БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2022-жылдын 26-январы № 26
Бирлик айыл аймагындагы мыйзамсыз өз алдынча үй куруп алган турак -жайларды жана жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 30.11.2021-жылдагы № 25-4846. Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин 10.12.2021-жылдагы протоколдук тапшырмасына жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровдун 2022-жылдын 10-январындагы №1 тескемесин,Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 14-январындагы № 01-12/8 сандуу телефонограммасын аткаруу максатында жана Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагындагы айыл чарба категориясындагы (айдоо-сугат,айдоо кайрак, көп жылдык бак,жайыт,кысыр аңыз жана ж.б) жер аянттарына өз алдынча курулган турак-жай үйлөрдү мыйзамдаштыруу жагы жактырылсын.
2. Бирлик айыл аймагындагы өз алдынча курулган турак-жай үйлөрдү жана участкаларын ээлеген жалпы 198,50 га жер аянттын “Айыл чарба жерлери”категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
3. “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которуу менен ар бир атуулга 0.15 га чейин жер аянты берилээри белгиленсин.
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
С.Каламов |