Редакцияот 03.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

2022-жылдын 26-январы № 23

Бирлик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2022- жылга бюджетин бекитүү жана 2023-2024 жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп,бюджет жана экономика комитетинде каралып,талкуулангандыгын эске алып, каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи Ө. Шералиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бирлик айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү 14816,6 мин сом,чыгашалар бөлүгү 15563,9 мин сом өлчөмүндө аткарылган отчёту жактырылсын.

2. Бирлик айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 12110,9 мин сом өлчөмүндө № 1- тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет).

3. Бирлик айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 12110,9 мин сом өлчөмүндө № 2- тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2- тиркеме тиркелет).

4. Бирлик айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен долбоор 2023-жылга керешелер жана чыгашалар 12279,8 мин сом өлчөмүндө № 3- тиркемеге ылайык, 2024-жылга керешелер жана чыгашалар 12402,8 мин сом өлчөмүндө № 4-тиркемеге ылайык жактырылсын. (№3-4- тиркеме тиркелет).

5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак-аш, комуналдык кызмат беренелерине) жүргүзүлсүн.

6. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйүшү мүмкүн.

7. Бирлик айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жылдык бюджети, 2022-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Каламов