) транзакциялардын жыштыгына жана суммасына ылайык келбеши;
- кардардын эсеби аркылуу акча каражаттардын бөлүштүрүлүшү же ирилештирилүүсү жана кардардын башка банктагы башка эсептерине тез которуу;
- картадан андан ары чыгаруу менен ар кандай инструменттердин жардамы менен ар кандай адамдар тарабынан толуктоо;
- алдамчылыкты алдын алуу боюнча өз саясатынын алкагында банк тарабынан аныкталган башка критерийлер.
6.13. Тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлорго байланыштуу бардык транзакциялар кардардын тиешелүү эскертүүсү менен четке кагылышы зарыл.
Банк идентификаторлорду тейлөөгө тыюу салынган реестрге киргизүү тартибин, ошондой эле каталар аныкталганда же кардар тарабынан операциянын өз алдынча жүргүзүлгөндүгү тастыкталган учурда жазууларды жокко чыгаруу тартибин жөнгө салган ички жол-жоболорду жана документтерди иштеп чыгууга тийиш.
Транзакциялар кардардын күнөөсү боюнча ишке ашырылган учурларды эске албаганда, банк тарабынан тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлор боюнча транзакцияларды жүргүзүү фактылары, ошондой эле кардар тарабынан ыйгарым укук берилбеген жак тарабынан транзакциялар жүргүзүлгөндүгү фактылары аныкталса же болбосо кредиттерди берүүдө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды бузуу фактылары аныкталса, банк мындай транзакциялардын натыйжасында кардарга келтирилген зыяндын ордун ага кайтарып берүүгө милдеттүү.
Келтирилген зыянды кайтаруу операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге коюлган жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсептелген капитал эсебинен жүргүзүлөт.
6.14. Тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлордун реестри, жергиликтүү жана чет өлкөлүк маалымат каражаттарында, анын ичинде белгиленген тартипте катталган тармактык басылмаларда жарыялоолорду же шектүү операция фактылары боюнча бир түрдүү кардарлардан түшкөн кайрылууларды талдоонун натыйжасында мамлекеттик органдардан жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан алынган кардар идентификаторунун алдамчылык мүнөзү жөнүндө ишенимдүү маалыматтын негизинде банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан кол менен толукталышы мүмкүн.
6.15. Тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлордун реестри банк кызматкерлеринин жана үчүнчү жактардын санкциясыз кийлигишүүсүнө жол берилбей, жазуулардын бүтүндүгүн камсыз кылуу менен корголууга тийиш.
Реестрге банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлерине гана көп факторлуу аутентификацияны колдонуу менен кирүүгө уруксат берилет. Системадагы бардык өзгөртүүлөр жооптуу адамды, өзгөртүү киргизилген убакытты жана оңдоолордун негиздерин көрсөтүү менен окуяларды каттоо журналында катталууга тийиш. Окуяларды каттоо журналындагы маалыматтар кеминде 5 жыл сакталышы зарыл.
6.16. Банк алдамчылыкка каршы чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү системаларын, анын ичинде төмөнкү көрсөткүчтөрдү иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө тийиш:
- кийин алдамчылык катары тастыкталган, бөгөттөлгөн шектүү операциялардын үлүшү (Precision);
- жаңылыш иштелген транзакциялардын үлүшү (жаңылыш бөгөттөлгөн транзакциялар) (False positive rate);
- бардык тастыкталган учурлардын арасында өткөрүп жиберилген алдамчылык операцияларынын үлүшү (Recall);
- инцидентти аныктоонун орточо убактысы (Mean time to detect);
- инцидентке карата чара көрүүнүн орточо убактысы (Mean time to respond);
- аныкталган жана документтештирилген алдамчылык ыкмаларынын саны;
- кардарлардын тажрыйбасынын жана системанын так иштөө көрсөткүчү, анын ичинде кайтарым байланыштын ылдамдыгы жана жаңылыш бөгөттөө учурунда кардардын пайдасына алгылыксыз жагдайларды чечүү пайызы;
- тыюу салынган идентификаторлор реестрин жүргүзүүнүн сапат көрсөткүчү (актуалдуулугу, толуктугу, өз убагында жаңыртылышы).
Натыйжалуулукту баалоо жыйынтыктары документ түрүндө даярдалууга жана Улуттук банкка чейрек ичинде кеминде 1 (бир) жолу берилүүгө тийиш.
6.17. Банк ички жана тышкы алдамчылыкка каршы чара көрүү системаларынын натыйжалуулугун, тактыгын жана жаңы коркунучтарга туруктуулугун баалоо үчүн үзгүлтүксүз негизде тесттен өткөрүп турууга тийиш.
Тестирлөө жылына кеминде бир жолу, ошондой эле системага олуттуу өзгөртүүлөр киргизилгенде жүргүзүлөт.
Төмөнкү тесттер милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш:
- системанын туруктуулугун жана натыйжалуулугун баалоо максатында, кардарлардын жогору милдеттенмелерин жана адаттагыдан башкача иш-аракеттеринин моделин түзүү аркылуу стресс-тестирлөө;
- коопсуздукту бузуп кирүүгө тестирлөө;
- алдамчылыктын актуалдуу ыкмаларынын негизинде жаңы алгоритмдерди тестирлөө.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча банк 30 жумуш күнү ичинде аныкталган жогорку деңгээлдеги кооптуу чабал жактарын жоюу үчүн тиешелүү калыбына келтирүү чараларын иштеп чыгып, колдонууга киргизүүгө тийиш, башка учурларда - 60 жумуш күнү ичинде. Мөөнөттөр банктын техникалык корутундусунун негизинде узартылышы мүмкүн.
Банк тестирлөөнүн жыйынтыгын документ түрүндө даярдап, аларды жыл сайын Улуттук банкка сунуштоого тийиш.
Тестирлөө боюнча документтер кеминде 5 жыл сакталууга тийиш.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоо төмөнкү мазмундагы 22-5-пункт менен толукталсын:
"22-5. Чыгаша операциясы алдамчылык мүнөзүнө ээ экендиги мүмкүндүгү белгилери аныкталган учурда, банк мындай операцияны 30 (отуз) күнгө чейинки мөөнөткө токтото турууга укуктуу.
Көрсөтүлгөн белгилерди аныктоо тартиби, операцияларды токтото туруу жана кайра баштоо алгоритми ички жана тышкы алдамчылыкка (антифрод) каршы туруу системаларынын иштешине минималдуу талаптар белгиленген Улуттук банктын ченемдик укуктук документтеринде белгиленет.".