Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2025-жылдын 23-октябры № 228
2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө словакия тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |