Редакцияот 15.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 15-октябры № 2025-П-12/52-3-(НПА)

 

"Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо бекитилсин (кошо тиркелет).

2. Юридика башкармалыгы:

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом, "Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кире турган 6-9-пункттарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.

5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу

 

М. Аттокуров