Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-августу № 60
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сокулук, Ысык-Ата, Москва, Өзгөн, Ноокен, Аксы жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 7 Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 8 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 8-августундагы № 8 Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 9 Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңештери боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-августундагы № 8 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 7-августундагы № 10 Баткен облусунун Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек айылдык кеңеши боюнча депутат каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 8-августундагы № 4 чечими.
3) Жеке арызынын негизинде Баткен облусунун Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңеши боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 7-августундагы № 10 чечими.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 7 Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 8-августундагы № 8 Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 9 Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңештери боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-августундагы № 8 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 8-августундагы № 4 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 7-августундагы № 10 Баткен облусунун Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Сокулук, Ысык-Ата, Москва, Өзгөн, Ноокен, Аксы жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Сокулук, Москва, Өзгөн, Ноокен, Аксы жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Сокулук, Москва, Өзгөн, Ноокен, Аксы жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 19-августундагы № 62 (3718) жарыяланды
Төрага |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 60 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
1 | Сокулук АШК, № 7, 30.07.2025-ж. (21.07.2025-ж., өз арызы) | Сары-Өзөн айылдык (№ 5 Сары-Өзөн шайлоо округу ) | Долоталиев Манас Джолдошбекович |
Ысык-Ата району | |||
2 | Ысык-Ата АШК, № 8, 30.07.2025-ж. (21.07.2025-ж., өз арызы) | Узун-Кыр айылдык (№ 3 шайлоо округу) | Гаук Александра Васильевна |
Москва району | |||
3 | Москва АШК, № 8, 08.08.2025-ж. (04.08.2025-ж., өз арызы) | Миң-Булак айылдык (№ 6 шайлоо округу) | Лугма Паншер Ибларович |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
4 | Өзгөн АШК, № 9, 31.07.2025-ж. (24.07.2025-ж., өз арызы) | Кызыл-Октябрь айылдык (№ 3 Кызыл-Сеңир шайлоо округу) | Мурзанбетов Акжол Абдашимович |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
5 | Ноокен АШК, № 8, 05.08.2025-ж. (30.07.2025-ж., өз арызы) | Момбеков айылдык (№ 3 Чек шайлоо округу) | Тажик уулу Максаткул |
Аксы району | |||
6 | Аксы АШК, № 4, 08.08.2025-ж. (Каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0319774 күбөлүгү Аксы райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 29.07.2025-жылдын берилген) | Сары-Челек айылдык (№ 1 Мукур шайлоо округу) | Узенбай уулу Улан |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
7 | Баткен АШК, № 10, 07.08.2025-ж. (28.07.2025-ж., өз арызы) | Алтын-Бешика айылдык (№ 5 Сай шайлоо округу) | Мамырова Шайыргүл Мамытовна |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М. Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К. Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У. Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 60 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
1 | Баткен АШК, № 10, 07.08.2025-ж. (04.08.2025-ж., өз арызы) | Алтын-Бешик айылдык (№ 5 Сай шайлоо округу) | Закиров Бадал Абдугапарович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М. Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К. Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У. Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 60 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Сокулук АШК, № 7, 30.07.2025-ж. (22.07.2025-ж., өз арызы) | Сары-Өзөн айылдык (№ 5 Сары-Өзөн шайлоо округу ) | Анарбек кызы Гулира | Мугалим |
Москва району | ||||
2 | Москва АШК, № 8, 08.08.2025-ж. (08.08.2025-ж., өз арызы) | Миң-Булак айылдык (№ 6 шайлоо округу) | Маслянов Мухамед Идрисович | Жеке ишкер |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
3 | Өзгөн АШК, № 10, 31.07.2025-ж. (30.07.2025-ж., өз арызы) | Кызыл-Октябрь айылдык (№ 3 Кызыл-Сеңир шайлоо округу) | Мурзакаримов Баяс Камчыбекович | Жеке ишкер |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
4 | Ноокен АШК, № 8, 05.08.2025-ж. (04.08.2025-ж., өз арызы) | Момбеков айылдык (№ 3 Чек шайлоо округу) | Урбаев Зайирбек Кадырович | № 21 "Кызгалдак" балдар бакчасында кароолчу |
Аксы району | ||||
5 | Аксы АШК, № 4, 08.08.2025-ж. (07.08.2025-ж., өз арызы) | Сары-Челек айылдык (№ 3 Чек шайлоо округу) | Нурматов Дурусбек Турдубаевич | Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтери |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
6 | Баткен АШК, № 10, 07.08.2025-ж. (06.08.2025-ж., өз арызы) | Алтын-Бешик айылдык (№ 5 Сай шайлоо округу) | Мадеминов Жылдызбек Иматалиевич | Убактылуу иштебейт |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М. Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К. Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У. Темирбеков |