Редакцияот 26.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

2022-жылдын 26-январы № 22

 

Бирлик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы аткарган иштери жана 2022-жылга карата аткарылуучу иштеринин пландары жөнүндө

Күн тартибиндеги биринчи-маселеде Ж.Маканбаевдин 2021-жылдагы аткарган иштерин жана 2022-жылга карата аткарылуучу иштердин пландарын угуп жана талкуулап Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бирлик айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдагы аткарган иштери канаатандырарлык деп белгиленсин.

 

2. Бирлик айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын иш планы алымча-кошумчасы жана толуктоолору менен бекитилсин.

 

Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Каламов